Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Текеев Иманбек

Баш барак | Биографиялар | Текеев Иманбек

(1896, Тоң району, ДөңТалаа айылы —1946, өлгөн жери белгисиз) - Кыргызстанда Кеңеш бийлигин чыңдоо үчүн күрөшкөндөрдөн. 1919-жылдан КПСС мүчөсү. 1918-жылы Ферганада (Анжиян уездинде) котормочу болуп иштеген, басмачыларга каршы салгылашка катышкан. 1923—24-жылы Караколдо жер бөлүмүнүн башчысы, жер курулупггарынын төрагасы. 1924-25-жылы Каракол уезддик-шаардык ревкомдун катчысы, андан кийин Кыргыз АОнун Жалал-Абад, Каракол округдары, Фрунзе кантону боюнча прокурордун жардамчысы, Кыргыз АОнун Башкы сотунун төрагасынын орун басары, 1927-жылы мартта Кыргыз АССРинин кайрадан уюшулган Башкы сотунун төрагасы болуп шайланган. 1928—29-жылы Москвадагы Жогорку укук курсунда окуган. 1929—33-жылы Кыргыз АССР жер ииггетүү эл комиссарлыгында сектор башчы, эл комиссарынын орун басары, 1933—34-жылы облустук мал чарба трестинин директорунун орун басары, 1934-36-жылы партиянын Мургаб райкомунун катчысы, Тажик АССРиндеги Көк-Таш райаткомунун төрагасынын орун басары болуп иштеген. 1937-жылы репрессияланып, 1946-жылы түрмөдө өлгөн.

1979-жылы толук акталган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 861, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу