Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Тамактануунун гигиенасы

Баш барак | Бала гигиенасы жана тамактануусу | Тамактануунун гигиенасы

“Аппетит менен жейт” - десе тамакты ырахаттанып жакшы жейт дегенин түшүнөбүз. Аппетит - латынчадан которгондо “каалоо”, “жутунуу” дегенди түшүндүрөт. “Даамдуу” жакшы жасалган тамак табити ачат. Тамакты жегенде даамды се. зиттт керек. Эгер киши табит менен жесе анын карынынын керегелери чың, зил чыгарышы мол болот. Шашып жеген тамактын ырахаты болбойт, зил аз бөлүнүп чыгат. Даам билүү органдарынын зил чыгаруудагы ролу чоң. Табитке бүт организмдин абалы таасир кылат. Чаалыгуу ар түрдүү түйшүктөр, капалануу, ачуулануу, коркуу, чыр - чатактар, сыркоолор мээдеги даам борборлорунун ишин басаңдатат.

Бир күчтүү туюнуу борборунун пайда болушу экинчи борбордун туюмун мокотот. Ошондуктан бир жаман кабар укканда табит жоголушу мүмкүн. Сыркоолуу, алсыздаган кишилердин нерв борборунун туюнушу начар болот. Табиттин пайда болгону демек оорунун чегиниши деген болот. Табитке суунун таасири зор. Суу карын бездерин дүүлүктүрүп, табитти жогорулатат. Тамак жегенде ченемди билүү жана туура тамактануу адамга пайдалуу. Биздин жашоо тажрыйбабыз жана окумуштуулардын физиологиялык изилдөөлөрү төрт маал тамактануу нормалдуу экенин көрсөтөт.

Тамак жегенде ченемди бил, анткени аша тоюу зыян. Май тканынын өсүшү менен байланышкан ашыкча салмак ден-соолукту бузат: жүрөккө артык баш күч келет, өпкөнүн иштөөсү начарлайт, эрте картаюуга алып келет.

Жайгаштыруу: 2016-06-09, Көрүүлөр: 1709, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-06-09
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо