Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Тамак — аштын көркү

Баш барак | Бала гигиенасы жана тамактануусу | Тамак — аштын көркү

Тамактын көрүнүшү кишиге чоң таасир этет. Эгерде тамак - аш кир идишке салынса, кир дасторкондо турса кишинин жүрөгү айланат, ал эми жагымдуу көрүнүш тамак сиңирүүнү ылдамдатат жана жакшыртат. Ошондуктан тамакты даярдоонун, тамактануунун биринчи эрежеси-тазалык. Тазалык ден-соолукка гана пайдалуу болбостон, тамактын көркүн да ачат. Илгертеден бери адам баласы тамак-ашты кооздоп келе жатат, анткени мындай көрүнүш тамак сиңирүүгө оң таасирин тийгизгенин байкашкан. Ар кандай жыттуу чөптөрдү (пияз, сарымсак, зире, ашкөк, райхан жана башкалар) тамакка кошкондо даамдуу болот. Ошону менен бирге жыттар мурдубузга таасир этип тамак сиңирүүгө көмөктөшөт.

Жайгаштыруу: 2016-06-09, Көрүүлөр: 696, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-06-09
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу