Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Телевизор

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Телевизор

Телекөрсөткүчтө сүрөттөлүш кинескоптун экранында - электрон нур түтүгүндө пайда болот. Экрандын ич жагындагы жарык сызыктарын жарык нуру эмес, электрондордун жыш шооласы - электрон нуру пайда кылат. Кинескоптун экранынын ич жагы өзгөчө зат - люминофордун жука катмары менен капталган. Эгерде ага электрондордун жыш шооласы тийсе, ал жаркырайт. Электрон нуру люминофордун бир бөлүгүндө жаркыроо пайда кылат да, андан кийин коңшу бөлүгүнө которулат. Биринчиси өчүп, коңшу бөлүк жаркырай баштайт.

Биздин көзүбүз муну байкоого үлгүрбөйт, анткени нур телевизордун экранындагы сап боюнча өтө тездик менен - секундасына 25 жолу өтүп турат! Телекөрсөткүчтү телеберүүлөр жок кезде иштетип көргүлөчү. Жаркыраган экрандан нурлары экрандын ич жагынан электрон сызган айрым саптарды ажыратып көрүүгө болот. Алардын саны - 625. Ал эми телекөрсөткүчтүн экранында сүрөттөлүш кантип пайда болот? Ал телестудиядан берилет. Телекамера тартып алган адам жана ар түрдүү нерселерден чагылган жарык нуру телекамеранын объективине келип тиет да, сүрөттөлүштүн электр сигналдарына айланат. Жарык телекамеранын негизги тетигинде - телекөрсөтүүнү берүүчү түтүкчө кайрадан электрге айланат. Телекамера менен байланыштырылган радиобергичтин антенналары телемунарадан ар тарапка радио толкундарын таратып турат. Ошентип, телестудиядан алынган сүрөттөлүш сигналдары радио толкундардын жардамы менен жер атмосферасына тарайт.

Үйдөгү телекөрсөткүчтүн экранында электрондук нур кандай тездик менен чуркап турса, телестудиядагы радиобергичке сүрөттөлүш сигналдары да биринин артынан бири дал ошондой ылдамдык менен келип турат. Башкача айтканда, телекамера көрүп турган сүрөттөлүш бир секундада 25 жолу берилет. Ошол 25 сүрөттөлүштүн ар бири жарым миллиондон ашуун электр сигналынан турат. Телекөрсөткүч телеборбордон радиотолкундарын кабыл алып, сүрөттөлүш сигналдарын бөлүп чыгарат да, аларды кайрадан сүрөттөлүшкө айландырат. Студиядагы микрофон аркылуу кабыл алган үн да радиотолкундар аркылуу берилет, бирок башка сигнал бергич, башка толкун менен берилет. Телекөрсөткүч сүрөттөлүш сигналдарын кабыл алары менен ал сигналдар ошол замат кинескоптун электрон нуруна таасир этет. Сүрөттөлүштүн алсыз сигналдары нурду начарлатып, күчтүү сигналдары экрандын люминофоруна түшүүчү электрондордун агымын күчөтөт. Электрондордун агымы канчалык көбөйгөн сайын, люминофор да күчтүү жаркырайт ал эми аз болсо - күңүрттөнөт.

Ошондуктан, экрандын кээ бир жери агарып көрүнөт, аны биз сүрөттөлүш катары кабыл алабыз. Түстүү телекөрсөткүчтөр да ушундай эле тартипте иштейт. Бирок аларда сүрөттөлүш сигналдарынын тобу татаал, анын кинескобунун саптары боюнча бир эмес, үч электрон нуру өтүп турат. Ар бир нур экрандагы өзүнө гана тиешелүү бөлүкчөлөрдү же кызыл, же көк, же жашыл кылып жарык кылат. Бул бөлүкчөлөрдөгү люминофордун химиялык курамы да бирдей болбойт: электрондук нурдун таасири менен алардын бири - кызыл, экинчиси - көк, үчүнчүсү жашыл түс чыгарат. Түстүү телекөрсөткүчтүн экранында бир эле мезгилде түрдүү түстөгү үч сүрөттөлүш тартылат.

Бирок биз алардын ар бирин бөлөк-бөлөк көрө албайбыз. Кызыл, көк, жашыл нурлар аралашып башка бир түстү пайда кылат. Ошентип биз түстүү сүрөттөлүштөрдү көрөбүз. Бирок мунун баары 30-жылдай мурда болчу. Азыркы телевизорлор жана телеберүүчү студиялар таптапкыр башка приципте иштешет.

Азыркы телевизордун көлөмү абдан кичине, көрсөтүүчү бетинин аянты чоң, салмагы женил, электр энергиясын аз сарптайт, көрсөтүү сапаты жогору. Азыркы жаштар кинескоп деген сөздү көп түшүнбөйт болуш керек, анткени азыр телевизордун экраны көбүн эсе монитор деп аталат жана кинескопко таптапкыр окшобойт. Мурдагы телевизор кандай болгон? Салмагы оор (кээ бир чон телевизорлорду эки, үч кишилер араң көтөрүшкөн), экранынын аянты кичине жана томпок (учактын же суу астында жүрүүчү кеменин томпок терезесин карагандай сезилет), көлөмү чоң (каалаган жерге жайгаштыруу оңой эмес), көрсөтүү сапаты эң төмөн (анча-мынча тексттер окулбайт, көпкө көрүп отурса көзгө зыян, анткени экран секундасына 25-60 жолудан ирмелип турат), башкаруу системасы телевизордон көз каранды, башкача айтканда ТВнын үнүн чоңойтуу же башка каналга которуу керек болсо ТВнын жанына барып которуу керек (ПТК - Переключатель Телевизионный Каналов). Түстүү телевизорлор жокко эсе болуучу. Жалан ак/кара түстө көрсөтүүчү телевизорлор. Электр энергиясын сарпташы саатына 500-800 Ватт. Радио кабылдагычы абдан начар (кабылдагыч антенна кичине кыйшайса ТВ көрсөтүүлөр началап кетүүчү). Азыр телевизорлор кандай?

Салмагы мурдагы телевизорлордон 10-15 эсе жеңил. Экранынын аянты чоң жана тегиз. көлөмү кичине (телевизорду каалаган жерге койсо болот, ал гана эмес дубалга да асып койсо болот). Көрсөтүү сапаты жогорку, көбүнчөсү компьютерлерге кошулат. Телевизордон көз карандысыз башкаруу системасы (Дистанциондук башкаруу пульту). Электр энергиясын сарптоосу эң төмөн, саатына 25-100 Ватт.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 2863, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо