Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Тамактануунун эрежеси

Баш барак | Бала гигиенасы жана тамактануусу | Тамактануунун эрежеси

“Коомдогу мамилелер” деген теманы өткөндө адаттар, нормалар жөнүндө түшүнүк пайда болот. Ар бир адам адаттарга ээ болсо, анда өзүнүн жүрүш-турушун коомдук нормаларга шайкештеп, коомдо өзүн-өзү жакшы сезет. Ал эми адаттар калыптаныш үчүн жүрүш-туруштун белгилүү эрежелерин билип көздөсө анда адамда көнүмүш, андан ары адат калыптанат. Тамактануу да жүрүш-туруштун бир көрүнүшү болгон соң, анын да эрежелери бар. Ошолорду эне - ата өзүлөрү билип колдонуп, балдарынын келечеги жөнүндө ойлонууга тийиш. Тамактануунун негизги эрежелери: Дайыма: - Тамактануунун алдында колду жууш керек; - Тамакты шашпай, оозун жаап, жакшы чайнап жутуш зарыл; - Көрүнгөн жерде эмес, дасторкондун үстүндө жеттти керек; - Кашык, айры (вилка) жана бычак менен туура колдонууга үйрөнүп пайдаланышы керек; - Тарелкага тамакты жей алган өлчөмдө гана салышы дурус;-Тарелкага салынган тамакты жеп бүтүрүү зарыл; - Тамакты ичип жатканда оозун колу менен эмес, атайын суулук, салфетка менен аарчууга тийиш;-Тамактангандан кийин тамак даярдап берген кишиге, мейли ата-энесине, бир туугандарга рахмат айтышы зарыл Эч качан: - Тамак ичкиң келбегенде жебе; - Тамактануу убагында сүйлөшүп, китеп окуп алаксыба; - Басып жүрүп тамактанба; -“Өзүң тойсоң да, көзүң тойбосо”, ашыкча тамак ичпегенге аракет кыл; - Идиш менен ойнобо; - Таттуу нерсени башка тамактарды жеп бүтмөйүнчө жебе; - Тамакты ичип бүтмөйүнчө, чоң кишилердин уруксаатысыз басып кетпе; - Тамактанып бүткөндө тамакты өзүң менен алып кетпе; - Тамакты жерге түшүрбө, түшүрсөң жебе, себеби булганып калды; Эстен чыгарба: - Дасторкондун ортосунда кишилердин баарына коюлган тамакты өзүңдүн кашыгың, вилкаң менен жегенге болбойт, ал үчүн атайын кашык бар, ошону менен өзүңдүн идишиңе салып, кайра кашыкты ордуна коюп кой; - Башка бирөө, мейли сенин жакындарың болсо да, ичкен, жеген идиш менен колдонгон туура эмес; - Өзүңдүн багыңда, огородуңда өскөн жемиштерди, жашылчаларды жууш зарыл; - Чуркагандан кийин же кыймылдуу оюндардан кийин ошол замат суу ичпеш керек; - Кайнатылбаган сууну ичүүгө болбойт.

Жайгаштыруу: 2016-06-09, Көрүүлөр: 6753, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-06-09, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу