Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Тапу

Баш барак | Кыргызстандын тарыхы | Тапу

Андан отуз жыл өтпөй, бая тыйпыл жоголду деген кыргыз кагандарынын эрлери жетилип, кайрадан башы биригип, урматы өсүп, туусун оболотуп, черүү күтүп калган. Нечен кылымдар бою тарыхта аты өчпөгөн кыргыздардын зоболосу көтөрүлүп, маданияты өскөн, гүлдөгөн доору, кой үстүнө торгой уялаган заманы энесай мезгили, "Тапу"

Алп Сол Ата кагандыкка келген учуру. Бул кезде кыргыздар Борбордук Азиядагы көп көчмөн уруулардын ичинен башы эрте биригип, Кытай сыяктуу чоң өлкө менен соода-сатык, маданий байланыш жасап, салтты катуу кармаган, күчтүү аскер кол күткөн, жазуусу чыккан, Теңирчилик динине ишенип, бакшылык да күч алган жана рухий маданияты түптөлгөн ордолуу журт болуп калган. Мурда Түрк каганаттыгы Борбордук Азияда чамгарактаса, эми Уйгур каганаты кыргыздардын чекесине чыккан чыйкан болду. Уйгур кагандыгына кыргыздар оор салык төлөөр эле. Кагандык басып алган уруулардан олжо алып, салык менен гана чектелген эмес, алар ошол элдин кулк мүнөзүн, динин, адат - салтын өзгөртүүгө, уйгурча сүйлөөгө, жашоого мажбурлаган.



Уйгур кагандыгынын негизги дин ишеними манихейчилик эле. Кыргыз бабаларынын башына кандай оор күндөр түшпөдү. Не деген апат күндөрдү өткөрбөдү. Далай күчтүү императорлор, кагандар кыргыздарды чапты. Канча кыргыз тукумун курут кылдык дегени менен кыргыздар тымызын аккан булактай кайрадан жанданып чыгат. Жыйырма жылдан кийин кайрадан жаңы муун жетилгенде баягы кыргыздар карт тарыхта башын көтөргөн экен. Теңир колдогон, кудуреттүү эл таш жарып чыккан арча тамырына окшоп жер үстүндө кайрадан пайда болду. Бара-бара сай-сайлаган кыргыздар баш кошуп, журту түптөлдү. Бая атасыз калган жетимдер эр жетилди. Ордо курула баштады. Эми алым-салыктардын оордугу жанга баткан, ата кегин кууйм деп намысына кирген кыргыздар көчкүдөй сүрдүү, күчтүү эле.



Хан көтөрүү салты. 818-жылы энесай кыргыздары "Тапу" Алп Солду каадалуу кагандыкка көтөрүшөт. Көчмөн уруулардын каган көтөрүүсү эски салтты сактап, нарктуу өткөрүлгөн. Жан-жөөкөрлөрү Алп Солдун башына оюу-кыюулары алтындан басылган ак калпак кийгизип, мойнуна жибек ороп, белине алтын кемер курчап, шаан-шөкөт менен ак кийизге отургузуп, катар тизилип жарданып турган калктын кыйкырык-сүрөөнү, айгайлаган кубаттоосу, жалпы ырдын коштоосунда күн батышты карай тогуз жолу айланта көтөрүп чыгышты. Акбоз атка минген ажонун мойнундагы чубалган жибек тасманы кагандын жолу деп тартышты. Анан каган элди канча жыл башкарарын, кагандык жарлыгын айтат. Бул анын элге айткан анты эле. Атайы жакшылыкка арналып багылган жылкы үйүрүндөгү кызыл бээни садага чабышат. Мурунку бабалардын жолуч улап, кайран Көгмөн жерин кайрадан эби менен ээлеген, жети өзөндө кыргызды эптеп жүрүп эл кылган, тентигенин жыйып журт кылган Алп Сол баатыр эле. Алп Сол каган Көгмөндү илгертен ыйык ата конушу деп ардактаган. Ордо корук менен тостурган.



Башка башчылары үчүн үч канат, беш канат үйлөрдө, хан ордосун айланта курчап жайгашкан. Хандын он канат боз үйүн алтын боз үй дешчү, көп жасалгалары алтын күмүштөн эле. Мындай чоң ордо метече (мийджи) деп аталган. Кыргыз каганы душманга каршы шаарга, айыл четине жана белгилүү жерлерге жаа түрүндө чеп курду, чептин сыртына терең аң казып, ага суу толтурулду. Алп Сол Ата бейпил күндө көптүн тилине кирген, элди колго ала билген, боорукер, сабырдуу, сүрдүү, сөзгө чебер, көсөм эле. Ал уйгур, кытай, түрк тилдерин билген, жазууларын окуган, далай динди түшүнгөн. Жаш кезинен бедизчиликти үйрөнгөн. Кыш күндөрү суусар тебетей, жайкысын алтын түймөлүү, тик төбөлүү, кайырма ак калпак кийген, белине өткүр шамшар байланган. Эл башына кыйынчылык түшкөн күндө көкүрөгүн окко тоскон, кара жанын канжыгага байлаган, калкым дегенде жалтанбас жанкечти эле.



Ал тегерегиндеги алдуу-күчтүү кагандыктар, боордоштор менен күлүк ат, тулпар, куш тартуулап, куда сөөк, дос-тамыр күтүп, камыр-жумур мамиле кылган. Анын бир аялы тибеттик кол башчы кызы, бири карлуктардын йабгусунун кызы болгон, экөөнү тең миң жылкыдан калың берип алган. "Тапу" Алп Солдун он короо кою, сансыз жылкысы болгон. Алп Сол каган ар бир уруу жана тайпалардын башчы акылмандарын ордого жыйып, элдин абалын, адам менен малдын санын, азайып-көбөйгөнүнүн эсебин алчу. Андан кийин улуттук оюндар, майрам үч күнгө созулчу. Калайык өз мекенинин ыйыктыгын жана аны коргоону сезди, кубаттуу аскер күттү. Кагандын бийлиги ыйык болду. Эл ичи аймактарга бөлүндү, салыктар убагында чогулду, олжо-белектер түшүп турду жана кыргыздар башка уруулар менен соода-сатыкка ээн-эркин өтө баштады. Энесайлыктардын турмушу аябай эле оңолду, мырзалар, байлар жана боз үйлөр көбөйдү. Уюк Туран деген байдын 6000 жылкысы болгон. Барлак, Элегей, Ачур деген байлардын малдары сансыз эле. Булардын дайыны таштагы рун жазууларда сакталган.



Кыргыздардын байып, башка эл менен ынтымак мамилесине, алым-салык төлөбөй, баш бербей кеткенине ичи тарыган уйгур каганы Бао-Инин жинденип, кыргыздарга улам кол жиберип, чабуул коюп турду. Алп Сол каган кыргыз хандыгын чыңдады, Миң-Суунун чет жакасындагы майда уруктардын башын бириктирди, мамлекеттик бийликти борборлоштурду, 100 миңге жетээр кол күттү, аскер тартибин, жоокерлик өнөрүн, өлкөнү башкарууну кайрадан жаңыча түздү. Зирек каган кыргыздын тың уулдарын Кытайдан, Уйгур кагандыгынан, Тибеттен окутту, өнөр, кесипти үйрөттү. Эстүүлөрү өнөр, тил үйрөнүп, башка элдин жакшы салт, маданиятын билип келишти. Кыргыздар боз үйдөгү кампаны сыртка кенен салышты, сугатчылык жүргүзүштү, букаралар карапа бышыруу, темир эритүүнү өркүндөтүштү, чоң кайыктарды жасашты. Күн чыгыштан Күн батышка чейинки жерлерге даңазасы улуу коңгуроодой угулуп турган айкөл Алп Сол Хан Ата 22 жылдай алтын тактыда отурду. Кыргыз ажосунун даңазасы Алтайдан Теңир Тоого, Алайга жетти. Акындар кыргыз каганы - акылман, баатыры жөнүндө дастан, ыр, күү чыгарышты. Акыры жүз миң атчан аскери бар Алп Сол каган өткөндөгү өчүбүздү алабыз деп 200 миң аскерлүү Уйгур кагандыгына кандуу казатка аттанды.



Айлакер Алп Сол хан бул казатка катуу даярданган эле. Ал майданды өзү башкарды. Жоокерлердин көбү ар кайсы уруулардын башчыларынын балдары эле. Каган алдында барымтага келгендердин көбү он башы (он беги), жүз башы (жүз беги), миң башы (миң беги) кызматын аткарышкан. Аларды "Турнак" деген наам менен чакырышкан. Кокус ушу кепилдикке келген балдардын аталары, уруулары Кыргыз кагандыгына каршы козголоң чыгарса же жоого бирге жоокер чыгарбай чогуу аттанбаса, кара ниет иш жасашса, баягы ак жүрөктөнгөндөрдүн балдарынын (турнактардын) башы алынган. Кыргыздар он беш күндүк жол басып, уйгурлардын хан ордосу Орхондогу 125 жыл турган Кара Корумдун (Кара Баласагун) ар кайсы дарбазасынан чабуул койду. Айгышкан Кызыл кыргын, кара сүргүн, майкан башталды. Бири-биринин согуш өнөрүн билген атчан жоокерлер катуу кагылышка кабылды. Кыргыз жоокерлери согушта каза тапканды эрдик дешээр эле. Байыркы кыргыздар рун күлпөң таш жазууларында согуш менен өлүм жөнүндө кыска, даана жана акылмандай ыр менен сүрөттөшкөн:

"Каның суудай акты,

Сөөгүң тоо болуп жатты.

Бек уулдарың кул болду,

Күлгүн кызың күң болду.

Тизелүүнү бүктүрдүк,

Баштууну эңкейттик".

Тарыхта биринчи жолу Уйгур каганаты катуу талкаланды. Кыргыздар колуна курал кармабаган кары-картаңга, аял-балдарга тийбеди, Таң сулалесинин императору кыргыздардын жана Кытай падышачылыгына умтулган жон билгилигине ыраазы боло "Кыргыздардын сыйлыктары жөнүндө" деген бир сүрөттүү китеп жазууга жарлык түшүрдү. Китептин кириш сөзүн Таң сулалесинин баш вазири Лий Дейи өзү жазган. 846-жылы Таң Вузуң элчиси Лий Шини кыргыз кагандыгына көп белек тартуулап аттандырат. Алп Сол каганга "Цзун-ин-Сюн-у Чен-Мин Каган" ("Ата бабасы баатыр, өзү адал жүрөк каган") деген атак ыйгарган, чөлкөмүн кеңейткен. Элчи менен кошо Тан, падышасы кыргыз каганына кат жолдогон. Кыргыз ажосу Алп Сол Хан Ата 847-жылы а дүйнө кеткен. Кыргыз акылмандары, кол башчылары акылдашып Алп Сол Кагандын сөөгүн кийин жат жоо кордобосун деп, амал-айла ойлоп, момуя менен арчанын ширесине катырды, кабырын терең каздырып, чарайнасын жакуттан коюп, чекебелин таш менен көтөрттү, жан кишиге айтпай, жат көзгө билдирбей, жашыруун тулпары менен кошо асемдеп көмүшкөн, үстүнөн сан жылкыны кайра-кайра өткөрүп, биротоло жик билгизбей жерди таптатып салышкан, Андан тай чабым жердеги талаа-түз көрүнгөн төө өркөч тоонун үстүнө Алп Сол хан Атага өзүнчө таш менен бышкан кыштан ибадаткана салышкан.



Төбөсүн жука карапа менен жаап, тегерегине терең аң казып, суу толтурган. Ибадаткананын ичине бабалар аскага чегилген сүрөт-жазууларын, тамга-белгилерин чегишкен. Калайык журт көп чогулса ибадаткананын сыртында сыйынышкан. Кыргыздар жат душман көрсүн деп Алп Сол кагандын сөөгүнүн ордуна жалган тулу өрттөшкөн. Энесайлыктардын салты боюнча ибадаткананын алдына укурук бою таш айкелин тургузган. Кыргыздар мурдатан адатка айланган түрк менен уйгурлардын салтын бузду, жеңилген кагандардын балбал эстеликтерин Хан Атанын катарына койбоду. Алп Сол кагандын катарына анын эрдик менен курман болгон баатырларынын балбалы тизилди. "Тапу" Алп Сол кагандын кабырынын алдына эки кочкордун жана ташбаканын бедизи чегилип коюлду. Ал кездеги Кытай жана азиялык көчмөн элдеринде, урууларында ташбаканын айкели узак өмүрдү жана түбөлүк жашоонун каймана маанисин түшүндүрчү.

Бедизчи таш бетине Алп Солго айтылган керээз кошокту чекти, Кыргыздар уйгурларды жеңгенден кийин хандык ордосун Энесай боюнан Селенга дайрасына жакын Туман аймагына (Таннуолага), эзелки жерине Монголияга кайрадан көчүрдү. Кыргыздардын Уйгур кагандыгын талкалаган Алп Сол Хан Ата жөнүндө элдик таланттар аңыз, дастандар, күүлөрдү чыгарышты. Кыргыздын улуу эпосунун алгачкы башаты ушул Уйгур кагандыгы менен болгон чоң казаттан кийин айтыла башталса керек. 840-жылдагы улуу майдандын окуясын эң алгачкы кыргыз сүрөтчүлөрү, бедизчилери Монголиядагы Чыгыш Гоби аймагындагы Барун Бичигдин аскасына кыргыз баатырларынын сүрөттөрүн чеккен экен. Андагы чегүү ыкмасы, жоокердик кийми, ат жабдыктары жана өң-алаты кудум эле кыргыз жоокерине куюп койгондой окшош. Ушул ташка тартылган сүрөттө "Тапу" Алп Сол Атанын кебетеси болушу ыктымал.

Жайгаштыруу: 2017-08-15, Көрүүлөр: 815, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-08-15
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо