Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Текечер жана бийкеч

Ийгиликтүү биримдиктердин бири болуп, мында өз ара түшүнүүлөр жана бир тууган жан дүйнөлөр кездешет. Токтоо жана сак Бийкечтер өз өнөктөшүнүн кемчилигин жана наркын жакшы билет. Текечер болсо Бийкечтер үчүн чыгармачылык башаттын жана сүйүүнүн символу. Өз жашоосуна ыраазы болбогон жана кез-кез депрессия жана меланхолияга чөмүлүп туруучу Текечерлер үчүн Бийкечтер жылуулуктун булагы сезилет. Бийкечтер болсо Текечердин чыгармачыл умтулууларын өзүнүн жан дүйнөсүнүн өнүгүүсүнө түрткү катары кабыл алат. Көп учурда мындай биримдикте Бийкечтер өз кызыкчылыгынын жана ден-соолугунун чыгымдарына карабастан, маселенин материалдык жагын өз мойнуна алууга даяр. Бирок Текечерлер Бийкечтерди жумуш жана социалдык өсүү жаатында колдоосун мүдөөлүк жактан көрсөтөт. А бул пракматикалык Бийкечтер үчүн абдан маанилүү. Мындай биримдикте айрыкча Текечерлер шыктандыргыч болуп, ал эми Бийкечтер аткаруучунун ролунда болот.



Туруктуу болуп калган Текечерлердин үй-бүлөөгө болгон көз карашы, Бийкечтерди өзгөртүп, жол берүүлөргө барууга аргасыз кылат. Бирок Текечерлерге да өзүнө чектөөлөрдү коюууга зарыл болот. Анткени, Бийкечтер тартиптештирилген тиричиликти каалаганы менен, үйдөгү идеалдүү тартипке караганда, жалпы жашоодогу тартипке умтулат. Мындай ички дискомфорт үй-бүлөөдөгү түйшүктөргө алып келиши мүмкүн. Бирок, башка жааттарда булар дайыма кризистик кырдаалдарда бири-бирине жардамга келүүчү идеалдуу өнөктөштөр, кесиптештер, достор. Бул түгөйлөр активдүү социалдык жашоодо болуп, булардын жалпы достору жана тааныштары көп болот.



Бийкечтер жашоосуна бир гана ишенимдүү түгөй издейт, жана баш-оту менен кирип кетпейт, ошондуктан мындай берилген белгини табуу кыйын. Бийкечтер өзүнө чыныгы кымбат адамды өз камкордугу жана көңүлү менен куурчап алат. Булар ар кандай уруш-талаштардан алыс болуп, жумшак жана назик натурага ээ. Бийкечтерге Текечерлердин мамиледеги тууралыгы жана ишеничтүүлүгү, ошондой эле алардын бир максатка умтулуусу кызыктырат.



Текечерлер табияты боюнча кичине түнт болуп, жакын адамы тарабынан сүйүүгө жана камкордукка муктаж болгону менен, кээде өз айланасында кандайдыр бир эмоционалдуу дубал жасап алышат. Бирок, көп убакта Текечерлер кичине оройлук маскасын кийип алып, өзүнүн жаралуу жана назик жан дүйнөсүн катып жүрөт. Өз сезимдерин кармоо адаты Текечердин бир болугу болуп калат. Көп учурда Текечерлер үй-бүлөөнү кандайдыр бир социалдык деңгээлге жеткенден кийин курушат. Бирок Бийкечтер өзүнүн тактикасы менен Текечерледи өзүнө буруп, мындай адамдарга бүт деңгээлдерде жол ачып, тил таба алышат. Эң башкысы, жылтылдаган учкундарга кызыгууну көрсөтүү зарыл, бирок эч качан жеңил ойлуулукту эмес.



Сүйүү мамилелеринде Бийкечтер менен Текечерлер бири-бирин эң-жакшы толукташат. Бийкечтер Текечерлердин интимдик жашоосуна кандайдыр бир сезимталдуулукту жана боштондукту алып келет. Бийкечтер Теркечерлердин мүдөөлүктүгүн жана жаралуу сезимдерин назик жана тажатпай ачууга жардам көрсөтөт. Текечерлер үчүн сексуалдык айкалышуу абдан маанилүү, анткени, Текечер менен узак убакытка созулуучу мамиле түзүү үчүн физикалык деңгээлде гана эмес, мүдөөлүк деңгээлде да биригүү маанилүү.



Балдардын төрөлүшү, Бийкечтер менен Текечерлердин биримдигин көп жылдарга бекемдейт.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 1113, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо