Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Таштагы байыркы жазуулар

Баш барак | Кыргызстандын тарыхы | Таштагы байыркы жазуулар

Байыркы бабаларыбыз ташты жазма китеби сыяктуу аземдеп - ардакташкан, сонун оймо-чийүүлөрүн, сүрөттөрүн жана эң кымбат асыл сөздөрүн, акыркы керээз, кошокторун, муңун ташка ыр сымал чегишкен. Байыркы ырларын, насааттарын, осуяттарын, санжырасын жана керээзин ташка чегишкен бабалар таш бетинен эч убакта өчпөйт, түбөлүк калат дешкен экен, алардын чеккен жазуу, сүрөттөрү он беш кылымдан бери өчпөй келатат. Жазуулар бар таштарды көрүстөндөргө, киши буту тепсебеген таза жерге, бийик чокуларга, чек арага, жол боюна коюшкан. Тирүү урпак-тар түп атаны, жети атасын билсин, насаат-керээзин уксун, эсине сактасын, өзүнүн адамдык вазийпасын түшүнсүн деген кудурет-күчтөн уюган таш-чакырык эмеспи. Балбал таштар бир учурда улуу инсандарга коюлган эстелик гана болбостон, ошол элдин жер аймагынын чеги да, географиялык картасы да, жолу да болуп калган. Жазуусу болгон бабаларыбыз Ала-Тоодо, Энесай боюнда, Алтайда, Орхондо (Монголияда) тарыхта изин, маданий мурастарын калтырышкан. Азыр Батыш Сибирдин талаа-түзүндө кыргыздар жөнүндө жазылган 120 таш (моло), Монголияда 200дөн ашуун балбал таш эстелиги жатат. Ошол кыргыздардын калтырган таштагы эзелки эстеликтери бүгүнкү заманда элибиздин байыркы тарыхын муңдуу ырдап турат. Байыркы бабалардын улут катары калыптанышы, алгачкы күчтүү хан ордосун күткөн жери жана эне тилинин соз уюткусу Саян-Алтай болгон. Балбал таштар.

>

Байыркы көчмөн кыргыздар көрүстөндөргө таш эстеликти Алтай, Энесай, Орхонго чейин коюшкан. Ала-Тоодон башталып, Монголияга чейин созулган бейиттерди жергиликтүү хакас, алтай, тува элдери атам замандан бери бир ооздон Кыргыз хур (Кыргыз көрүстөндөрү) деп аташат. Монгол элинин эски бир аңызы (мифи) бар. Кылымдардын бир кылымында, жылдардын бир жылдарында, илгери бир заманда дөө адамдар жашаган экен. Бу дөөлөр да картайып, а дүйнө кетчү экен. Алар өлгөндө таштар менен көмгөн, салт ошондой. Көрүстөндөрдүн таштары обо болуп калган.

Мына ушул Кыргыз хуру деп аталган. Ошол дөөлөрдөн кийин адамдар улам майдаланып келатат... Чын эле Монголиядагы Кыргыз хуру айрыкча тоолордо, ашууларда, тоо этек теринде тегерете таш менен курчалган. Ал эми Хакасия да бийик бугу таштары менен тозулган Балбал таш эстеликтерин алыстан Караганда очоюп отурган кемпир сыякта-нат. Ага жакын келгенде гана анын касиетин, сырын түшүнөсүң, өмүр, елүм, мезгил, бабалар жөнүндө ойго батасың. Кыргыздардын таш эстелиги б. з.ч. доордон башталып, бешинчи кылымдарда өнүккөн.

Балбал таштар - кыргыздардын алгачкы айкели. Эстеликтер эзелки бабалардын акыл-эсинен, чыгармачылыгынан, өнөрүнөн кабар берет. Көчмөн доордогу өздөрүнүн жашоо-тиричилигин, салтын, жоокерчилигин жана кошуна элдердин турмушун, маданиятын баяндайт. Буркан таштарда аялзатынын да кебетеси чегилген. Айкелчилер негизги кудайлардын бири, төлдүн жана түшүмчүлүктүн кудайы, аялзаттын колдоочусу Умай эненин элесин ар түрдүү чеге билишкен.

Аны караганда ойчул, сабырдуу жана боорукер эненин жүзү көзгө урунат. Эстеликтер ар түркүн, айрым балбал таштарда мурутчан адамдын сол колуна курал, он, колуна идиш алган, же эки колуна тең идиш кармаган, же куш, күзгү, музыкалык аспап алган эстеликтерди көрөбүз. Кээсинин чачы артына өрүлгөн, кулагында сөйкө, мойнунда мончок, баштарында топу, ак калпак, тебетей, туулга кийген, бел куруна канжар, кылыч, баштык, оттук байланган адети бар. Байыркы кыргыздар баш кийими менен кемер куруна ото маани беришкендей, бу жасалгасына карата эл ичиндеги баркы билинет. Негизинен балбал таштар IX кылымдарда көбүрөөк курулган, божомолдо Минусинск өрөөнүндө жоо майканы улам алмашып, эл көп кырылган түрү бар. Бул кылымдарда кыргыздардын таш айкелдери башкаларга Караганда арбын. Энесай дан кээ бир башы жок моло таш бедиздерди жолуктурасың. Эмне үчүн деген суроо туулат. Божомолго Караганда, бу аймакта Теңирчилик, бакшылык диндерди жек коргон башка дин дер дин адамдарынын колунан келген, өч алганы болуш керек.

Мындай божомолду тарыхчылар да айтышат. Жазуулар баяны. Энесайдагы таш эстеликтер каганга, эл башчысына, баш вазирге, аскер башчыларына, баатырларга, элчилерге жана байларга гана тургузулган, төбөлдөрдүн көрүстөндөрү бийик таш тосмолор менен курчалган. Кыргыздар өзгөчө баалуу казынаны бейитке ото асемдеп бекитишкен. Энесайдагы таш жазуулардын мазмуну V-XII кылымдарда жашаган кыргыздын саясий-социалдык турмушунан жана рухий маданиятынан кабар берет. Андагы жазуулар да акылмандары кара журтунан айрылганынан, Теңирге, Күнгө сыйынганынан, элине ак кызмат өтөгөнүнөн, кырк жыл мамлекеттик торо болгонунан, тышкы жоону кантип жеңгенинен жана өлкөнүн, хан бийлигинин кандайча кулагандарынан кабар айтат да, келечекте бириккиле, алданбагыла деп үгүт жүргүзүшөт. Баатырдын согушканын, жоого жалтанбай киргенин, майданда мыкты эрлери жанында болгонун, арманын, калың жоо менен кармашканын, кол башчысы өлтүрүлгөнүн, жети, элүү тогуз, жетимиш, эрди өлтүргөнүн, минген атына ыраазы болгонун айтышат.

Көпчүлүгү жер-суудан, журтуна, күндөн, курдаштан, туугандан, уулдан, канышадан, жеңеден, жарак-жабдыктан ажыраганына кейиген. Ал эми ач көздөрү алтындан, ээр токумдан, малынан, жылкыдан, бийликтен ажыраганын жаздырган. Энесай кыргыздарында таштагы жазууларды карап туруп, андагы адамдардын кайсы кылымга таандык экенин, таржымалын, кары-жашын, даража-наамын же байлыгын жоруп билсе болот. Ташка чегилген улуулар. Түштүк Сибирде табылган таш эстеликтерде руна сымал жазуу менен мына бул адамдардын ташка аты чегилген: Култудун, Текеш, Алтын тамган, тархан Жал сака бек, Күлчүр, Таган, Эл тууган тутук, Жаш Акбаш, Күч Кыяган, Йигин алп, Туран, Күнү Тирик, Күлүк Чур, Ток Бөгүт, Төр Апа, Билге Чикшен, Элчи Чур, Күчтүү Барс, Улуг Шад, Кул Тутук, Жарык Тегин, Беле Тугма, Алп Урул, Ынаң Уграч, Удур Чигши Ур, Эрен Улуг, Эсин, Алту, Шайтун Тархан, Карсхан, Сабык-Басар, Эзгене, Өкдеминал, Анар Шубуш, Күмүл Уге, Аза Тутук, Алп Көкшин, Толош билге, Акбаш, Ынал Өге, Этрүк, Күлүк Йиге, Тоглук Хан, Кара жаш, Багыр ж. б. Ал эми ошол доордогу Түштүк Сибирдеги табылганы Таластын эстеликтериндеги хандар менен баатырлардын, төбөлдөрдүн аттары менен салыштырсак, бирдей окшош чыгат. Мынабу Талас эстеликтериндеги ысымдар: Удун, Кара Барс, Огул Барс, Кара Чур, Туган, Огом, Шаа, Бек-Чур, Чур, Өзин, Кутлуг, Агын-Чур, Кыяган, Агул, Кара Йазмаз, Күч Өге, Кулуг, Кый, Эл Тууган тутук, Тум Кула, Тучайан, Умач, Ильбилге Катун ж. б. Талас өрөөнүндө жыйырмадан ашык руна жазуулары табылды. Энесай кыргыздарындагы аттарда Чур деген соз, бизче хан, бек, торо деген ардак наамды билдирет. Ураан. Тирүүлөргө кайрылган сөздөр таш мамыга чегилген: Түрк бектери, түрк элим бул каганыңдан, бул бектериңден, жериңден, сууңдан айрылбасаң, түрк эли, ошондо өзүң жакшы жашайсың, үйүңдө болосуң, муңсуз болосуң!

Бектери, эли түзсүздүгү үчүн табгач элинии бузукулугунан, азгырганы үчүн, ага-инини кайраштырганы үчүн, бектүү элди жоолаштырганы үчүн, түрк калкынын элдүүлүгүнүн биримдиги үчүн учуп кетти... Бедизчи. Кыргыздардын айкелдерин өтө чебер уста, Теңирге сыйынган, ар түркүн эл-жерди кыдырып, маданиятын көрүп, билип келген, кытай, түрк, уйгур жазмасын билген таланттуу адамдар жасашкан. Бедизчилер таштардын түрлөрүн: борпоңун, катуусун, кайсынысы кандай жарыларын, канча жылга чыдаарын ажыраткан жана аны чебер иштете билген. Алар таштарды букар таш, балбал таш, моло таш, сын таш, соку таш, шумкар таш ж. б. деп бөлүшкөн. Айрымдары таштагы жазуулардын алдына өз ысымдарын чегип коюшкан. Эстеликке коюлган ар түрдүү таштар өтө алыстан, айрымдары жыйырма, жүз чакырым жерлерден ташылып келинген.

А дегенде улуу тоолордон түзөңгө түшүрүлүп, анан төөлөргө, өгүздөргө кышында сүйрөтүп, жайкысын карагай устундун үстүнөн тоголотуп отуруп, мерчемдүү жерге жеткиришкен. Кыргыздардын жакут таштары болгон. Ал түнү жарык берип тургандыктан кыргыздар чырак ордуна урунган. Жакутту көчмөн уруулардын ичинен кыргыздар гана таба алышкан. Ага кызыккан элдер көп болгон, Батыш-Чыгышка кыргыздар жакутту кымбат сатышкан. Байыркы жазмабыз болгон.

Байыркы кыргыздар б. з.ч. доордо сактар сыяктуу Талас жана Орхон жазууларын сүрөт (пиктографиялык) жазууларын урунган. Саймалуу-Таш жана Монголиядагы Аршан-Хад тоосундагы, Алтайдагы Аглакты тоосундагы таш бетиндеги жазуу-чиймелер муну ачык далилдеп турат. Кыргыздардын сүрөт-поэмалары улуттук бедердүү (орнамент) өнөрү, бедерлүү өнөрдөн эн тамга (идиографиялык) жазуулар пайда болду. Ар бир эн тамганын жаралышы узак мезгилди камтыды жана далай мээнетти талап кылды. Нечен сырларды ичине катты. Кыргыздардын уламыштарында мурдагы доордо таштагы сүрөттөрдү шар окуган адамдар болгон экен. Эн тамга.

Элдин санжырасында айтылгандай, адегенде сак, хун доорунда эле кыргыздардын хандарынын, бектеринин, байларынын, уруктарынын, урууларынын жеке эн тамгалары болгон. Бара-бара Энесай доорунда эн белги (тамганы) Орто Азия жана Сибирдин кыргыздарынын уруулары түгөл күткөн. Эн белги, төрт түлүк малдын кулагына, санына басылган. Бабалар уулдарына энчи бөлүп берсе, энин кошо ыйгарган. Малга коюлган эн белгилер мындайча: шара тилик эн, жырык эн, сырга эн, тешик эн, бакан эн, чолок эн, оюк эн ж. б. Кыргыз урууларынын тамгасы биротоло калыптанганда береги эн белгилер тамга атына көчкөн Энесайдагы Кемчик-Жаргактагы табылган таш жазма Иола Бага наамына жеткен эр бабанын ташындагы жазмада: ... Алты жүз тамгалуу атым бар эле деп айтылган. Каган энчиси. Байыркы кыргыз санжырасында каган ар бир урууга эн белгини (мөөр, касиет белгини), ураанды, сыйынаар дарагын, сапар кушун энчи бергендей өзү бөлүштүргөн Айтсак, басыз уруусунун эн белгиси керки тамга, кылыч тамга, дөөлөстөрдүкү, солтонуку, саруунуку ай тамга, кош тамга, мундуздардыкы кырк тамга, ача тамга, ичкиликтердики (каңгылардыкы) орок тамга, чоң багыштыкы үч тамга, кош тамга, бугу, азык, черик, солто, кара багыш, моңолдор, сарыбагыш, баргыныкы жагалмай тамга, саяктыкы кайчы тамга, сол канаттыкы кашка таман тамга, кушчунуку күн тамга, жедигердики кылыч тамга, кыпчактардыкы алип, кош алип тамга, аваттардыкы босого тамга ж. б. болуп кете берген. Мындан башка кыргыз урууларынын тамгасында кез тамга, бакан тамга, тарак тамга, тумар тамга, аркар тамга, көсөө тамга, найза тамга, ок тамга, балта тамга, кош сызык тамга, жебе тамга, саадак тамга ж. б. тамгалар болгону да аңыздарда, уламыштарда оозеки чыгармаларда жана санжырада айтылган.

Ыйык тамгалар. Кыргыздар өздөрү сыйынган кудурет ээсине Умай Энеге жагалмай тамга, Күнгө - дөңгөлөк тамга, Зеңги Бабага өгүз тамга жана башкаларга окшош-туруп ыйык тамгаларды чыгарган. Буга мисалды Саймалуу-Таштан келтирсек болот. Тамгалар мазар тоолордун таштарына, сыйынуу үйүнө, балбал таштарга асемдеп чегилген. Булар бабалардын пирлерге, ыйыктарга сакралдык (символдук) белги, тамга ыйгарганын далилдеп турат. Байыркы бабалар бир кезде төрт жакка созулган Күн жолу деп аталган крест (чачылма) эн тамгасын күтүшкөн. Бул тамганын кооздугуна же маани маңызына суктанышканбы, айтор батышчылар кийин ага символдук улуу сөөлөт беришип, сыйынып-чокунуп калышты. Ар бир эн тамга айрыкча жылкы менен төөдөн башка малдарга, таш эстеликтерге, элчилик каттарга, келишимге, жоокерлердин ат жабдыктарына, желектерге, чек ара-дагы белги таштарга, балбалдарга, жыгачка мөөр катары басылган. Эн тамга басылган жыгач аманат кат - алыс жакка кабарга жөнөтүлгөн.

Кыргыздардын ар кайсы өлкөдөн, Кытайдан, Тибеттен окуп келген зирек адам дары өздөрүнүн улуттук жазуусун табууну ойлошкон. Алар өз доорунун алдыңкы аң-сезимдүү, сабаттуу атуулдары жана үгүтчүлөрү болушкан. Байыркы бабаларыбыз алгачкы тамгаларды, жазууларды кайдан алды, кимден үйрөндү деген собол болоору бышык. Рун тарыхы. Руна сымал жазуунун кыргыздарга жетишинин тарыхы деле узун жомок. Окумуштуулардын божомолдоосунда Арамей жазуусу адегенде ташка чегилип, жыгачка оюлуп, Скандинавия өлкөлөрүндө, анан Швеция, Норвегия жана Германияга, Батышка тараган.

Андан Орто Азиядагы согдулуктарга, андан Таластагы кыргыздарга жеткен. Байыртадан эле, тактап айтканда, согдулар, он эки эли, бухарлыктар, түргөштөр, кыргыздар Орто Азияда, Теңир-Тоодогу аймакта шаарлары канат-таш, жамакташ болгондуктан катташып жашаган. Скандинавия жана Батыш өлкөлөрү колдонгон руна жазуулар ар өлкөдө башка-башка мааниде, ыйык символдук касиетти жана сырдуу түшүнүктү берген. Байыркы аңыздарды кучагына камтыган. Кээ бир тамгалардын аты аңыздардагы кудай-пирлердин аты менен аталган.

Рунаны батыштын көптөгөн өлкөлөрү пайдаланган. Руна мистикалык, акылмандык, сыйкырдык, алдын ала айтуучулук, төлгөчүлүк, дарыгерлик, каргыштын, көзү ачыктын милдеттерин аткарат деп түшүнүшкөн. Байыркы Скандинавиялык 24 футарканын ичиндеги рундарга берилген мааниси боюнча аттары: кудайларга байланыштуу - кудай, дарыянын кошулушу, адамдарга жана жашоосуна байланыштуусу - мал, жол, шам , белек, даңк, кубаныч, ат, там, адам, жайлоо, түшүм, жер, мурас табиятка байланыштуусу - мөндүр, муз, күн, кайың, суу ж. б. кете берет. Андан башка эски Скандинавия, байыркы герман тилинде рундардын өзүнчө аттары бар. Рундар менен ырлар жазылган. Негизинен - кыргыз тамгасы менен батыш руна тамгалары бири-бири менен бардык жагынан дал келип байланышкан. Рун сөзүнүн байыркы түп мааниси түндүк-батышта шыбыроо деп берилсе, ирландиялыктарча купуя сыр, жабык деген маанини берет. Ал эми руна тамгаларын жазган, окуган адамды акылман, сыйкырчы, касиеттүү дешкен. Ал тургай тамгасы менен жазылган нерсе да ыйык, сыйкырдуу деп ардакталган. Байыркы Скандинавия аңызында кээ бир кудайлардын өздөрүнө байланыштуу мистикалык руналары болгон.

Аларга ыйык катары, улуу күч катары кайрылып сыйынышкан. Бийликтин, акылмандыктын, сыйкырлыктын, согуштун пири Один жөнүндө Скандинавия - Герман мифологиясында кеңири баян айтылат. Один тамгасы - ан-суз - F. Ансуз - (один) ыйык рунанын бири, аңызда токтоолуктун руну, жолго чыккандар акыйкаттыкка, бейпилдикке кабылат. Бул руна акылмандыкка жол тапканга, эргүүгө жана сабап зикир чалууга (экстазга) жардам берет. Акылга жол ачат. Ал эми ушу ансуз рунасы байыркы кыргыздын к тамгасынын ордуна жүрөт.

Дагы бир тамганын таржымалы: опила - (Мурас) тамгасы аңыздар боюнча ыйык рундардын бири, байланышка жол ачат, ааламдын борбору, үй бүлөнү колдойт, тазалыкка чакырат. Опила руну бабалардын байыркы жазуусундагы Б тамганын бир түрү болуп калган. Футарка тамгасынын Манас деген руну бар. Рунанын жазылышынын эки белгиси болгон. Анын маани-маңызы - адам жана адамзаттын орду. Манас - ыйык түшүнүк. Бул рундун сабагы, керемет (символдук) белгиси жана сыйкырдуу жылдызы башка рундардан айырмаланат. Ойчулдук багытта: Манас өлүм менен адамдын (микрокосмос) байланышын баяндайт.

Рунда адам дүйнөнүн борбору болуп калат. Мындан Кудай нурунун учкуну бардык адамда бар деген түшүнүктү берет. Ар адамдын колдоочусу, бир бирине милдети жана өз ара жоопкерчилиги болот. Бул рун адамга күч-кубат берген, рухун жашарткан, акыл жолдорун айткан жана жашоосуна төлгө да болгон белги. Ат деген наамды алып жүргөн Манас рухунун ордуна бабалар негедир М (ЛТ) тамгасын алышкан экен.

Мына ушул байыркы Скандинавия руналарынын көбү-мистикалык, көз боочулук, сырдуу касиеттерге ээ болгон. Руналардын мааниси аңыз, уламыш, теология, сыйкыр менен байланышкан. Рундардын авторлору (чыгарып урунгандардын) көзү ачылган, элдик салтты, оозеки чыгармачылыкты, аңызды, бакшылыкты билген таланттуу адамдар болгон. Орто Азияда арамей-согду жазууларына кыргыздар кызыкты. Ал убакта Орто Азияга кеңири тараган башка кытай, перси жаз-малары болсо да теңирчилик динге дилин койгон кыргыздар скандинавиялык рунду жактырышты. Алардын байыркы сүрөт (пиктографиялык) жазууларга, улуттук эн тамгаларга, бедерлүү (орнаменттүү) өнөрдүн оймо чиймелерине үндөшкөнү жана айрым аталыштарынын окшош болгону кыргыздарды өзүнө тартса керек.

Байыркы доордун кыргыз бедизчилери, билимдүүлөрү жана бакшылары кыргыздардын тамгаларына да руна сыяктуу аңыздык түшүнүктөгү сырдуу жана касиеттүү, ыйык маанини, аттарды беришкен. Рундун пайда болушу. Тагдыр-ырыскысы ушу экен, кыргыздын пешенесине V-VI кылымдарда Борбордук Азияда көчмөн элдердин ичинен биринчилерден болуп, өз жазуусу пайда болгон. Божомолдордо рун сымал кыргыз жазмасы элден мурда Таласта конуш тапты. Муну дүйнөгө белгилүү окумуштуулар далилдешкен. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, алар тамгаларын, байыркы чийме-сүрөттөрдү, бедерлерди руна сымал тамгаларын турмуштук чындыктан алышкан. Айтсак, i (и) тамгасын жаанын жебесинен улам ок деп окушкан. Боз үйдүн сүлдөрүнө окшогон Л тамгасын эп деп, үй деп окуган экен.

Бабаларыбыз Теңир деген ыйык сөздү ушинтип жазган: r Y У h Кыргыз деген төмөнкүдөй жазылган: II Ч r Кыргыздардын санжырасында, эң биринчи таш бетине түшүрүлгөн 40 тамганы бака бут (бакот, кытайча жазмада - ред.) тамгалар дешкен. Окумуштуулардын баяндоосунда, байыркы кыргыздардын Талас, Орхон-Энесай жазуусунда кыргыз урууларынын 15 тамгасы кирген дешет. Бул эсеп аздык кылат. Окумуштуулардын ойлору. Адис окумуштуулар Энесайдагы жазуу эстеликтерине Таластагы ташка жазылган жазуулар өтө окшоштугун тастыкташты. Элден мурда пайда болгон Энесай жазуулары Орхон жазууларынан бөлөкчө тамгалары, чиймеси менен айырмаланат.

Алар жазуу усулу боюнча Алтай же Жети-Суу жазууларына окшош. Байыркы Скандинавиянын жана Батыш өлкөлөрүнүн руна чегилген таштары, андагы жазуусу жана чечмелеген сыры кыргыздардын илгерки балбал таштары, жазмалары менен окшошуп турат. Чындыгында эле VI-XII кылымдардагы Теңир-Тоодогу, Таластагы, Энесайдагы, Алтайдагы, Монголиядагы кыргыздардын балбалы жана андагы жазуусу Борбордук Азиядагы элдердин ичинде учурунда сырдуу, табышмактуу жазма болуп саналган. Байыркы заманда кагаз өтө таңсык болгон соң, жыгачта оюлган мөөр, белги, кайың кабыгына жазылган кат, ырлар, керээз ар үйдө ыйык кут, төлгө, тумар сыңары сакталган. Ыйык тамгалар жоокер куралдарына, асыл буюмдарга, желек, асабаларга, ат жабдыктарына жазылган. Кыргыз каганы Кытайдан алтындан кымбатка келген жибекке ишеним кат жазып, кошуна урууларга, элдерге жана ыраакы өлкөлөргө жиберген. Көбүнесе, кыргыз каттарына кытай тилиндеги котормосу кошо тиркелген. Бакшылар өтөмөнчө балбал таштардагы жазууларды ыйык дешкен, байыркы тамгаларды даптарга, кийимдерине, музыкалык аспаптарына, таягына жабыштырып, же жазып жүрүшкөн. Байыркы бабалардын рухий маданияты, мурастары, жорук-жоосуну жана жол-жобосу биздин доорго XX кылымдын муунуна абалкыдай жетпеген.

Болжолдо, байыркы бабалар Энесай жазууларын жалпы элдин жапырт билишине кызыкпаган көрүнөт. Көптүн ичинен журт башкарган каган, кеңешчилери, кол башчылары, элчилери, уруу башчылары сыяктуу ак сөөктөрү, бакшылары, бедизчилери билсе жетиштүү деп камаарабаган. Бул алардын баскынчы жолго түшпөгөнүн жана агартуучулук тажрыйбанын жоктугун айтып турат. Кыргыздарга эң негизгиси - каза тапкан кагандарга же баатырдын көрүстөнүнө балбал турса, таш бетинде жазуу чегилип калса болду, анын аты Теңирчиликте түбөлүккө сакталып калды дешип, бек ынанышкан экен. Бул куру дымак кыргыздын эл башчысынын, эң акылмандарынын жана бакшыларынын чоң кайгылуу жоготуусу, жаңылыштыгы эле. Рунду ким тапкан. Муну катардагы эле киши ойлоп таба алмак эмес. Көчмөндүк турмушта жебе атышты, атка миништи, согуш өнөрүн, оюнду үйрөнсө болмок. Түбү терге, учу кылымга сиңген улуттун аңызын, сүрөт жазмаларын, эн тамгаларын, бедерлүү өнөрүн түшүргөн, динине ишенген рухий маданияты бай, билимдүү адам гана өз элинин тамгасын чыгара алмак.

Кээ бир изилдөөчүлөрдүн божомолунда кыргыздын руна сымал жазмаларын, тамгаларын алгач ойлоп тапкан жана ташка чеккен адам дын бири Бөлөкбай-билгич, Бөлөкбай-бедизчи, Бөлөкбай - төкөр уста деген киши болгон. Анын ысымы элдик оозеки чыгармачылыкта да, санжырада да эскерилет. Энесайлык кыргыздардын доорундагы бедизге тамга чеккен уста Чаңшы (билги), Шогур деген атактуу чебер кара усталар-бакшылар болгон. Алардын ысымдары Энесайдагы, Алтайдагы, Орхондогу балбал таштардын бетинде чегилүү калган. Бөлөкбай төкөр устанын бакшылык символдук оз тамгасы болгон.

Ал Орхон, Алтай өрөөндөрүнө Хангай, Өтүкөн тоолорунан, Гоби чөлүнө чейин, Жети-Суудан Ысык-Көлгө чейинки ата жолу менен кербендерге кошулуп, ат, төө жетелеп, ээн-эркин каттаган. Бөлөкбай эң мыкты куралдарды гана жасабастан, балбал таштарды мыкты чеккен уста болгон. Кыргыздарга чакырык. Энесайдагы эзелки кыргыздын таш эстелигиндеги бул жа-зууну ким чеккени, же кимге арналганы белгисиз. А бирок, бабалардын эң акылманы жолдон өткөн жолоочуга, өзүнүн кийинки тукумуна, урпактарга калтырган улуу чакырыгы, түбөлүккө кагып турган коңгуроосу болсо керек: Бирикпей өткөн тарыхты Бирдикте кыргыз билип ал. Өскөнүңдү жөлөп ал, Өлгөнүңдү төлөп ал. Таштагы керээз. Кыргыз санжырасында айтылгандай, кээде таш бетинде айкели, жазуулар чегилип жол боюна коюлган VXI-VIII кылымдардагы эстеликтер балким жолоочуга, же кербенчиге, же майданга аттанган жоокерге айткан бата-тилеги: Теңирим ачсын жолуңарды Тегиз кылсын колуңарды. Өмүрүңөр узун болсун, Эгиниңер кызыл болсун.

Алганың менен тең кары, Ак калпак кыргыз тең жары, Санаган акыл, оюңарга Мен курмандык жолуңарга. Энесайда Төр-апа Ичреки сыяктуу эл, журт башчыларына, баатырларга 648-жылы эстелик коюлган. Таш бетине кагандын өз атынан керээз чегилген. А дүйнө кайтыш болгон кыргыздын таш бетине керээз-коштошуу жазуу ошо доордо кадимкидей салтка айланган. Энесай аймагындагы Бегредеги, Элегештеги, Алтын Көлдөгү, Барлыктагы, Кызыл Чырпадагы, Кеж лиг-Хобудагы, Абакандагы, Тувадагы жана Сужидеги (Монголиядагы) эстеликтеги сөздөрдүн усулу, мазмуну ыр түзүлүшү жана ойлору бири-бири менен шайкеш болуп, окшошуп турат.

Жаш акынга эстелик. Энесайдагы алгачкы таш жазуулар ото даражалуу хандарга, бектерге, байларга коюлар эле. VII кылымда бир жолу Уюн Архан деген жерде Жаш Акын аты бар, жомокчу-акынга таш эстелик коюлган. Жаш Акындын аты 1350-жылдан бери Энесайдагы ташка жазылган бойдон турат. Энесайлыктар акынды анда акун дешкен. Жаш Акын таланттуу төкмө жана жомокчу экен. Балким улуу Манас эпосун баштап айткандын биридир?! А мүмкүн Ырамандын Ырчы уулунун, Жайсаң Үмөт уулунун устаты болушу ыктымал. Кыргыздардын бул акынды ото ардактаганынын далили - таш эстеликтин башкалардын башында турганы. Жаш Акындын көрүстөнүнө коюлган таш бетиндеги ырды бөлөк бирөөлөр чыгарганы белгилүү.

Неси болсо да байыркы кыргыз поэзиясынын алгачкы үлгүлөрү таш бетине Жаш Акындын ыр керээзи чегилген: Беш азаматтан, шадыман, Энедеги элимден айрылдым. Эр үйүм Агда турур. Айтылуу акунмун мен Жаш акун ардак атым менен. Жазуу тагдыры. Түрк кагандыгы (VI-VII) Түштүк Чыгышта бийликке келгенде Кыргыз кагандыгынын байлыгына, жерине гана коз артпастан, жазуусуна, маданиятына көз артты.

Түрк каганы VIII кылымдын башында Орхон боюнда кыргыздарга көрүстөнгө балбал тургузууга, таш бетине оз тилинде керээз жазууга тыюу салды. Кыргыз жазуусун түрк жазуусу деп жарлык атада. Түрктөр да, уйгурлар да кыргыз бедиздеринин баштарын чабышты, жазууларын сууга ыргытышты, жерге көмүштү, аскадан кулатып жексен кылышты, Ошондон соң кыргыз рун сымал жазуусу түрктөргө (VIII к.) карлуктарга, уйгурларга (IX к.) тарады. Кыргыз жазуусунун тагдыры ушундай кейиштүү жолду басты. Бир кылымдан ашуун өмүр сүрдү. Баягы бакшылар айтып жүргөн керемет, касиет, сыйкырдык таш бетинен күбүлдү. Кыргыз кагандыгы, жоонун жазасын Теңирим берсин деп, султан жана акылман эл, ары карап ыйлап, бери карап күлүп, тирликке белин бууп, үстөмдүк кылган түрк жазуусуна өтүүгө, түрк тилинде сүйлөөгө аргасыз болгон.

Нечен кылымдар жол баскан өжөр жана акылман кыргыз элинин карт тарыхын-дагы мүлдө жоготуусу - анын оз жазмасынан кол жууп айрылганы. Андан бери ай бөксөрүп, күн өттү, арадан нечен кылым өттү? доор өттү. Ошончолук катаал тагдырды башынан кечирсе да, касиеттүү кыргыз дагы эле элдигин жана тилин, салтын, рухий маданиятын, кутун жан үрөп сактап калды. Байыркы кыргыздар алгачкы жазуусун урундан жоготкон соң, түрк, уйгур жазууларын, XII кылымда хакания жазуусун, XIV-XVIII кылымда чыгатай жазуусуна өткөн. XIX-XX кылымда кыргыздар араб арибине, латын ариби жана кири графика 36 тамгалуу жазууну пайдалана баштады. Айрым тилчи окумуштуулар башка боордош элдер сыяктуу латын арибине кайрадан өтүүнү сунуш кылышууда.

Кыргыз тамгасын изилдегендер. Түштүк Сибирдеги руна сымал жазууларга жана моло таш эстеликтерине Батыштын окумуштуулары XVII - XIX кылымдарда эле кызыга баштаган. Саякатчы Д. Г. Месершмидт XVIII кылымда Сибирь таш жазууларын, руна сымал жазмасын батышка көрсөткөн. Андан кийин чыгыш таануучулар А. Ремюзе, Ю. Клапрот, М. Кастрен, А Гейкель кызыккан эле. Тарых изилдөөчүлөр байыркы кыргыздар б. з.ч. эле пайд а болгон арамей - согдунун эски жазуусунан таасир алган деп божомолдошкон. Руна сымал жазууну 1893-жылы биринчи чечмелеген Дания окумуштуусу Вильгельм Томсен болгон, ал кыргыздын ыйыгы Теңирди биринчи окуган. Маданияты жок деген кочмон элдер дин байыркы жазмасын батышка XIX кылымда биринчи жар салган.

XIX-XX кылымдагы дүйнөгө атагы белгилүү орус окумуштуулары В. Радлов, С. Малов, С. Киселев ж. б. Энесайдан алгачкы кыргыз жазуусу деп илимге жаңылык ачышкан. Ал эми кыргыздын XX кылымдагы кээ бир көз карама саясатчылары, үгүтчүлөрү, ал тургай айрым окумуштуулары: Энесайдагы кыргыздардын мамлекети болгон эмес, рун сымал биздики эмес, маданиятыбыз ага өсүп жете элек болучу дешип, рухий ырыскысынан кечкен күндөрү болгон. Насыйкат. Ар башка доордо жашап өткөн бабалардын санжырасын, ой-тилегин, жеңишин, кайгысын билүү, алардын баскан жолунан, тагдырынан, осуятынан, тажрыйбасынан сабак алуу, тарыхын, маданиятын, мурасын, жолун улап кетүү, асырап ыйык тутуу - бизден кийинки жаш муундун ыйык парзы экенин унутпайлы. Аны унутсак, бабалар бизди кечирбейт.

Муну эсиңе тут: Энем мени он ай көтөрдү! Ал мени өз элиме алып келди. Мен жер үстүндө өзүмдүн каармандыгым менен бекилдим. Көп сандаган душмандар менен кайраттуу салгылашты, азыр элимен кетип, аны өкүттө калтырып отурам. Аттигиң ай! Инилериңизге жана агаларыңызга төөлөргө жүктөлгөн кербендерден белектерди жөнөтүп туруңуз. Мен, Барсбег, жер бетинде көргөндөрүмө, иштериме жана эрдигиме тойгон жокмун. Сиз атасыз эле баатыр болдуңуз! Тайгандарыңыз илбээсиндин артынан түшкөндө, сиз конуштардын жанынан өттүңүз. Өлүм деген инилерине жолобо - оо Барс, бизди таштап кетпе!

Аттигиң-ай! Биздин наамыбыз мындай - биз умай бектербиз, биз оз урук-уруубуздун баатыр жоокерлерибиз! Аттигиң-ай! Алты эркекти өзүң менен кошо албадың! Тулпарыңды өзүң менен албадың! Оо, менин кымбатым! Оо, менин асылым! Бизди таштап кетпе!..

Бизди мурдагыдай эле кубант. Оо, алтын Сунганын кул-кутаны, илбээсини көбөйө бер! Өз урпактарыңды жарат! Менин Барсым аттарын жана өгүзүн, бүткүл бул дүйнөнү таштап кетти, ал сапар тартты! Аттигиң ай! Менин аскердик эрдигиме, агаларымдын жана инилеримдин урматына бул түбөлүк эстелик орнотушту. (Энесайдагы Алтын-Көлдөн табылган Барсбектин таш эстелигинен) Сизге элиме күнчүйлөрүмө, уулдарыма, букараларыма айтам: Мен 60 жашымда силерден айрылдым.

Аты Элтурган тутук деген мен боломун. Мен теңиримдин элге жиберген элчиси элем. Алты тайпа элге бек болгон элем. (Уйук Тарлыктагы таштагы жазуу) Сиз эр жигиттей эрлерим, менден калган курдаштарым (анда бирге болгон курдаштарым), миңге жеткен эрлерим, сиз кулдарым, жаатташтарым жок катымды (наамымды), тиктеш үчүн менин мурдагы жети курдашым тышкы жакка (чет тарапка) жоголду. Менин Йола деген наамым чыкты. Сиз курдаштарым, жолдошум, кандаш туугандарым, мен аттардын алдында жүрүүчү атымды минип жана алдыңарда кеттим (каза таптым). Бага деген мансапка жеткен эр элем. Алты жүз тамгалуу атым бар эле. Менин жаа, жебем, киймим, жаркырап турган сары алтыным, кийимдерим... Кымбаттуу дүнүйөм, жолдошторум (мен өлдүм).

(Энесайдагы Кемчик жаргактагы жазуу) Төбөдө Көк Теңири, Төмөндө кара жер жаралганда, Экөөнүн арасында Адам баласы жаралган. Жуканы топтоо - оңой, Ичкени үзүү - оңой. Кол кошулса - күч өсөр. Өлүмдөн уят катуу. Көрөр көзүм көрбөстөй, Билер акылым билбестей болду. Терс айтылса, мээрсиз болор, Он айтылса, мээрим берер. Ичи - ашсыз, Сырты - тонсуз Өмүрдү Теңир берер.

Адам баласынын баары өлгөнгө туулган. Көп деп неге коркобуз, аз деп неге басынабыз. Кан болуп, жок элди мүлктүү кылдым, Жарды элди бай кылдым, аз элди көп кылдым, Же бул сөзүмдө ката барбы? Түрк бектери эми муну эшитиң. (Байыркы рун жазуусундагы бабалардын ташка чегилген накылы ) Мен Төр-Апа Ичрекимин. Он бешимде тарбияга алынганмын, Муңканып каныман да айрылганмын. Мен силерди, ай, күнүмдү көрбөй калдым. Үч уулумдан айрылдым, кантейин, Кайрат кылалы.

Сегиз аяктуу тулпар минип, Узак жолду көп жортком. Кантейин, мындан дагы кол жуудум. Кайгым ушу - жарык менен караңгыны сезбей калдым. Он беш жашка келгенде Табгач каганга барганмын, Эрдик менен тапкан алтын, күмүшкө Табгачтан жасалгалуу ат, катын алдым. Жети бөрү өлтүрдүм. Барс, көкмөккө кол барбады.

Баскан жер, ичер суудан калдым. Муң басты, Журтуман, күнүмдөн, курдаштан, Силерден айрылдым. Калкым менен, ханым бирге көрөр күнүм болбоду. Алтымыш жети жашымды көрбөй калдым. Жат жердеги далай адаштардан, Ал жактагы силерден, азиз курбулардан, Түбөлүккө кош айттым (Бегредеги таштан В. Радлов жандырган жазуу)

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 13431, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-20
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу