Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Ташрабат кербен сарайы

Ташрабат кербен сарайы – Кыргызстандын керемет жайларынын бири. Ташрабат кербен сарайы Нарын областынын Атбашыайлынан 78 чакырым(батышта), Нарын-Торугат автомабиль жолунан 18 чакырым(түштүк тарапта) ыраакта, Каракоюн капчыгайындагы суунун боюнда орун алган.

3900 метр бийиктиктеги Каракоюн капчыгайын өрдөп кеткен жол ак кар, көк музга чулганып жүрүп отурат. Капчыгайдагы аскалар бул аймакка кардын калың түшүшүнө жол бербей тургандыктан, карандай суук күндөр көп болот. Ошентсе да, бул жерде кыш мезгили октябрдын жарымынан эле башталып, апрель айына чейин – 50 градуска жеткен суук болот. Жай айларында деле капчыгай ичи жылып кетпейт, көбүнчө түнкүсүн суук болуп, күндүз абанын температурасы 20 градус жылуу болуп турат. Күндүн биринчи эле нурлары Ташрабатты жылытып, жаркытып турганы менен, кербен сарайдын кээ бир болмөлөрү караңгылкка чулганып турганы турган. Негизинен Ташрабат кербен сарайы 31 бөлмөдөн турат. Сарайдын ичине киргенде аңгыраган залынын диаметри 9,32 метрди, ал эми туурасы 8,5 метрди түзөт. Сарайдын дубалы ар кандай таштардан жонулуп, ылайга отургузулуп курулган. Таштардын көлөмү жерпайдан жогору карай майдаланып журуп отурат. Босогону аттагандан кийин 3 кароол бөлмого өтөсүн, алар дубалдын чыгыш тарабынан орун алып, мунаралар менен бекемделген. Сарайдын ичинде ашканадан тартып атканага чейин бар.

Орус окумуштуусу Чокан Валиханов бул сарайды Бухарадан Түркстанга чейинки өзүнүн хандыгын жүргүзгөн шейбаниддердин башчысы Абдуллах - хан 16 - кылымда курдурган деген божомолду айткан. Бирок, бул билдирүүсү эч кандай тарыхый факты менен тастыкталбагандыктан, илимпоздор арасында түрдүү талаш - тартыштарды жараткан.

Окумуштуулардын көбү орто кылымда жашап өткөн Мырза Хайдар Күрөнкандуглаттын "Тарих – и Рашиди" аттуу китебинин 27 – бөлүмүндө жазылган негизги маалыматка токтолушуп, Ташрабатты 15 – кылымда жашаган түрк – монгол мамлекетинин башчысы Мухаммед – хан курдурган деп жүрүшөт. Чындыгында эле "Тарих - и Рашидиде" чеп жөнүндө төмөнкүдөй маалымат бар: "Мухаммед - хан Чадыр – Көлдүн түндүгүнө рабат курдурду жана ал капчыгайды рабаттын атынан "Таш – Рабат" деп дагы атап жүрүшөт". Чадыр – Көл дегени капчыгайдын ары жагындагы Чатыркөлгө карата айтылган. Бирок, Ташрабатты ким, качан курдурганы дале бүдөмүк. Анткени, Хан Мухаммед бен Хызыр Ходжа 1408 – 1416 – жылдары отурган болсо, ал эми Мырза Хайдар 1499 – 1551 – жылдары жашап өткөн.

Ташрабат кербен сарайы Тян – Шань тоолору аркылуу өтүүчү кербенчилерди тейлөө үчүн курулгандыгы талашсыз. Сарайдын ичи бир кезде кербенчилердин мал – жанына толуп, өзүнчө чакан калаа өңдөнүп турган болсо, бу кезде аңгырап, изилдөөчүлөр менен зияратчылар гана каттаган жайга айланып калды.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)