Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Текечер жана текечер

Баш барак | Гороскоп | Текечер жана текечер

Мындай нике көп учурда биринчи жана акыркы сүйүүнүн жыйынтыгы болот. Эки Текечер, шартка ылайык көңүл калууларды, ажырашууларды тааныбайт. Бирок бул Текечерлердин бир көз караштан сүйүп калат дегенди түшүндүрбөйт. Албетте, андай учурлар да болот, бирок көпчүлүк Текечерлер үчүн өз өнөктөшү менен өмүр бою бир бөлүүнү сезүү үчүн биринчиден изилдеп-иликтеп алуу зарыл.



Текечерлер жаш кезинде бири-бирин кысмалашат, бирок убакыттын үтүшү менен көрүнбөгөн байланышты сезишип, курактык жетилгенин жана сактыгын башкарууну үйрөнүп, аны назиктик жана туруктуулукка алмаштырат. Кээбир Текечерлердин жашы өткөн сайын кежирлиги жана кыжырлануусу чыга баштайт. Бирок ошону менен бирге булар башка адамдарга абдан кызыгууну жаратат.



Биртуугандар менен болгон оор мамилелер никени бузуп коюушу мүмкүн. Ошондуктан никелешүүдөн мурда, өз ара түшүнбөстүктөр болбосу үчүн, үй-бүлөөсү менен бири-бирин тааныштырып коюуу зарыл, жана канчалык эрте болсо ошончолук жакшы болот. Бардыгы болбосо да, көпчүлүк Текечерлер өз ата-энелерине берилген болуп, өз үй-бүлөөсүндөгү мамилелери кээде маанайына төп келбейт. Өз көз караштарын Текечерлер алмаштырбоосун түшүнүү маанилүү. Бирок, бул эсеп аркылуу курулган нике, канчалык узак мөөнөткө созулса, ошончолук романтикалуу боло баштайт.



Эмнеге Текечерлер өз ара жакшы айкалышат? Текечер-мырзадан башка эч ким Текечер-айымдын көз карандысыздыгын, күч-кубатын жана акыл-эсин баалай албайт. Текечер-мырзалар алардын кежирлигин да, ички жумшактыгын да билип, аял катары абдан баалайт.



Булар түгөйүнүн кемчиликтерине сейрек арызданат, анткени булардын кемчиликтери окшош. А бирок булар өз өнөктөшүнүн мактоодо болушун абдан жакшы көрүшөт, анткени булардын наркы да бир.



Булар бир эмгектенип, жөнү жок сөздөргө алагды болбой, салттуулуктарды жана негизги иштерди так түшүнүп, бирге кадам шилтешет. Бул никеде булардын экиге көбөйтүлгөн сактыгы тоскоолдуктарды жаратпаса, булар сөзсүз өз максаттарына жетишет. Үй-бүлөө башчысы ким деген суроо боюнча ар-кандай уруш-талаштар чыгышы мүмкүн, бирок бул учур дагы булардын кыжырын келтирбейт. Биримдикте булар өзүлөрүн жакшы сезишип, башка зодиак белгилерине карганда экөөнүн биримдиги түнт мүнөздөрүн азайтат.



Эң башкысы, булардын бири-бирине болгон абсолюттук ишеними, ошондуктан болуп жаткан иштерде булар бири-бирин башкарбайт, баалабайт жана бир нерсени жалгыздыкта жасабайт. "Өлө жегиче, бөлө же" - дегендей, булар баардыгын адилеттүүлүк менен бири-бирине бөлүшөт. Өз ара ишенимдик, түйшүктөрдү жалгыздыкта чечүүдөн бошотот. Ошондой эле камкордуктарды да адилеттүү бөлүшүп, бири-бирин тиричилик түйшүктөрүн азайтат. Булар иш жаатында чыныгы шериктеш, жумушта чыныгы жардамчы жана эс алууда чыныгы достор болот.



Эгер булардын экиге көбөйтүлгөн токтоолугу абдан көп болсо, үйдө достордун жетишпестиги сезилип, ал эми бардык жагынан үнөмдөөгө умтулуулары материалдык жактан кыялдардын орундалышына жол бербейт.



Физикалык тартылуулар бул экөөнүн ортосунда абдан аз, бирок бул түгөйлөргө анын кереги деле жок. Булар эмгектенгенди жакшы көрүшөт - эки Текечердин иш-аракеттеринин жыйынтыгы балдарына гана эмес, небере, чөбөрөлөрүнө да жетет.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 1555, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу