Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Техника

Баш барак | Техника | Техника

Техника (байыркы грек сөзү τεχνικός, андан τέχνη сөзү — искусство, устаттык, ык) — татаал түзүлүштөр, механизмдер, системалардын жалпылоочу аталышы (анын ичинде «эмгек каражаттары»). Ошондой эле, иреттелген искусство ишмердүүлүгүнүн ыкмаларын, процесстерин жана технологияларын белгилөө үчүн пайдаланылышы мүмкүн. Мисалы, бир нерсени жасоо, даярдоо, камсыздоо, пайдалануу үчүн, анын ичинде чыгармачылыктын методологиялык жактан иреттелген процесстери.

Техника түшүнүгү мурда табиятта болбогон буюмдарды жана аларды адам тарабынан кандайдыр бир ишти ишке ашыруу үчүн даярдоо процесстерин да камтыйт, анын ичинде: машиналар, механизмдер, жадбуулар, аппараттар, аспаптар, приборлор ж. б. — ошондой эле, бири-бирине байланышкан техникалык түзүлүштөр (негизинен, агрегаттар, орнотмолор жана курулуш курулмалары).

Кириш сөз

Техника өндүрүштүк (өндүрүүчүлүк, агро өндүрүүчү) жана өндүрүштүк эмес багытта болушу мүмкүн. Акыркысы, техниканы илимде, тиричиликте, билим берүүдө, маданиятта, медицинада, аскер ишинде, космосту өздөштүрүүдө жана башка тармактарда колдонулушун камтыйт.

Процессти башкаруу көз карашында техника тапшырмаларды ишке ашыруу жана процесстин максаттарына жетүү каражаты саналат; техника өтө ар түрдүү процесстерде колдонулат, анын ичинде технологиялык процесстер жана өнөр жай, айыл-чарба өндүрүш процесстери, көзөмөл жана башкаруу, ташуу, аскер иш-аракеттерин жүргүзүү, билим берүү, спорт, эс алуу, көңүл ачуу жана башка көптөгөн процестерде.

Техника инженердик ишмердүүлүктүн натыйжасында иштелип чыгат жана жакшыртылат. Техникалык түзүлүштөрдү конструкциялоо жана жасоо өзгөчөлүктөрү техникалык түзүлүштүн түрүнөн, буйрутмачынын техникалык мүнөздөмөлөрүнө болгон талаптарынан (өндүрүмдүүлүгү, ишенимдүүлүгү, бекемдүүлүгү, үнөмдүүлүгү ж. б.), сапатынан, баасынан, даярдоо технологиясынан, ошондой эле, өндүрүүчүнүн финансылык жана техникалык мүмкүндүктөрүнөн көз каранды. Мисалы, техникалык буюм же агрегат өнөр-жайлык же эптеп-септеп колго жасоо ыкмасы менен жасалышы мүмкүн, ошол эле убакта, орнотмолор шартка ылайык, орнотмонун эксплуатациялануучу ордунда компоненттерден чогултат. Ошону менен бирге, орнотмонун компоненттери — өзүнчө буюмдар, агрегаттар жана түйүндөр — жогорку заводдук даярдыкта жана модулдуулукка ээ болуп, бул алардын орнотмого интеграция кылууга жана бузулуп калган учурда алмаштырууга болгон эмгекти жана убакытты кыйла деңгээлде төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет.. Техникада анын өз ара жаңы тетик менен алмаштыруучулугу чоң ролду ойнойт, ал чыгымдарды азайтып, техникалык түзүлүштөрдү конструкциялоону, даярдоону, эксплуатациялоону, тейлөөнү жана оңдоону жеңилдетет.

Заманбап техника, илимий-техникалык революциянын өндүрүмү саналып, анын өнүгүү деңгээли коомдун илимий-техникалык өнүгүүсүнүн көрсөткүчү болот. Дүйнөлүк экономиканын глобалдаштыруу шарттарында алдыңкы техника дүйнөгө тез тарайт. Ошону менен бирге, техниканы өзүнчө алынган өлкөдө же анын бөлүгүндө пайдалануу анын жеткиликтүүлүгүнө жана техниканы колдонуунун эффективдүүлүгүнө таасир эткен көптөгөн факторлордон көз каранды — мисалы, экономикалык өнүгүүдөн, рыноктон, кредиттик-финансылык системадан, инфратүзүмдүн болуусу жана анын иштей алуусу, сатып алуучулук мүмкүнчүлүк, техниканын колдонуучуларынын квалификациясы ж. б.

Кеңири мааниде техника деп техникалык каражаттардын жыйындысын, технологияларды, техникалык каражаттар тартылган билим жана ишмердүүлүктү түшүнөбүз.

Техниканын багытталышы

Техниканын негизги багытталышы — адамга чыгармачылык ишинде көбүрөөк убакыт берүү (убакытты үнөмдөө), күнүмдүк жашоосун жеңилдетүү үчүн аны физикалык жактан оор же жадатма (кайталанма) жумуштан арылтуу.

Техниканын негизи же пайдасы
Техниканын негизи же пайдасы, көрсөтмө иллюстрация.

Түрдүү техникалык түзүлүштөр эмгектин эффективдүүлүгүн жана өндүрүмдүүлүгүн кыйла жогорулатууга, табигый ресурстарды рационалдуураак пайдаланууга мүмкүндүк берип, кайсы бир татаал жумушту адам тарабынан аткарууда ката кетирүүсүн төмөндөтөт.

Техниканын милдеттери:

Классификациясы

Учурда, техника, пайдалануу чөйрөсү боюнча классификацияланат, мисалы: өнөр-жай техникасы, транспорт, тиричилик техникасы, эсептөөчү техника, куруучу техника, жол техника ж. б. Кошумча техниканы өндүрүштүк деп бөлүүгө болот, мисалы, станоктор, аспаптар, өлчөө каражаттары ж. б., жана өндүрүштүк эмес — тиричилик техникасы, жеңил унаа, көңүл ачуучу ж. б.

Өзүнчө класста аскердик техника турат, буга кургакта, сууда, абада жана космосто коргонуу мүмкүндүгүн кармап туруучу жана аскер иш-аракеттерин жүргүзүүчү бардык техникалык каражаттар жана машиналар кирет.

Техниканын өнүгүү тарыхы

Адамдын конструкциялоого жана түрдүү түзүлүштөрдү пайдаланууга болгон ыгы терең табигый-тарыхый тамырга ээ. Бирок, бул өнөр адамдарга гана эмес, көптөгөн жаныбарларга дагы таандык. Мисалы, жөргөмүштөр адам пайда болгонго чейин эле желесин даярдоону болжолдуу 100 миллион жыл мурун үйрөнүшкөн. Кембридж университетинин окумуштуусу Кристофер Бёрд чар каргалардын сууну түртүп чыгаруу эффектисин тамак табуу үчүн пайдаланганын көрсөткөн. Канаттуулардын алдына ичинде суусу жана суунун үстүндө калкып жүргөн курттары бар 6 дюймдук айнек колбалар берилген. Чар каргалар курттарга жетүү үчүн сууну түртүп чыгарууга таштарды колдонсо болоорун тез эле түшүнүп, сууга таш салып, куртка жетишкен. Акылдуураак жаныбарлар максатына жетүү үчүн жөн гана колго тийген нерсени колдонбостон, алардан жөнөкөй аспаптарды жасай алышат. Мисалы, шимпанзе жыгачты тиштери менен кемирип-курчутуп найза жасап алат дагы, аны аңчылык кылууда пайдаланат. Таш доорундагы алгачкы адамдын куралы — найза, кайтма (бумеранг), таш балта, ийне, шибегелер да жөнөкөй болуп, көбүнчө аңчылык, тамак-аш жасоо, кийимдерди даярдоо жана материалдарды иштетүү үчүн колдонулчу. Андан соң таш куралдар коло жана темирден жасалган буюмдарга орун берген. Адам коомунун жана интеллектинин өнүгүүсү менен техника акырындан өнүгүп, татаалдаша баштаган. Неолиттик революция мезгилинде адамдын техникалык түзүлүштөр арсеналында агротехника, траспорт жана гидротехникалык курулмалар, ошондой эле, жөнөкөй механикалык шаймандар — рычаг, шынаа, жүк көтөрүүчү барабан, блок, дөңгөлөк пайда болгон.

Жетишээрлик жогорку деңгээлге техника антика мезгилинде жеткен. Герон колдонуудан чыккан көптөгөн механизмдер жөнүндө баяндалган трактаттарды гана жазбастан, автоматтар жөнүндө биринчи дилбаянын да жазган. Ктесибий өрт өчүрүүчү насосту, суу саатын, суу органын (музыкалык аспап), ошондой эле, аэротрон, ийкемдүү телонун ролун кысылган аба аткарган аскер машинасын ойлоп тапкан. Архимедге көтөрүүчү винт, тиштүү дөңгөлөктүн жакшыртылышы жана башка түзүлүштөр таандык.

Орто кылымдарда техника өнүгүүсүн уланткан. Негизинен, механикалык саат, көтөрүүчү кран, домкрат ойлоп чыгарылган.

Заманбап техниканын өнүгүп баштоо мезгилин биринчи өнөр-жай революциясынын башталышы менен байланыштырышат. XVIII кылымдын биринчи жарымында буу машинасын жана токуучу станокторду ойлоп табуу, өнөрдүк өндүрүүнүн аякташына жана машиналык өндүрүүгө өтүүсү менен белгиленген. XIX кылымдын аягында ичинен күйүүчү кыймылдаткычты ойлоп табуу сууда сүзүүчү жана темир-жол транспорт каражаттарынын техникалык сапатын кыйла жакшыртууга мүмкүндүк берип, бензиндик кыймылдаткычы бар авто унаанын пайда болуусуна алып келген. Авто унаанын базасында автомобилдик техника түзүлгөн — көптөгөн өзү жүрүүчү машиналар жана механизмдер, курулуш техникасы, жер казуучу, жол, траспорттук, тоо-кен атайын техникалары. Электр энергиясын өндүрүү жана колдонуу технологиясы, электр техникасынын дүркүрөп өнүгүүсүнө алып келип, ал өнүгүү бүгүнкү күндө дагы жүрүүдө. 20-кылымдын башында радиотехника, радиоэлектроника, конвейердик өндүрүш өнүгө баштаган. XX кылымдын ортосунда автоматташтыруу кеңири жайыла баштап, эсептөөчү машина пайда болгон. 1957-жылы Жердин биринчи жасалма жандоочусу (спутник) космоско чыгарылган. XX кылымдын аягында био- жана нанотехнологиялар чөйрөсүндө изилдөөлөр башталып, алар адам ишмердүүлүгүнүн көптөгөн тармактарында кезектеги революцияга алып келиши мүмкүн.

Спутник-1
«Спутник-1» Жердин биринчи жасалма жандоочусу. 1957-жылдын 4-октябрында учурулган.
Техникалык түзүлүштөрдүн хронологиясы (XVIII — XXI кылымдар)
XVIII кылым XIX кылым XX кылым XXI кылым
  • 1712 — Ньюкомен буу машинасы
  • 1738 — ийрүүчү машина
  • 1751 — металл кесүүчү станок
  • 1761 — самокат
  • 1778 — Уатт буу машинасы
  • 1780 — семафор
  • 1783 — аба шары
  • 1783 — дирижабль
  • 1791 — веломобиль
  • 1801 — программалык башкаруусу бар токуучу станок
  • 1803 — электр аккумулятор
  • 1804 — паровоз
  • 1807 — пароход
  • 1815 — көмүр доголуу лампа
  • 1816 — Стирлинг жылуулук кыймылдаткычы
  • 1818 — велосипед
  • 1820 — арифмометр
  • 1832 — динамо-машина
  • 1832 — электр телеграф
  • 1832 — электр генератор
  • 1834 — бүтүндөй металлдан жасалган суу астында сүзүүчү кеме
  • 1834 — туруктуу токтуу электр кыймылдаткыч
  • 1837 — муз жаргыч кеме
  • 1840 — кызуу лампасы
  • 1843 — ротациялык басма машина
  • 1850 — компрессордук муздаткыч
  • 1859 — ичинен күйүүчү кыймылдаткыч
  • 1850 — идиш жуучу машина
  • 1857 — сүрөт сканери
  • 1860 — чаң соргуч
  • 1862 — ок чачкыч (орусча пулемёт)
  • 1868 — тасмалуу конвейер
  • 1870 — Мекарскийдин пневматикалык кыймылдаткычы
  • 1876 — трансформатор
  • 1876 — телефон
  • 1878 — Чебышёв механизми
  • 1885 — бензин кыймылдаткычтуу авто унаа
  • 1885 — өзгөрмө ток электр кыймылдаткычы
  • 1887 — тепловоз
  • 1887 — радио кабылдагыч
  • 1895 — зымдуу магнитофон
  • 1895 — радар
  • 1898 — аралыктан башкаруу пульту
  • 1900 — автоматтык мылтык
  • 1902 — кондиционер
  • 1903 — учак
  • 1903 — электр үтүк
  • 1904 — теплоход
  • 1904 — танк
  • 1904 — электр кир жуучу машина
  • 1906 — сыналгы
  • 1913 — түз агымдуу аба-реактивдүү кыймылдаткыч
  • 1913 — канаттуу ракета
  • 1925 — тасмалуу магнитофон
  • 1925 — пилотсуз автомобиль
  • 1925 — транзистор
  • 1926 — суюктуктуу ракеталык кыймылдаткыч
  • 1928 — адам сымал робот
  • 1930 — газ турбиналуу кыймылдаткыч
  • 1931 — шарлуу калемсап
  • 1938 — санарип компьютер
  • 1938 — көчүрүүчү аппарат
  • 1939 — отун элементи
  • 1942 — автомат (курал)
  • 1942 — өзөктүк реактор
  • 1946 — электрондук эсептөөчү машина (эвм)
  • 1946 — микро толкундуу меш
  • 1954 — робот-манипулятор
  • 1956 — видеомагнитофон
  • 1956 — компьютердик тармак
  • 1956 — мазер (кванттык генератор)
  • 1957 — Жердин жасалма жандоочусу
  • 1957 — интернет
  • 1959 — автоматтык планета аралык станция
  • 1959 — атомоход
  • 1960 — лазер
  • 1961 — пилоттолуучу космос кемеси
  • 1962 — жарык диоду
  • 1963 — компакт-кассета
  • 1965 — «космостук» шарлуу калемсап
  • 1968 — микропроцессор
  • 1970 — планетоход
  • 1971 — орбиталдык станция
  • 1973 — уюлдук телефон
  • 1973 — колдонуучунун графикалык интерфейси
  • 1975 — персоналдык компьютер
  • 1981 — космос кайыгы
  • 1985 — принтер
  • 1994 — DVD-ойноткуч
  • 1995 — DVD
  • 1995 — социалдык тармак
  • 1997 — планшеттик компьютер
  • 2010 — персоналдык автоматтык транспорт
  • 20?? — наноробот
  • 2013 — робот-астронавт

Техниканын негизги көрсөткүчтөрү

Техникалык прогресстин негизи — бардык техника түрлөрүнүн негизги көрсөткүчтөрүн жогорулатуу. Мындай процесс модернизация (жакшыртуу) аталат.

Акыркы жылдары (2021) техникалык түзүлүштүн экологиялуулугу, эргономикасы, тышкы эстетикасы сыякту экинчи ролдогу көрсөткүчтөргө көбүрөөк көңүл бөлүнүүдө. Учурда (2021) көптөгөн тармактардагы жакшыртуулар дал ушул багытта жүрүүдө. Эгер түзүлүштөрдүн ыңгайлуулугун жана тышкы көрүнүшүн жакшыртуу акыркы колдонуучулардын талаптарына ылайык ишке ашырылса, экологиялык көрсөткүчтөр негизинен мыйзам тарабынан туураланат.

Ротордук экскаватор
Ротордук экскаватор, булар гигант техникаларга таандык болуп, мындайлардын ичинде 1978-жылы Krupp немец компаниясы тарабынан курулган «Bagger-288» гигант-экскаваторун мисал кылса болот.

Илим жана техниканын байланышы

Өнүгүү көз карашында илим жана техника өтө бекем байланышта. Эгер байыркы заманда техниканын өнүгүүсү тажрыйбанын негизинде (эмпирикалык) ишке ашса, учурда бул процесс фундаменталдык ачылыштардын кесепети катары жаңы илимий билимдин жана изилдөөлөрдүн кесилишинде жүрүүдө. Өзөктүк реактор же заманбап компьютер сыяктуу түзүлүштөрдү жасоо үчүн, алдын-ала шарттары, аларды жасоонун негизинде жаткан физикалык, химиялык жана башка процесстерди терең изилдөө кирет. Бир жагынан, илимий изилдөөлөр жогорку деңгээлдеги заманбап техникасыз дээрлик мүмкүн эмес болуп калды, мындай тармакта дайыма эң алдыңкы иштеп чыгуулар колдонулат, мисалы, Чоң адронндук коллайдерди айтса болот.

Ошентип, илим жана техниканын синхрондук (чогу) өнүгүүсү адам цивилизациясынын техника жолунда алга жылуусунун алмаштырылгыз эрежеси. Мындай жол кээде сын-пикирге кабылса дагы, учурда буга альтернатива жок.

Техника жана коом

Акыркы жүз жылдыктарда техника адам коомунун социалдык-экономикалык түзүмүнө чечүүчү таасир этти десе болот. Дал ошол машиналык өндүрүш феодалдык коомдон заманбап капитализмге өтүүгө алып келди, ал эми тиричилик жана керектөөчү техниканын өнүгүүсү заманбап батыш цивилизациясын түздү.

Аскер техникасындагы алга жылуулар, өзгөчө массалык жабыркатуу куралдар чөйрөсүндө, согуш жүргүзүүнүн ыкмасын радикалдуу түрдө өзгөртүп, алдыңкы дүйнөлүк мамлекеттердин ири масштабтуу кагылышууларын өтө төмөндөттү. Өзөктүк куралдан кийин, учурда (2021) алдыңкы державалар лазердик куралды өтө активдүү өнүктүрүп жатышат, жана кээ бир маалыматтар боюнча лазердик курал чечүүчү артыкчылыкка алып келет делет. Ошондой эле, учурда, «өлүмгө учуратпаган» куралдын түрлөрүн иштеп чыгуулар жүрүүдө, булардын кеңири колдонулушу келечектеги согуштардын стратегиясын жана тактикасын өзгөртүшү мүмкүн.

Эгер техниканын өнүгүүсүн оң же болбосо жакшы жагынан караганда, акыркы жылдары жаңы тармакты жана багытты өнүктүрүү ири капиталдык жана интеллектуалдык чыгымдарды талап кылууда. Бул кеңири эл аралык кызматташууга алып келүүдө, мисалы, космос, фундаменталдык физикалык изилдөөлөр, энергетика чөйрөлөрүндө.

Техникалык түзүлүштөр

Бул толук эмес тизме, жана белгилүү бир толуктуулук стандарттарын эч качан канааттандырбашы мүмкүн. Сиз бул тизмени авторитеттик булактардан толуктасаңыз болот.

  • Кыймылдаткычтар
    • Ичинен күйүүчү кыймылдаткыч
    • Электр кыймылдаткыч
    • Буу машинасы
  • Өнөр-жай
    • Машинакуруу
    • Станок
    • Аспап
    • Шайман
    • Автомат
    • Өнөр-жай автоматикасы
    • Редуктор
    • Конвейер
    • Өнөр-жай транспорту
    • Робот (термин)
  • Тоо-кен техникасы
  • Айыл-чарба техникасы
  • Транспорт
    • Аба транспорту
    • Космос транспорту
      • Пилотсуз космос аппараттары
      • Пилоттолуучу космос аппараттары
    • Темир-жол транспорту
    • Рельссиз транспорт
    • Жеке автоматтык транспорттук
    • Суу транспорт
  • Полиграфия
    • Фототоптом
    • Түс бөлүштүрүү
    • Басма жабдуу
  • Тиричилик электроникасы
    • Телевизор
    • Магнитофон
    • Музыкалык борбор
    • Үй кинотеатры
    • Видеомагнитофон
    • DVD-ойноткуч
  • Тиричилик техникасы
    • Газ плита
    • Микротолкундуу меш
    • Идиш-аяк жуучу машина
    • Чаң соргуч
    • Кир жуучу машина
    • Үтүк
    • Муздаткыч
    • Тигүүчү машина
    • Электр плита
  • Оптикалык приборлор
    • Дүрбү
    • Телескоп
    • Микроскоп
    • Кароочу түтүк
    • Оптикалык мээлегич
    • Түнкү көрүү прибору
    • Лазерлер
  • Эсептөөчү техника / компьютердик техника
    • Персоналдык компьютер
    • Сервер
    • Ноутбук
    • Чөнтөк персоналдык компьютери (ЧПК, орусчасы КПК)
    • Принтер
    • Сканер
    • Мониторлор
    • Модем
    • Аппараттык камсыздоо
    • Нейрондук тармак
  • Байланыш
    • Телефон
    • Уюлдук телефон
    • Автоматтык телефон станциясы
    • Спутник байланышы
  • Тармактар
    • Компьютердик тармак
    • Интернет
    • Локалдык тармак
    • Пиринг тармагы
  • Робототехника
    • Өнөр-жай роботу
    • Тиричилик роботу
    • Үй роботу
    • Согуштук робот
    • Окуу роботу
    • Спорттук робототехника
  • Электроника
    • Лампалар жана лампалык техника
    • Транзистор
    • Интегралдык (кошулуучу) микросхема
    • Микропроцессор
    • Импульстардын электрондук эсептегичи
    • Белгилерди санарип иштетүү
  • Электротехника
    • Трансформатор
    • Электр машина
      • Электр генератор
      • Электр кыймылдаткыч
  • Энергетика
    • Электрстанция
    • Атом электрстанциясы
    • Өзөктүк реактор
    • Буу турбинасы
    • Электр берүү жолдору (линиялары)
  • Техника жана маданият
    • Фото сүрөт
    • Кинематограф

«Техника» термини натыйжага жеткирген бардык нерселерди камтыйт, «технология» термини — натыйжага жетүү үчүн колдонулган ыкмалар. Биричинчиси «эмне менен», экинчиси «кантип» деген суроолор менен байланышкан.

Жайгаштыруу: 2021-12-26, Көрүүлөр: 3988, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо