Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Тамак сиңирүү

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Тамак сиңирүү

Силер денеңерде кандай ашкана жайгашканын оюңарга да албасаңар керек. Кишинин организмине өзгөчө даярдалган тамак-аш керек. Жеген тамагыңар пайда келтирсин үчүн оозуңарга түшкөндүн баары - картошка жана ботко, котлет жана нан, май жана алма сиңирилиши керек, андан кийин гана ал канга кошулуп, бүт денеге тарайт. Бул үчүн адамга тамак сиңирүү органдары (ички ашкана) кызмат кылат. Ооз - ички ашкананын баштапкы бөлүгү. Даамдуу тамакты көрөрүңөр менен анын жыты мурдуңарга келип, оозуңарда шилекей пайда болот. Шилекей оозго түшкөн тамакты нымдап, суулап туруш керек. Антпесе, тамакты чайноо жана жутуу кыйын болмок.

Нымдалып, чайналып майдаланган тамак-аш кызыл өңгөч аркылуу ашкананын экинчи бөлүгүнө - карынга түшөт. Карындын капталдарында өзгөчө бездер бар. Буга тамак келип түшкөндө бездерден кычкыл зил бөлүнүп чыгып, ал белоктун молекулаларын ажыратат. Баарынан кызыгы бул: силер бир тиштем нанды чайнай баштаганда эле карын безинен аны сиңире тургандай өлчөмдөгү жана курамдагы зил бөлүнүп чыга баштайт. Бардыгы ушунчалык чеберлик менен макулдашылгандай. Силердин ичиңердеги ашпозчулар эмне иштерин өздөрү эле билет.

Тамак канчалык чүйгүн, жыттуу болсо шилекей жана карындан зил ошончо көп бөлүнүп чыгат. Демек тамак тез сиңип, организмге көп пайда келтирет. Эгер тамак ичип жатканда башка ишке алаксып, мисалы, кызууланып сүйлөп же китеп окусаңар зил аз чыгып, же такыр чыкпай да калышы мүмкүн. Карын мезгил-мезгили менен жыйрылып, тамактын чала синирилген бир бөлүгүн ичегиге жылдырып турат. Ичеги ички ашкананын эң узун бөлүгү. Анын узундугу 8 метрдей болот. Карында ботко болгон тамак ичегинин ийри-буйру коридору аркылуу жылат. Анын ар кайсы жеринен түрдүү зилдер бөлүнүп чыгып, тамактын калганынан белок, углевод жана майларды сиңирет.

Алар ичегинин капталдарына сиңип, кан аркылуу дененин бүт бөлүгүнө тарайт. Бардык тамакты жакшылап чайнап жутуу зарыл. Чала чайналган тамак карынга күч келтирет. Тамакты ашыкча жеш да зыян. Анда тамак сиңбей карынга жыйыла берет да, анын кесепетинен ичтеги ашпозчулардын иши бузулат. Ошондо алардын ишин жөнгө салуу үчүн дарыланууга туура келет.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 720, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу