Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Теңирчилик дини

Баш барак | Кыргызстандын тарыхы | Теңирчилик дини

Бул тирүүлүктө ар адамдын башына сөзсүз оор соболдор келет: Мен киммин? Кайда барам? Кантип жашайм? Жашоодогу максатым эмне? Түйшүк, кайгыдан кантип кутулам? Андай суроолорго жер каймактагандан бери жооп табыш үчүн эс акылы бар, алдастабаган ар адам Кудайга, же ыйыктарга, же табиятка кайрылып, сыйынып келген. Илгерки бабаларыбыз көчмөндүк жашоо-турмушунун запкысынанбы, же табиятка коюндаша жашаганынанбы, же жараткан берген сергектигиненби, айтор Теңирдин кудурет-кусурун башка элдерден эрте тааныган. Теңирге тайынууга бабалар күн ызатынан кийин өткөн деген божомол бары чындык. Кыргыздар алмуздактан (неолит доорунан) берки аңызында, дүйнө таанымын - да ааламдагы жашоо-тиричилик үч катмардан: үстү - Көк асмандан, ортосу - Жер үстүнөн жана төмөнкүсү - төшү түктүү кара жердин астынан турат деп жедеп ишенишкен. Алар Көктү, жер-сууну Көкө Теңир башкарат, а кара жер астын Эрлик хан (Жердик кан) тейлейт деп караманча ынанышкан.

Эзелки кыргыздар адамзат менен жаратылышты көзөмөлдөгөн дагы тогуз Теңирге: Күн Теңирине, Ай Теңирине, Жылдыз Теңирине, Жер Теңирине, Суу Теңирине, Тоо Теңирине, От Теңирине, Баба (арбактар) Теңирине, Кан (согуш) Теңирине табынган. Ыйыктардын эң ыйыгы, Теңирлердин улугу Көкө Теңирдин буйругу менен кыбыр эткен жан-жаныбарга, желге ыргалган чөптөн Чынар Терекке, тамчы суудан дайрага дейре өсүп-өнүп тиричилигин улантат дешкен. Теңир Көктө, ал жактан жерди коргойт, атпай журтка бейпилдик жиберет, жоо-жоболоңдон колдойт, ханга адилет бийлик, акылмандык берет, ар пенденин бешенесине жакшылык ыйгарат, оорудан, жинден, өлүмдөн сактайт, адамдын өмүрүн узартат, күч-кубат берет, жолун ачат, кымындай күнөөңдү, а түгүл жиниң келгенин билип турат, дили жаманга жаза берет, жолун торойт деп ырым санашкан. Илгеркилер буюрган насибин ооз тийгенде да, жолго чыкканда да, тойдо отурганда да, жоого аттанганда да, деле башка нечен жакшылык менен жамандык, кыйынчылык менен шаттык башынан өткөндө ири алды Теңир Ата ыйыкка сыйынган, Жаратканга биротоло ишенип, небир алпейим күндүү сөздөр таап жалбарып, тилек айтып, чын ыкластан ырым-жырымдарын жасашкан. Теңирчиликтин өткөн жолуна сереп салсак, анын өнүгүп өсүш жолу жөнүндө төмөнкүдөй таржымал чийилет: эң алгачкы аңыз, көз боёчулук, сыйкырчылык, ырым - жырым жол-жоболорунун жаралышынан, бакшылык үгүтүнөн, андан соң өркөнүбүз өсүп, акылыбыз жетилген сайын адамдын денеси менен жанынын бөлүнүшү жөнүндө түшүнүк (анимизм) кеңейип, жалган дүйнө, чын дүйнө ажырымы ачылып отуруп, акыры жогорку күчтү, адам өзүнүн акыл оюн, кудуретин, мүмкүнчүлүгүн таанууга жол ачылган.

Соңунда уруулардын башы кошулуп, социалдык түшүнүк кеңейип, эски жомок бүтүп, уруулук коомдон улуттук мамлекеттик коомго өткөн кезде, көп кудайдан (политеизмден) бир кудайды таануу (монотеизм) жолу ачылган. Ал эми бабалардын дүйнө таанымынын баскан жолу: бир, же көп кудайды ыйба карап, назар салып ага ишенген, табияттан башка да сырдуу күч бардыгына ынанган, адамдын жалпы көз караштарынан, байыртан берки түпкүлүктүү диний аңдоосунан, ырасым-адаттар санатынан, ыйык ишенимден жаралган жана өсүп өнүккөн. Акыры Теңирчилик дини табияттагы жана коомдогу көрүнүштөрүн, чындыктын мыйзам ченемдүүлүктөрүн, касиеттерин аңдатып түшүндүргөн, адамдын аң-сезимин, жүрүм - турумун түз жолго салып келген. Жалпылатып айтканда, дин - адам баласынын жашоосунда кара жаны, өмүрү жана кайгысы менен өлүмдү жеңиш үчүн болгон узаккы күрөшү десе да жарашат. Ал бабалардын уюткулуу акыл-ою, аруу сезими, кең дүйнө таанымы, чалкар рухий дүйнөсү салттуу тарбия жолу. Кыргыздардын б. з.ч. II кылымда эле Теңир динине сыйынганын байыркы кытай жазмалары тастыктайт. булга чейин эле кыргыздардын түпкүлүктүү эл болуп, калып - танган дини бардыгы чындык. Анткени, ошол доордо кыргыздардын Алтайда Көкө Теңирге сыйынган ибадатканалары болгонун дагы эле кытай жазмалары далилдеп жатат.

Энесайлык кыргыздардын (V-XII) атайы тоопканаасында (сыйынар үйүндө) түштүктү карап, кыркаар тартып отурушуп, жыттуу нерселерди коюшуп, жай жобурашып сыйынышкан экен. Муну X кылымдагы саякатчы Мысар дагы тастыктайт. Кытай тарыхчыларынын айтуусунда кыргыздар менен кошуна алакалаш жашаган огуздар, хундар да, сактар, динлиндер, үйсүндөр да (усундар), дөөлөстөр да ж. б. көчмөндөр Теңирге сыйынышкан экен. Кытайдын VI кылымдагы Вэйшу жылнаамасында Бешинчи айдын ортоңку он күнүндө журтту жыйнап, өзөн боюнда асман рухуна арнап курмандык чалат деп айтылган. Байыркы бабаларыбыздын көкө Теңирге сыйынганын бизге жеткен аңыздар аркылуу баяндап, элестетип көрөлү. Адегенде алар ыйык тоого чыгып, назыр тайып, от жагып, аластап дасторконго айран, ак быштак, курут жайган. Кээ бир кезде кыргыз ханы да өзү тайынуунун башында туруп, жол-жобосун, жосунун жасаган. Андайга бакшыларды катыштырган эмес.

Кээ бир зарыл учурда гана тайынууга ак сарайдын ыйыгы - бакшыга уруксат берилген. Алкыштоону каган ак шырдакка ак чачып, көктү карап, колун жайып тилек кылган: О көкө Теңир! Тогуз жалбырактуу ыйык кайың сайдык, Теңир! Тогуз козу биз сойдук, Теңир! Жакшылыкты жерге, элге жалга Теңир! Жамандыкты жерден, элден качыр Теңир! Жашообузду оңдо, Теңир! дешип, калган-каткан даам-ырыскыны улуу отко ташташкан. Сыйынсаң сый аласың, сыйынбасаң бир балээге кабыласың деген нарктуу сөз эл ичинде байыртан айтылат.

Кыргыздардын Теңирге сыйынганы Манас эпосунда да айтылат эмеспи: Кийингени көк темир, сыйынганы бир Теңир. Кыргыздар бала-бакырасына, келиндерине Теңирим жалгасын деп жакшылыкка алкаган. Бирөөлөрдүн алдында антташканда же каргыш айтканда Төбөсү ачык Көк урсун, төшү түктүү жер урсун! деп айтышкан. Башка бирөөлөргө нааразы болгондо Кудай Теңирин тааныбай калды, Теңирге койдум, Теңир ургур, Теңир соккур, Кудай аны каргасын, Теңир тепсесин дешкен. Же бейпилчиликте акыл насаат айтканда: Теңирге сыйын, Теңирди сакта, Теңирге тетири иш кылба, Теңирим бар, Теңир күбө, Теңирден башка кудурет жок, Теңирим бир жааса, терек эки жаайт, Бекерден теңирим безер ж. б. нускалаган. Байыркы кыргыздар адамдын жаны, руху өлбөйт дешкен. Ошондуктан көзү өткөн бабалардын кудуреттүү арбактары урпактарын оору, кырсыктан, балээ, жалаадан сактайт деп караган. Теңирге табынган ар бир кыргыз баласы ата бабалардын арбагы улуу, ыйык касиет деп сыйлап, аларды ыраазы кылыш үчүн кадыр үстүнө мазар куруу, эстелик орнотуу парз экенин билген.

Ата-энени, бабаларды көзү тирүүсүндө жана көзү өткөндө арбагын сыйлабаган урпактардын бактысы ачылбайт деп ынанышкан. Ата-бабанын арбагын сыйлоо жөнүндө нечен макал-лакап, осуят сөздөр, уламыштар, жомоктор, ырлар, дастандар, эпостор жана улуу Манас эпосунда да айтылат. Ата-бабанын арбагына арнап кыргыздар миң түркүн ырым жырымдарды, сыйынууларды, табынууларды өткөрүшкөн. Энесай кыргыздары бабаларынын ибадатканасына, көрүстөндөрүнө, мазарларга, мололорго барып, бир жерге топтолуп, арбактарга сыйынып, аларга арнап малды курмандыкка чалган. Бабалардын мүрзөлөрүнө барып, жыгачтарга ар түрдүү түстөгү чүпүрөктөрдү байлашкан. Ата бабанын арбагы тирүү жандарды жаман ой-санаадан, каргыштан, шайтан-шабырдан, бөөдө кырсыктан, оорудан, жаман ойдон, жоруктан, кордуктан сактайт дешкен. Теңирчиликтин таралышы. Көчмөн элдердин жашоо-тиричилигинен улам жаралган Теңирчилик дини Чыгыш-Батыштын, Африканын айрым элдерине жайылып, кылымдар бою жашап келген.

Бул динди бөлөк диндерге адеп кандай киши, кайсы эл чыгаргандыгы жөнүндө так маалымат жок. Алсак, Теңирчилик дини байыркы Кытайга көчмөндөрдөн тараганбы, же очогу ажактап конуш которуп, көчмөндөргө келе-келе жукканбы, азырынча ачык айтышка шаа жетпес. Чыгыш аброюнун түркүгүн түзгөн байыркы кытайдын рухий маданияты, дини, философиясы, ырым-жырымы жана адеп-ахлак сабагы байыркы көчмөн кыргыздардыкына көбүнчөсү окшошуп жаткандыгы бизди ойго салат. Тарыхый чындыкты тактап келсек, Теңирчилик дининин уюткусу да жана башка көчмөн элдердин маданиятына, диний ишенимине от тамызгы берген байыркы кыргыздар болгон. Теңирчиликтин максаты. Кыргыздардын рухий маданиятынын жана оозеки чыгармачылыгынын алгачкы үлгүлөрү жана өсүп-өнүккөн мезгили Теңирчилик доорунда пайда болду жана негизин түздү.

Теңир дининин асыл мурасы калктын рухий казынасын түзөт. Улуттук дүйнө тааным - улуттук рухтун кайнар Булагы. Кандай дин болсо да акыйкат чындыгы менен түпкү максаты, ошол аркылуу философиялык, адеп-ахлактык, эстетикалык илимдери болору маалым. Башка диндер адамды тигил дүйнөдөн көрүүчү азаптан коркуу, коргоо, куткаруу вазийпасы болсо, Теңир дининин түпкү максаты - адамды бул дүйнөдөн жарпы жазылып, өмүрдү эстүү ыкыбалда башкарууга жана жумшай билүүгө чакыруу болуп эсептелет. Кыргыз баласы Теңирге тынымсыз кулдук уруп, тиленип отура бербейт, ал бардык кудурет-күчүн Теңир берген касиетти бекер кордобой пайдаланууга, өзүнө каниет алып жумшоого умтулат, өмүрүнүн ырахатын, маани-маңызын жер бетиндеги тиричиликке байланыштырат, жарык дүйнөдө көзүн ачууга бардык мүмкүнчүлүгүн тиричиликке жумшаганга дилгирленет.

Улуттук дүйнө тааным эл турмушун, адат-салтын, рухий маданиятын өстүрүп, иретке салып, жетилтип, мезгил менен доорлордун элегинен өткөрүп алып өтөт. Биз нечен кылым бабалар табынып-сыйынган Теңирчилик динин илим катары изилдесек, анын ичинен рухий маданияттын бир нече алтын шооласы, тамыры чуба - лып чыга келет. Кыргыздар, айрыкча энесайлыктар, Теңирчилик динине XII кылымга чейин сыйынышты. Теңирчилик кийинки доорлордо. Байыркы Теңирчиликти туу туткан кыргыздар ислам динине аргасыздан кирген соң, теңирчилик баягы күчүн биротоло жоготподу. Ал ислам динине кошумча толуктоо, күч-кубат болуп, Теңирчиликтин далай ой-санат - тары, салттары адеп-ахлак жол-жосундары, үлгүлүү сабактары, акылмандыгы, накыл сөздөрү кийинки доордо мусулман кыргыздарына, жашоо-тиричилигине өгөйлөбөй өтүп кетти. Орто кылымдан баштап кыргыздар ислам динине сыйынышып, мусулманчылык - тын салт-жосунун кармашат, куран окуп, орозо кармашып, ажылыкка барышып, битир-садага беришип, мечиттерде намазга жыгылышат.

Ошондой эле доорлордон келаткан ата наркын сактап, арбактарга табынуу, Теңирге, Жер-сууга, табиятка тооп кылуу жана бакшылык, түш жоруу, төлгө салуу, жылдыздарга кароо, ж. б. жөрөлгөлөрүн жасап келишет. Байыркы көчмөндөрдүн рухий маданиятында Теңирчилик буга дейре дүйнөдөгү белгилүү диндерден парасат, кудурет-кусуру эч кем эмес, касиеттүү, терең бутактаган дин болуп жетилсе да, айрыкча XIX-ХХ кылымда, эч баа-баркка алынбай, дүйнөлүк рухий маданияттын, илимдин даражасында саналбай, кайдыгерликке кабылды. Эзелтен жашап келген көчмөн элдердин тарыхын, маданиятын жана рухий дүйнөсүнө текебер караган батыш илимпоздор дагы эле башка диндерге теңебей, унутулуп бараткан өзүнчө болор-болбос майда диний ишеним, агым катары баалашат, а тургай Теңирчиликти бакшылык (шаманизм) менен алмаштырып жүрүшөт. Алардын кыргыздардын мурда дини, философиясы, маданияты болгон эмес деген кыйбат сөздөрү эми жалганга чыгып отурат. Теңирчилик диндин осуяты. Теңирчилик доорунда жашап өткөн бабалардын осуяты, жашоо тиричилиги, жол-жобосу, кылык-жоругу, салт-адаты, насаат, осуят, керээздери кийинки муунга үлгү катары калат. Айрыкча бабалардын нарктуу, ой - санат, накыл сөздөрү азыркыларга жупунудай угулганы, сезилгени менен насили асыл ойго, ак тилекке жана акылмандыкка алтындай уютулган касиеттүү жана сыйкырдуу кымбат осуят.

Убагында алардын осуят сөздөрү бөбөккө мээр сөз, эр азаматка ант (шерт) сөз, аялзатка үлгү, улгайганга нускоо, кутман карыяга месел сөз болуп айтылган. Ар бир көчмөн баласы жаштайынан карыганча ата-бабасынын осуяттарын турмуштагы айтылган милдет парзын эч унуткан эмес, көкүрөккө жат сактап, баш ийип, ызат кылып аткарган. Илгертен берки тарыхта изи өчкөн элдер менен кошо чыккан кыргыздар хандыгын, элдигин жоготпой алиге жашап калышына Теңирчиликтин да шарапаты тийди дээр элек. Байыркыдан калган осуят. Көк асмандагы кудуреттүү Теңирге табын, жараткандын жардыгын бил! Теңирдин ак жолуна түш! Жер-Сууну ыйык тут, боордоштой ылым сана, шайкеш жаша.

Жер-Энени көзүң менен көрүп, жүрөгүң менен таанып, аны ыйык сакта. Кудурети күчтүү пирлерди, олуяларды ыйык күт! Момундун ишин Теңир мактайт. Теңир бергенин Теңир алат. Тең бөлгөндү Теңи - рим сүйөт. Ата бабанын арбагына, улуу касиеттерине сыйын!

Алар сенин колдоочуң жана жол көрсөтөрүң! Теңир алдындагы парызыңды, карызыңды сез жана касиетин ардакта. Тирүүлөргө бала, ата, пенде катары бабаларга, убарлашка жана келечек муунга төлөмөрсүң. Берегилерди жадыңа түй: дайыма кишичилик милдетиңди (адамкерчилик) бил. Адал жаша. Оюңду тазарт.

Адептүү бол. Ичиң тар болбосун. Бар-жокко каниет, топук кыл. Ыймандуу, боорукер, жоомарт, ак көңүл бол. Арам ойдон, арамдыктан кач, карасанатай болбо. Намыскөй бол. Намысты өлгөнчө колдон түшүрбө. Жерди корго, тууңду сакта. Дос, душманды айыр. Бал сөзгө, жалтырак дүнүйөгө алданба.

Антты бузба. Ата кегин ал! Салт, наркты сакта. Атаны, улууну урматта. Улууга сый, кичүүгө урмат көрсөт. Акылмандык - калканың.

Акылга баш ий, жакшыга жанаш. Сөз кунун баркта. Кан сөзүн, эл сөзүн, атанын жана улуунун сөзүн жерге таштаба. Башканын никесин бузба. Энени, аялзатын сыйла. Калыс бол. Чынчыл бол. Өзгө жатка болсун акыйкаттан тайба, ушак, калп айтпа. Ач көз болбо.

Башканын дүйнөсүнө көз артпа. Сабырдуу бол. Кыялыңды оңдо. Ачууңду бек карма. Ниет пейлиңди таза алып жүр. Жаман ойдон жаман жолдон кайт. Адамга, кыбыр эткен тирүү жанга жакшылык жаса. Тирүүлүктү ая. Жабык көзүңдү ач, устатыңа ишен. Акыл көкүрөгүңдү өзүң жар. Дүйнөнү өзүң тааны. Өзүңдүн оюң менен ишиңди тең, таза алып жүр. Аалам жашоосу чексиз. Адам өмүрү кыска, узак да. Сен өз жолуңду тап. Ал сени жаратканга Теңирге түз алып барат.

Теңир колдосун! Бакшылык вазийпасы Бакшылык. Эбактан бери Теңирчилик дини көчмөн элдин жашоосуна, маданиятына, акыл-эс, ой жүргүзүүсүнө, жан дээринин, сезимдин байышына, бири-бири менен мамилесине, тарбиясына, ыйыктыкты, сулуулукту, дүйнөнү таануусуна, көкүрөк туюмду тазалоого жана сергек, бакубат жашоого жол ачкан. Теңирчиликтин үгүтчүлөрү жана жайылтуучулары бакшылар (шамандар) болушкан. Алар уруудан урууга, элден элге өтүп, жер кыдырып, Теңирчиликтин осуяттарын, ой-санаттарын айткан жана сыйынуунун жол-жобосун көрсөтүп, үйрөткөн. Орто Азия менен Батыш Сибир аймагында байыркы көчмөн уруулардын эң эски жана байымдуу дини теңирчилик жана кийинки үгүтчүсү бакшылык (шаманизм) болгон. Б. з.ч. VI кылымда эле бакшылык жосуну жана таасири байыркы көчмөн сак, хун, кыргыз, үйсүн, дөөлөстөрдөн VI кылымдарда кытайларга ооп барышы ыктымал.

Бул учурда кытайлар менен көчмөндөрдүн ортосунда элчилик, соода жана рухий-маданий байланыш күчтүү эле. Көчмөн бабалардын байыркы жашоосунда бакшылык сырдуу, касиеттүү, элге зарыл өнөр болгон. Бабаларыбыз бакшы Теңирдин, Көк асмандын элчиси, периштелер - дин, пирлердин, арбактардын тилин түшүндүргөндөр дешкен. Теңир менен сүйлөшкөн кудурети бар адамдар деп ынанышкан. Алар наадандык менен караңгылыкты айдайт деп ишенишкен. Бакшылар элдик поэзияны, дарыгерликти, асман-жылдыздар аркы - луу жылды эсептөөнү, жылдыз иликтөөнү, теологияны, көз боёмоочулукту (гипнозду) билген, өз доорунун сабаттуу, таланттуулары болушкан. Дабына сүрөт тартып, сырын, сөзүн, тамгасын атын башкалардан жашырып, таасирдүү жана Теңир сүйгөн аттарды коюшкан. Бала төрөлгөндө бакшылар ат койгон.

Муну улуу Манаста да тастыктайт. Бакшылар балдардын атына жараша тагдыры болот дешкен. Бакшылар уста, окутуучу, ойчул, ырчы, мүнүшкөр, саяпкер, чечен, дарыгер, көзү ачыктар, салтты үйрөткөндөр болушкан. Теңирчиликте дүйнө (аалам - жогорку, анда кудайлар, ыйыктар жашайт, ортоңку дүйнөдө адамдар, жана астыңкы дүйнө - өлгөндөрдүн жери делип бөлүнгөн. бул байыркы дүйнөнү тааныткан түшүнүктү эл арасына теңирчиликтин үгүтчүлөрү бак - шылар (шамандар) жайган. Адам баласы жаралганда жарык көрүүгө, ага жалынууга, жакшы ой-тилегин ишке ашырууга, алдыга озууга, бийикке чыгууга, акылдуу болууга, акылмандыкка жетүүгө, ыйыктыкка, асыл сулуулукту табууга жана аны өзү үчүн, адамдар үчүн жумшоого умтулуп келген. Ушул тирүүлүк, ой-тилектин асыл тазалыгын, улуу максатын Чынар Теректи (Дерево жизни) же Улуу Тоону символ кылып, кыял менен элестетип келишкен.

Акындары ыр арнашкан, сүрөтчүлөрү келбетин тартышкан. Энесайдагы эл башкарган кыргыз кагандарынын көбү бакшылык милдетти аткарышкан. Хан сарайынын өз бакшысы болгон. Байыркы көчмөн элдердин бакшыларын ислам доорундагы дубана, дербиш, календер менен салыштырып карабоо керек, алардын ортосунда өтө көп айырма бар. Дубаналар сопулук жолдогу адамдар. Бакшынын жашоо-тагдыры оор болгон, татаал жолду баскан. Көбү ата кесибин кууган, өнөр укумдан тукумга өткөн. Айрымдары кесипке жеке эмгеги же устаты ар - кылуу жеткен. Алардын көбүнүн өздөрү ооруп жүрүп, көздөрү ачылган. Бакшыларды ак бакшы, кара бакшы деп бөлүшкөн.

Кара жиндүү бакшылар көбүнчө талмалуу же илешкени бар кишилерди карашкан. Адетте жиндерин чакырып, ар - бак менен сүйлөшүп, камчы, бычак же комуз, дап менен ооруну куушкан. Айрымдары күзгү менен же жиндери аркылуу дарылашкан. Тиш ооруганда, жылан чакканда өлөң менен бадик айтып эмдешкен. Оорулуу адам менен малдын оорусун башкага көчүрмөккө куу сөөккө дартты байлап, алыска ташташкан. Байыркы бакшылар ноокас адам жаткан боз үйгө кишилерди чогултуп, эшик, түндүктү жаптырып, комуз чертип, зикир чалган же дапты кагып, майда коңгуроолорун шылдыратып, чарк айлана үйдү тегеренип, короодогу малдардан секирип, түндүккө чейин чыгып, жинин чакырган. Колдоочулары күчтүүлөрү арбак менен сүйлөшкөн, ордунан так секирип, оозу-башын кыймылдатып, көзүн алаңдатып, өзүнчө алка-шалка түшүп, аса таягын силкилдетип, көрүнгөндү камчы, таягы менен сабап ийип, эбелек атып, акыры эси ооп жыгылып, көптү бабырап сүйлөгөн. Илгеркинин бакшы аталган окумуштуулары адамдарга жабышкан оору кандайдыр бир тышкы күчтүн таасири менен болорун баамдашкан. Жаратылыштагы заттардын ээси, пирлери болот деген түшүнүк боюнча, оорулардын да ээси болот, ал ээлерин таап, адамга жармашкан ооруну айдатып чыгарууга болот деген түшүнүк менен ошого ылайык көркөм, касиеттүү сөздөрдүн тизмектерин курап чыгышкан.

