Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Тамак-аштын мааниси

Баш барак | Бала гигиенасы жана тамактануусу | Тамак-аштын мааниси

Жашаш үчүн ар бир тирүү организм тамактанып айлана чөйрөдөгү болгон керектүү заттар менен камсыздалат. Тамак - аштагы белоктор, майлар, углеводдор, суу, минералдык туздар жана витаминдер азык заттар деп аталат. Азык заттар организмде негизинен эки кызматты аткарат. Биринчиден тамак-аштын заттары үзгүлтүксүз ажырап кайра синтезделип турат. Тамак-аш менен келген заттар организмге сиңгенде сакталат же алардан жаңы клеткалар курулат. Бул азык - заттардын (пластикалык) курулуш кызматы.

Организмди куруучу клеткалар карып өлүмгө дуушар болот, азык заттардын пластикалык кызматы өлгөн клеткалардын ордун жаңы клеткалар ээлегенге алып келет. Тамак-аштагы органикалык заттар организм үчүн бөтөн заттар болгон соң тиричилик процесстерге катышышы үчүн жөнөкөй заттарга ажырайт. Органикалык заттар ажыраганда энергия бөлүнүп чыгат, бул азык заттардын энергиялык кызматы. Бир дагы тиричилик процесстери энергиясыз жүрбөгөн соң, азык заттардын энергиялык кызматы организмди керектүү энергия менен жабдыйт. Бирок тамак-аштын курамында азык заттардан башка аш болбогон заттар да бар. Акыркы мезгилде мындай заттардын саны көбөйүүдө.

Булар тамак-ашты бузулуудан сактаган ар кандай консерванттар, тамак-ашка жагымдуу түстөрдү берүүчү түстүү боёктор, тамак-аштын керектүү касиеттерин аныктоочу баласттык (кошумча) заттар.

Жайгаштыруу: 2016-06-09, Көрүүлөр: 1903, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-06-09
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо