Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Текечер жана букачар

Баш барак | Гороскоп | Текечер жана букачар

Бул эки зодиак белгисин ишенимдүүлүк жана чыдамдуулук бириктирип турат. Букачарлар үчүн Текечерлер жөн эле таяныч болбостон, мугалим жана устат болот. Ал эми Букачардын колдоосу, өз учурунда Текечерлер үчүн абдан маанилүү. Бирок Букачарлар өзүнүн берилгендигин тастыктоо зарыл, ошондо Текечерлер алардын көңүлүн калтырбайт. Бул Букачарларга пайдалуу да болот, анткени булар кичине инерттүү келет, Текечер болсо буларды толуктайт жана шыктандырат, а бул өз учурунда булардын мамилелерине романтикалуулукту жана багыттуулукту берет.



Букачарлар Текечерлерди кезиктирген күнүн эч качан унутпайт, анткени, бул күн алар үчүн көз ачылуу күнү болот. Тагдырдын буларга бири-бирин таанып билүүгө мүмкүндүк бергени үчүн экөө тең жагымдуу таң калычта болот, бирок шашылуунун кереги жок. Букачар менен Текечерлер ушунча бири-бирин түшүнүп, бири-биринин жоопкерчиликтерин моюндарына алууга даяр болуп, булардын мамилелерин бузуу абдан оор, жана мындайга көпчүлүк адамдар суктанышы мүмкүн.



Эмнеси болсо да, өз ара бири-бирин түшүнүүлөр бул экөөнүн ортосунда эң бийик деңгээлде болот. Булардын мамилелеринде романтика аз деп кимдир бироолор айтышы мүмкүн, а бирок буларда чыдамдуулук көп, ал эми чыдамдуулук бул - эң чоң кайраттуу сезимдердин бири. Ооба, булардын экөө тең ыр жазууга шыгы жок, бирок булардын чыгармалары - жашоонун озу, а бул ырлардан дээрлик маанилүү.



Букачарлар өзгөрүүлөрдү жактырбай, аларга каршылык көрсөтөт, ал эми сезимдерин болсо, качан убактысы келгенде гана көрсөтөт. Букачарлар өткөн күнгө байланган болуп, сентименталдуу болушу мүмкүн, а бирок бул аларды сактап турат. Ушул сапаттарга себеп болуп Букачарлардын сезимдери калкылдабай туруктуу турат. Букачарлар окуяларды эч качан шаштырбайт, булар өз максаттарына шашпай жылып отурат, мындай кадамдар болсо, Текечерлердин кызыгуусун жаратат. Пассивдүүлүк менен кызыктыруу, балким бул талант.



Ошондой эле Букачарлар тышкы жана ички сулуулукка ээ, жана бул Текечерлерге маанилүү, анткени, булар өзүн жападан жалгыз жана кайталангыз асыл буюмдун ээси катары сезгенди каалайт. Текечерлер эч качан жетишпегендикти сезбей, ыраазы болуп, тынч жана көңүлү ток болот, ал эми Букачар болсо мындай белек тартуулаганы үчүн эле бактылуу болот. Бул экөөнү окшош деп кимдир бирөө айтышы мүмкүн, ар бирок ал адам жаңылышкан болот, анткени булар күн чыгыш менен күн батыштай ар түрдүү.



Букачарлар коомдун кабыл алуусун жана таануусун сейрек издешет, а Текечерлерди ушундай деп айтууга болбойт. Текечерлердин сырдуу жайлуулугу ички бороон-чапкын маанайын катып турат - анткени булар жашоо үчүн күрөштө биринчи жана аякы адам эмес. Көп учурда булар санааларын ичине катып жүрөт, мындай санаалар алардын ден-соолугуна залакасын тийгизиши мүмкүн, Букачар болсо аны билет, ошондуктан ал Текечердин бороон-чапкындаган жан-дүйнөсүн тынчтандырууга жардамын көрсөтө алат. Жана Букачарлар гана Текечерлердин мүнөттүк алсыздыгын сездирбей жардам бере алат, а бул абдан маанилүү. Букачарлар чыдамдуу келип, буларды тарынтып алуу оор.



Экөө бири-бирин жөн эле түшүнө бербестен, бири-бирин сезип турушат, бул болсо мырза менен айым ортосундагы мамилелерде абдан маанилүү. Букачарлар Текечерлерге ушундай сонун жөнөкөй сүйүү тартуулап, буга каалаган романтиктердин суктануусуу жаралат, жана мыдай сүйүү экинчисинин ушундай катуу сезимдерин ойготуп, мындай сезимдерди эч ким буза албайт. Бирок муну алар кантип жасайт, аны өзүлөрү гана билет.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 1250, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу