Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Тараза жылдызы

Баш барак | Гороскоп | Тараза жылдызы

Таразалар - демилгелүү, принципиалдуу жана эстүү зодиак белгиси. Кандайдыр бир шармга ээ болуп, башкалар тарабынан таанууга мажбур, ошондуктан айланасындагылардын баарына жагууга умтулат. Өтө активдүү эмес Таразалар, көп учурда иш-аракетин аягына чейин чыгара албайт. Ушуну менен бирге алардын өз индивидуалдыгын сактоо шарты менен шериктеш болууга муктаждыгы көрүнүп турат. Бирок, булардын өтө активдүү эместиги, алардын жалкоо экенин айтпайт.

Бул аба белгиси бийик интеллектуалдык деңгээлге ээ болуп, дайыма жаңы билимдин жана идеянын изденүүсүндө болот. Айланасындагы болуп жаткан окуяларды туура баамдоо менен Таразалар айланасындагыларга өз кеңешин айтып жана оор суроолорду чечүүдө жардам берип, адилеттүү чечүүчүнүн ролунда болот.

Адилеттүүлүк сезими Таразаларга ак ниеттүү болууга мүмкүндүк берип, өз шериктештеринен ошондой мамилени күтөт. Бул зодиак белгиси ак ниет жана чынчыл белги. Ыкыластуу жана акыл-эстүү Таразалар өзгөчө эстетикалык баалуулуктардын сезимине ээ.

[ushka=seredina]

Башкалардын көңүлүн алууга умтулуу менен, таразалар көп учурда чектен өтүп, өз индивидуалдыгын унутуп коет. Ынтымактын атмосферасын жасоого аракеттенүү менен бирге, жөн эле кыялдана бербестен, Таразаларга эптүү болууга жана көбүрөөк иш-аракеттерди жасоого умтуулусу керек.

Бул сентименталдуу адамдар өзгөчө гипер-элестетүү сезимине ээ. Көңүлү жумшак болуп, бул өзгөчөлүгү көптөгөн адамдар менен тил табышууга жардам берет. Жалгыздыктан коркуп, алар бирөөлөр менен баарлашуу мүмкүнчүлүгүн колунан чыгарбоого аракет кылат.

Көп учурда Таразалар өз кызыкчылыгына эмес, көпчүлүктүн пайдасына чечим кабыл алат. Буларга өзүн жакшы көргөндү жана чечим кабыл алууда жыйынтыктардан коркпостон бекем болуусу зарыл.

Таразалар бирдей деңгээлде жылдыздуу жана боорукер, ошондой эле караңгы жана пассивдүү болот. Бул өзгөрмөлүк башкалардан мурда, өзүлөрүн да таң калтырат.

Баардык жагынан тең салмактуулукка умтулуу менен, Таразалар кез-кез дүрбөлөң жана кыжырлануу менен коштолуучу депрессияга чөмүлүшү мүмкүн. Көп учурда чечкиндүү эмес абалда болуп, бир учурда кандайдыр бир чечимди кабыл алууга аларга оңой болбойт, өзгөчө ал чечим өзүлөрүнө тиешелүү болсо. Мындай маанайдын жана абалдын алмашуусу - Таразалар үчүн жөндөгүдөй абал болуп саналат.

Бардык макулдуктарды жана каршылыктарды, варианттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү таразалоо, Тараза белгисиндегилерде көп убакытты талап кылышы мүмкүн, анткени булар мындай абалда көп убакыт болуп, өз чечиминен адашып кетиши мүмкүн.

Таразалар дайыма туураланган жана тең салмакталган абалга зарыл болот, ошону менен алар ачык-айкындыкка жана мыктылыкка умтулушат.

Таразалардын негизги мүнөздөрү:

  1. Шериктешсиз, кол жоктой.
  2. Уруш-талаштар - эң жаман.
  3. Макул болуу менен утууга жетиш.
  4. Кеселесоолор гана принципиалдуу болот.
  5. Кимди гана болбосун, кайда гана болбосун, тартып кетем.
  6. Сулуулук - дүйнөнү сактап калат.
  7. Баардыгын маанайга жараша жасаш керек.
  8. 8.Эң оор - тандоо.
  9. Баардыгына чекит коё бербеш керек.
  10. Кээде мен ак тараптабы же кызыл тарапта экенимди өзүм да билбейм.

Тараза жылдызынын айкалышуулары

Жайгаштыруу: 2017-05-21, Көрүүлөр: 14839, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2019-01-29
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо