Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Тараза жана букачар

Баш барак | Гороскоп | Тараза жана букачар

Бул түгөйлөр мамилелерин бири-бирине сөйкөнүп жана өзүлөрүн өзгөртүү менен акырындык менен курат. Букачарларга Таразалардын жашоого болгон көз карашы жакпайт. Ошону менен бирге өзүнүн жашоого көз карашы өнөктөшүнө жагабы же жакпабы, аны көп ойлобойт. Таразалар Букачарлардан керектүү деңгээлдеги жашоо шартын талап кылып, андай жашоону камсыздоо үчүн Букачарлар өз мүмкүнчүлүгүнүн чегинде эмгектенет.



Букачарлардын достук жөнүндөгү түшүнүгү Таразалардыкына караганда ичкерээк келип, алар Таразалар менен болгон мамилесин өз чектерине кыпчып жиберүүгө аракеттенет. Бир жагынан, Букачарлар мамилелерде ак ниет жана кызуу кандуу, ал эми Таразаларга салкындык жана кандайдыр бир болунгондук таандык. Сүйүп калган Букачар ойго келгис иш-аракеттерге барышы мүмкүн, Таразалар болсо Букачарлардын күч-кубатын туура багытка бурууга аракет кылат.



Таразалар коомдогу ийгиликтерге умтулат. Букачарлар болсо ийгиликтерге жол салат. Өнөктөштөрдүн экөө тең көркөм жашоону жактырат, ошондуктан болгон күч-кубаты менен материалдык абалын жакшыртуу үчүн эмгектенишет. Булар, акча-каражаттарын биргелешип табышып, биргелешип коротот. Бирок, түгөйлөрдүн гармониялуулугу качан бирөө (же экөө тең) социалдык бийиктикке жеткиче өнүгөт. Качан умтулуулар түгөнгөндө, бул түгөйлөр бири-биринен ажырап кетет.



Бул биримдикте эркек-киши Тараза жана аял-киши Букачар болгондо бул биримдик ийгиликтүүрөөк болот. Мында аялы күйөөсүнүн кызыкчылыгы менен жашайт же күйөөсү аялына карьерада жана үй-бүлөөдө ийгиликтерге жетүүсүнө жардам берет. Эгер абал тескери болуп, аялы киши Тараза жана эркек киши букачар болсо, мамилелер анча жылуу болбойт. Эгер Букачар жетишээрлик чыдамкай жана эмгекчил болсо - Тараза-аял ага эсеп аркылуу күйөөгө чыгышы мүмкүн. Бирок, ушундай өз башын ойлонуу менен түзүлгөн мамилелер көпкө созулбай, ак ниетсиздиктин жана өз ара шектенүүлөрдүн күчү менен урайт.



Тилекке каршы, Букачарлардын үй-бүлөөнү камсыздандырууга жумшаган куч-аракетине карабай, Таразалар социалдык бийик деңгээлди ээлеген, мамилечил өнөктөшгө кызыгып кетүүсү мүмкүн. Бир нече убакыт Букачарлар өз өнөктөшү үчүн күрөшүүгө аракет кылат, бирок, бир убакта булар мындай күрөштөн чарчап, көнүлүн жер шарынын башка өкүлүнө бурат. Ошондо Тараза менен Букачардын мамилелери аягына чыгат.



Букачар жана Тараза тандеми көркөм жана бай жашашы мүмкүн. Экөө тең эстетиканы баалап, исскустводо суудагы балыктай, бул өз учурунда биримдиктин дагы бир фактору болуусу зарыл. Булардын чындыкты кабыл алуусу жана көркөмдүктү түшүнүүсү окшош.



Букачарлар да, Таразалар да сүйүүнүн жана сулуулуктун планетасы Венеранын колдоосунда болот. Планетанын таасири жаатындагы кандай гана иш болбосун, түгөйлөргө мамилелердин гармониясын алып келет. Ошондуктан бул тугойлордун окуясы шарттан тышкаркы болуп, жакшы сценарийде өнүгүшү мүмкүн. Андай болбосо, Венера планетасы оркоюууларды түздөп, өз жардамын көрсөтөт.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 1081, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу