Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Тарбиялоо процессин психологиялык мүнөздөө

Л. С. Выготский, тарбиянын максаты бул индивиддин чөйрөгө ылайыкташуусу эмес, бул өзүнүн чөйрөсүнөн алысты караган адамды өстүруү, деп аныктаган. Ар бир учур тарбиялоонун максатын өзүнүн көз карашы боюнча чагылдырат, бирок педагогдордун бардыгы максатка жетүү үчүн бирдей механизмдерди пайдаланганы оң: бул бала аракеттенген "тарбиялоо чөйрөсү, башкача айтканда "тарбиялоо шартын" пландын негизинде ниеттенүү менен максаттуу уюштуруу керек. Тарбиялоодо баланын атайын, максатуу, ылайыкташтырып уюштурулган чөйрөдө өзүнүн кыймыл аракеттенүүсү, активдүүлүгү, реалдуу билимдерге, ыкмаларга, жөндөмдүүлүктөргө, адаттарга ээ болууга алып келет. Л. С. Выготскийдин көз карашы боюнча, педагогикалык процесстеги чоң адамдар тарбиялык эки ролго ээ: 1. аң-сезимдүү өзүн түзмө түз таасирден четтеткен, тарбиялоо чөйрөсүн уюштуруучу; 2. тарбиялоо чөйрөсүнүн бир бөлүгү болуу менен, анын эң активдүү фактору.

Экинчи ролу тарбиялык максатка жетүү үчүн педагогдун ролу олуттуу. Бирок тарбиялык максатты ишке ашырууда педагогдун инсандык өзгөчөлүгү демилге берүүсү мүмкүн, ошону менен катар тоскоолдуктарды да жаратышы мүмкүн. Демек ар бир учурда тарбиялык максатты коюу менен, тарбиялоодо катышкан чондордун белгилүү салымына муктаж. Л. С. Выготскийдин тарбиялоого болгон дагы бир эмгеги бул баланын катышуучу катары өз алдынча кызыгуусу.

Эгерде, тарбиячы түрткү болгон баланын иш-аракетиндеги заттар кызыктырбаса, тарбиялык максатка жетүү кыйын. Тарбиялоо психологиясы башка илимдер менен байланышта, инсандын, жүрүм-турумдагы нормасынан четке чыгуусуна алып келген, жетшпсиздиктеринин психологиялык-педагогикалык жана социалдык-психологиялык себептеринин пайда болуусун, аларды алдын алууда жана коррекциялоодо психологиялык шарттарын жана факторлорун, кайра тарбиялоо процессинин мыйзам ченемдүүлүктөрүн изилдөөнүн, тарбиялык таасирлердин эффективдүү методдорунун жана формаларынын психологиялык критерийлерин издөөгө, иштеп чыгууга жолдойт. Тарбиялоо адамдын татаал, көп кырдуу, диалектикалык бирибирине карама-каршы келген калыптануу процесси. Инсандын түзүлүшү да, мазмуну да татаал, анын калыптанцуу факторлору менен шарттары бир жакту эмес, ар түрдүү, ошону менен катар өсүп келе жаткан адамдын организми да татаал жана көңүлү тез ооруучу.

Адамдын физикалык өнүгүүсү менен инсандын өнүгүү жана калыптануу процесси диалектикалык байланышта болушат. Изилдөөлөрдө адамдын дене түзүлүшү менен темпераменти байланышта экендиги аныкталган. Жаш адамдын сырткы келбети, бою, салмагы анын жүрүм-турумунун, мүнөзүнүн калыптануусуна таасир этет.

Демек, педагогикалык таасирлердин каражаттарын тандоодо жана анын эффективдүүлүгүн баалоодо бул байланыштарды эске алуу зарыл. Тарбиялоо процессинин өзүндө да карама-каршылыктарды белгилөөгө болот. Мисалы, улуу адам менен өспүрүмдүн баалуулук багыттарындагы, дүйнөнү түшүнүүдөгү айырмачылыктар. Анын негизинде улуулар менен кичүүлөрдүн ортосунда чырдашуулар пайда болот.

Өсүп келе жаткан адамда өз алдынчалуулукка умтулуу менен анын калыптануу процессин педагогикалык жөнгө салуу, аны жалпы коомдун талаптын нугуна баштоо зарылдыгы ортосунда да карама-каршылыктар белгиленет. Бул карама-каршылыктар тарбиялоону терең кароо менен максатуу багыттоону талап кылат. Тарбиялоо атайын уюштурулган педагогикалык шартта гана өтпөстөн атайын уюштурулбаган учурда да өтүүчү процесс.

Ддамды куурчап тургандын бардыгы тарбиялайт. Бирок максатуу тарбиялоо, биринчиден, адамга таасир берүүчү атайын шарттарды жана методдорду түзүүгө жана, экинчиден, атайын уюшулбаган шарттарды тарбиялык максатта колдонууга, алардын терс таасир этүүсүнө каршы турууга мүмкүндүк түзөт. Тарбиялоодо дайыма тарбиячы жана тарбиялануучу, коллектив жана анын өз алдынча мүчөлөрү өз ара мамилешүүдө болушат.

Тарбиялануучу педагогикалык таасирдин пассивдүү объектисинен эмес. Тарбиялануучу таасирлердин негизинде өзгөрүү менен, аңсезимдүү же аң-сезимсиз педагогдорго же коллективге, аларды тарбиялоонун мазмунуна жана каражаттарына өзгөрүүлөрдү киргизүүгө мажбур кылып, таасир бере башташат. Тарбиялануучу өсүп-өнүгүп жана өзүн инсан катары аң-сезимдүү кароо менен, барабара өзүн өзү өзгөртө баштайтАнда адамдарга аны курчаган айлана чөйрөдөгү көптөгөн кубулуштарга, чындыкка болгон өзүнүн көз карашы калыптанат. Ал мамлекеттин ички жана сырткы саясатындагы татаал маселелерди чечүүгө, түшүнүүгө аракеттенет. Баалулуктарды кайра баалоо да мүнөздүү.

Эми бала кезиндеги чындык катары кабыл алынгандар, айрым учурларда сындык анализдерге дуушар боло башташат. Кичинекей кезинде бала атасынын айткандарынын бардыгына ишене турган болсо, чоңойгондо кемчилдиктерди көрүп, биле баштайт. Тарбиялоо психологиясы өсүп келе жаткан адамдагы өзгөрүүлөрдү, анын мүнөзүн, адаттарынын, керектөөлөрүнүн калыптануу өзгөчөлүктөрүн жана мыйзам ченемдүүлүктөрүн, жүрүм-турумдарынын ыктарын жана мотивдерин, жаңы сезимдерин жана мамилелерин, анын дүйнөгө болгон көз караштарынын калыптануу мыйзам ченемдүүлүктөрүн, башкача айтканда аалам жөнүндөгү жалпыланган илимий биримдиктерди, укуктук жана нравалык нормаларды, социалдык жана гуманистик баалуулуктарды же болбосо турмуштан адамдын жүрүм-турум жолдорун аныктоочу жактарын, анын өзүнүн өзүнө жана коомго болгон мамилесинин бардык жактарын изилдейт. Тарбиялоо психологиясынын көнүл борборунда инсан жана анын калыптандыруучу чөйрө менен байланыштары болот. АС. Макаренко (40) тарбиялоонун максаты деп кенен формада түшүнгөн инсандын адамдык программасын, адамдык мүнөздүн программасын аныктаган.

Бирок, тилекке каршы илим инсандык калыптануунун психологиялык-педагогикалык так программа түзө албады, бирок тарбияга кандайдыр бир мамилелерди түзүү жагы жалпысынан иштелип чыккан. Дал ушундай өзгөчөлүк көптөгөн педагогдордо кыйынчылыктарды жаратат. А. С. Макаренконун, тарбиялоонун негизги принциби катары караган талаптарынын бири бул окуучуну сыйлоо менен ага жогорку талаптын коюлуусунун биримдиги.

Окуучуга, дайым эле максаттуу жана кезектүү болбогон, талаптар көп эле коюлат. А бирок окуучунун инсандык өзгөчөлүктөрүн сыйлоо бардык педагогдордун иш-аракетиндеги кыйшаюусуз принциптеринин бири болгон жок. Өспүрүмгө, анын күчүнө жана мүмкүнчүлөрүнө ишенбөөчүлүк мисалдар аз эмес. Б. а. кээ бир тарбиячылар автаритардык стилде жетектөөнү, окуучуну басмырлоону колодонушат. Аны оюн катары кароону, айрым учурда окуучуну кемсинтүүнү да колдонгондугун белгилөөгө болот.

Окуучуну сыйлоо-бул ага ишенүү, аны адам, инсаы катары кабыл алуу, ага адептүү мамиле кылуу. Кээ бир чоңдор балага адепсиз мамиле жасоо менен, өзүнүн маданиятсыздыгын көрсөтүшөт. Мындай педагогдор өспүрүмдү педагоикалык таасирлердин объектиси катары көрүшөт. Бул чоң адамдын бөбөк мезгилинен баштап калыптанган инсандык өзгөчөлүктөрү десе да болот. Демек, тарбиячы өзүнүн инсандык сапаттарына көнүл буруусун унутбоосу керек.

Же болбосо, тарбиячы-педагогжалпы психологияны, тарбиялоо психологияны жана тарбиялануучунун индивидуалдуу өзгөчөлүктөрүн билбесе, интуитивдүү, өзүнүң тажрыйбасына гана ишенип иш жүргүзөт да тиешелүү болгон педагогикалык натыйжаларга жетбейт. Айрым учурда тарбиялоо продессинин уюштуруучуларынын жана жетекчилеринин тапкан чараларынын эффективдүүлүгүнүн, аягында педагогикалык жыйынтыктын негизинде аныктабастан, анын сырткы жасалгоолору менен белгилешет. Демек, тарбиялык таасирлердин пайдалуу коэффициентин алдын ала билген оң.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)