Ошол касиеттүү сөздөрдү бакшылардын чымындары аткарып, адамга жармашкан илдет, ооруларды айдап, кууп чыгат деп түшүнүлгөн. Ошондуктан бакшы ар кайсы заттардын пирлерин (ээлерин) чакырууну негиз этип куралган. Алардын эм-дом аракеттери жабышкан ооруга илдетке сүр көрсөтүү аракеттерин иштеген. Аракет менен сөз касиети эм болот деп түшүнүлгөн. Бакшы жазында, көктөм маалында арчадан албулуттанта от жактырып, сапырылган жалындан секирткен, өзү оттун кызыл чогун жылаңайлактанып алып кечип кеткен. Отко бычакты кызартып, тили менен жалаган. Бакшы адамга келээр жакшылыкты, коркунучту, кырсыкты, жоонун келишин, баланын төрөлүшүн алдын ала айткан, жаан-чачындын болоорун, уурунун келээрин ж. б.у. с. аяндарды бажыраган. Алтайдагы кыргыздардын бакшыларынын колдоочуларынын бири жан-жаныбар, Актайлак, куштар деп эсептешкен. Айрыкча маралды бакшы колдоочу, а тургай түп бабабыз деп айтышкан.

Байыркы доордогу бакшылар менен кийинки, жалаң Теңирге ишенген кыргыздардын V-Х кылымдардагы бакшыларынын айырмасы асман менен жердей өзгөрүштөргө дуушар болду. Кийинкилер зор рухий өнүгүүгө жетишти. Кошуна катнаш уруулардын динине, салтына жана маданий дүйнөсүнө таасири тийди, алардын үгүтчүлүк вазийпасы өстү. Удулу келгенде айтууга бап келди: бакшылык (шаманизм) Теңирчиликтен бөлүнгөн дин эмес, ал береги Теңирчиликтин бир бутагы, аны өздөштүргөн, улаган агым. Бакшылык кесип жана өнөр катары көөнө кыргыздардын арасында айрыкча УШ-Х кылымда өтө өнүгүп күчөгөн.

Өнүккөн Теңир дининин бакшылары жер-сууну ыйык көрүүгө, ата-бабалардын арбагын урматтоого, салтты ыйык тутууга, таштагы жазууларга сыйынууга үндөгөн үгүтчүлүктү жүргүзүштү. Алар адамдарды акылмандыкка, рухий тазалыкка, адамгерчиликке үндөгөн. Дүйнөнүн ажайып кооздугун таанып-билүүгө үйрөткөн, рухий өсүшүнө чакырган, тазаруунун жолдорун, табияттан күч-кубат алуунун сырларын айтышкан. Теңирчиликке көчмөндөр турмушунда адамдын рухий дүйнөсүн, ой-кыялын сыдыргылап, байыта турган жолу болсо, бакшылык адамдын денесин тазарткан, жорук жоосунун ылгаган жана жакшы жолго түшүүнүн ачык, түз жолу сыяктанат. V-ХII кылымда Батыш Сибирь элдериндеги манихейчилик, буддалык, ламалык диндерге моюн бербей Теңирчилик динин жана бакшылык көчмөндөр арасында Эне-сай, Орхондо өсүп-өнүккөн. Кийинки кыргыздар Теңир-Тоого көчкөндө Орто Азияда тамырлаган ислам дини бакшылыкка бут тосту. Теңирчилик дини ислам менен кыйла жагынан жол-жобосу, жосуну жана идеялары карама-каршы келбегендиктен эриш-аркак жашап, көчмөндөрдүн рухий дүйнөсүнөн орун алды. Кыргыз аңызын, санжырасын, оозеки чыгармачылыгын жана кытай жазмаларын изилдей келсек, байыркы бакшылар кийинки доордо, исламдын үгүтчүлөрүнүн бут тоскондугунан бакшылыктын үгүтчүсү катары, рухий, ой акылмандыгы (философиясы) унутулуп, элдик дарыгер, эмчи-домчу, бүбү катары бизге жетти.

Акыркы кылымда изилдөөчүлөр Теңирчилик дин экенин далилдеп, ал эми бакшылыкты (шаманизм) динби же дин эмесин дегенге чейин баргандар чыкты. Ырас, бүгүнкү күндө Теңирчилик диндин үгүтчүсү бакшылык жосуну илгеркидей дабаасы даарыган, зоболосу сонун болгон абалга жете албастыр. Ал эми, анын тарыхы, философиясы, керемет сыйкыры жана адамды рухий жактан тазарткан сырдуу жол жобосу, тажрыйбасы кийинкилерге ачылууга тийиш. Шаман сөзү. Шаман сөзү тунгус - манчжур тилинен ооп кирген, анын мааниси да негизинен түндүктөгү майда уруулардагы эмчи-домчулукту түшүндүрөт экен. Ал эми бакшы деген сөз биздин кулагыбызга төл сөздөй жагымдуу угулганы менен инди тилинен кирген бхикшу, мааниси окутуучу, устат маанисинде айтылат. Байыркы кытай жазмалары кыргыздар шамандарды кам (кянь) деп аташкан дейт. Бул сөздүн мааниси башка түрк тилдүү элдердин аңыздарынан жолукпайт. Байыркы индустардын аңызында сүлгүүнүн кудайы дейт экен.

Ал үмөт, сүйүү, сезим ыкласы дегенди билгизет имиш. Бакшылык жапондордо. Ошончодон Кэми (ками) деген сөз бир гана жапон калкында сакталып калыптыр. Аларда синто дининдеги ыйык түшүнүктүн бири. Алар ыйык жанды, пирлерди аташкан. Камилер кебете-кешпирлери суук, коркунучтуу күчтөр болушат. Жапондор ыйык жайларда жана жеке үйлөрдөгү камилерге сыйынышат. А мүмкүн аңыз, уламыштарда айтылгандай, жапондор Энесай боюндагы түрк тилдүү көчмөн элдердин арасынан бир кезде адашып, жер безип жапан болуп кеткен боордоштордон болуп жүрбөсүн?! Жапондордун аңыздарында да кыргыздардын илгерки аңыздарына окшогон болмуштары, пирлери бар. Кыргыздар күнгө сыйынгандай, жапондор да күнгө эртели-кеч табынышат.

Жапон аңыздарында биринчи императору Күн кудайы (Императрица) болгон деген имиш бар. Бүбү жөнүндө. Эркектерден да, аялдардан да бакшылар чыккан. Аялдарды бүбү, бөө деп аташкан. Кыргыздар илгерки тентек балдарын бөө келатат деп сес көрсөтүшкөн, кейпи бакшы аялдан улам чыкса керек. Каргалыдан (Узун-Агачтагы) 1939-жылы бакшы (бүбү) аялдын сөөгү табылганда анын төрт жүздөн ашуун баалуу алтын, күмүш, шуру, бермет сыяктуу дүр-дүйөсү бар экен. Бакшы тилек. Байыркы шамандык таасир боюнча ооруган адамга бакшы ойно - туу болуп келген. Ал бакшылар өзүнчө эркекче уйкаштуу айтым менен пир чакырып, илдетти айдатуу аракетин жасашкан. Мына да пирлерден тилек тилөө, сүрлүү пирлерди чакырып, андан күч тилөө айтымы айтылган.

Төмөндө тилектин үлгүсүн окуйлу: Ой, тоодон бир тоого учкандар, Ой, жылан бир камчы туткандар, Ой, жандыра суу ичкендер, Ой, Азирети Сулайман пирим. Ой, дулдул, атам, дөө, пери мейман, Ой, Сулайман аттуу суу чилтен мейман. Ой, ошол суу башы Сулайман мейман, Ой, Анжиянда ак жылан мейман, Ой, Самарканда нар жылан мейман. Ой, кабазыр, мүдүр, каяшар мейман, Ой, султан бир мүдүр, Ой, башыр мейман. Ой, кара бир көздүү, Ой, ширин бир сөздүү, Ой, келте бир ойлуу, Ой, шына бир тиштүү, Ой, кочкор мүйүздүү, Ой, дөө, пери мейман. Ой, муз тоодо жатып семирген мейман, Ой, муз тоонун музун кемирген мейман. Ой, томоголуу сарала куштун, Ой, томогосун алып коё кел мейман. Ой, ак буура келди буркурап, мына ай, Ой, бириңен бириң ыйба кылбагын мейман. Ой, чоң олуя улук кум мазар, Өзүңдөн медет тилеймин бүгүн, Ой, Кең-Колду баскан ак буура атан, Өзүңдөн медет тилеймин бүгүн.

Бакшы көрүм ыры мына ушул сыңары алдында перилерин чакырып, соңунан мазар чакырып ырдалат. Ырлардын мазмунунан кыргыздардын мифтик таанымын байкоого болот. Бакшы көрүм ырларынын варианттары көп. Мазмундары кенен, кээ бирлери аралатып терме, насыйкат берип айтат. Бакшы көрүм ыры аткаруучу муңдуу обону бар. Бакшы бий. Кыргыздарда эң алгачкы бий өнөрүн бакшылар чыгарышкан. Алар комуз чертип, дап менен бийлеген. Кыргыз бийлеринин аттары болгон: Бакшы бий, Талма бий, Жин бий, Шатыр бий, Калмак бий, Толкун, Учма, Жагалмай, Созулма бий, ж. б. Анын көбү азыркы доорго жетпеди. Жогорундагы бийлер - дин түрлөрү Түштүк Сибирдеги якут, хакас, алтай, тува ж. б. көчмөн элдерде сакталган. Теңирчиликтен нускоо.

Теңирчилик доорунда бакшылардан башка эл ичинен акылмандар, ойчулдар, жайчылар, жылдыз саноочулар чыгып, Көк Теңирге, жашоо - тиричиликке, табиятка, адамга карата накыл сөздөрдү ой-санаттарды, ырларды, дастандарды, аңызды, уламышты, эреже-жоболорду жаратышты. Булар нечен кылым өткөн соң, алыстан угулган коңгуроо сымал ысымдары бара-бара унутулуп, биздин доорго жобо, үлгү, осуят, керээз, накыл, макал-лакап жана ыйык сөз болуп жетти. Нускоо. Көкө Теңирге табын, жараткандын жардыгын бил, Теңирдин ак жолуңа түш! Баарынан Күн улук, Күнгө сыйын. Эрте туруп, Күнгө таазим эт. Күнгө күлүп салам бер. Таң менен турсаң, ырыскыдан куру калбайсың Тан менен таза жуун, күндү таптаза тосуп ал. Теңир алдындагы парзыңды, карызыңды сез, касиетин ардакта. Үйдү чыгышты каратып тик - күн чыкканда үйгө кут кирсин. Чыгышты карап түкүрбө, ушатпа, суу чачпа, ачууланба, сөгүнбө. Чыгышты тээп жатпа.

Өлүктү көргө койгондо чыгышты баштантып жаткыр. Күн менен Айды карап сөгүнбө, түкүрбө, ушатпа. Отту бултуң менен ичкерилетпе. От дегенден ооз күйбөйт. Коломтону аттаба. Күн баткан соң от бербейт. Күүгүмдөн кийин үйдөгү отту талаага алып чыкпайт. От көсөгөн ыштайт. От менен суу-тили жок жоо. От жаккандыкы, тон тиккендики.

Очоктун күлүн тебелебе, сапырба. Күйүп аткан отко куралды (бычакты, кылычты, найзаны ж. б.) жалаңдатпа. Түнү чок алба. Миздүүнүн (бычактын) мизин өйдө каратып койбо. Токойду өрттөбө. Ырыскы татарда дайыма колуңду чайы. Таңкы тамакты таштаба. Таңкы насиптин алдын башкага бербе, үй ээси катары өзүң ооз тий. Дасторконду тетири салба. Чайдын чамасын киши баскан жерге төкпө.

Чөмүч менен итке тамак куйба. Нанды сындырганда бетин өйдө каратып кой Нан менен ооз же кол аарчыба. Нан менен бычак аарчыба. Тамакка сын такпа. Чыныны чертпе, казанды калдыратпа. Жалгыз даракты кыйба. Куу сөөктү кармаба. Кудукка түкүрбө. Аккан сууну сабаба.

Булактын көзүн ач. Дайыма адамгерчиликтүү бол, кишичилик милдетиңди бил. Адал, ак жаша, адептүү бол. Бар жокко каниет, топук кыл. Пейлиңди оңдо. Кошоматчыга, ниети карага, ыймансызга мал сойдурба. Ыймандуу, боорукер, жоомарт, ак көңүл бол. Аш куюлган аякты, чайды он колуң менен узат. Нанды көмкөрөсүнөн койбо. Сабадагы кымыздан ооз тийбей башкага бербе. Өз үйүндө союлган малдын башын бирөөгө көтөртүп ийбе.

Бар туруп жок дебе. Аш куйчу аякты аттаба. Тамак ичип бүткөндө өзүңдөн улуудан мурда кол аарчыба. Супараны тебелебе, улагага илбе. Арам ойдон, арамдыктан кач. Улууну урматта, кичүүнү ызаатта.

Карыларга жөлөк, кичүүлөргө өбөк бол. Жардам, көмөк, ынтымактан качпа. Таза жүр, таза иш кыл. Күлкүңдү агытпа, напсиңди тый. Алыс сапардан кайткан кишинин башынан үч жолу суу тегеретип, түкүртүп, төгүп, идишин эшикке көмкөрүп кой. Колго суу куйган балага алкоо айт. Кир сууну жолго төкпө. Суу көтөргөн баканды аттаба. Жамандык кылба жандууга. Намыскөй бол. Эл жерди корго, тууңду сакта. Дос, душманды айыр. Бал сөзгө, жалтырак дүйнөгө алданба. Атаны, улууну урматта. Жаман түштү ойгонор замат: Ушул түшүм ушу түн менен, ушул кара суу менен кетсин деп, суу менен оозуңду үч жолу чайкап, түкүрүп кой. Жаман түшүңдү сууга айт, суу менен агып кетсин.

Жакшы түштү ойгонор замат: Түшүм түш келбей, туш келсин деп, көктү карап туруп, бата кылып кой. Түштү жаманга жоруба, жакшыга жору. Түшкө суу кирсе - өмүр, камчы - бийлик, жылан менен бит - байлык, нан менен тамак - токчулук, дөөлөт. Кир кийим кийбе, ар дайым таза жүр. Улууга сый, кичүүгө урмат көрсөт. Акылга баш ий, жакшыга жанаш. Сөз күнүн баркта. Кан сөзүн, эл сөзүн, атанын жана улуунун сөзүн жерге таштаба.

Энени, аялзатты сыйла. Колуңду тамчыга жууба. Караңгыда кыз баланы сууга жибербе. Караңгыда күзгү караба, чач тараба, жылдыз санаба. Түн ичинде мал сойбо. Караңгыда ак сураба. Караңгыда түш жоруба. Караңгыда үй шыпырба.

Караңгыда бөтөн бирөө эшикке келип чакырса өз атынды айтпа. Караңгыда сыртка бөрксүз чыкпа. Калыс бол. Өзгө, жатка болсун акыйкаттан тайба. Чынчыл бол. Ач көз болбо, башканын дүйнөсүнө көз артпа. Сабырдуу бол. Кыялыңды оңдо. Ниетиңди таза алып жүр. Жаман ойдон, жаман жолдон кайт. Күлгө шыпырынды салба, шыпырынды менен күлдү кошо чыгарба.

Шыпыргыны тике койбо. Шыпырынды жерге отурба. Шыпыргы менен чаппа. Беймаал күл төкпө. Адамга, кыбыр эткен тирүү жанга жакшылык кыл. Тирүүлөрдү ая. Устатыңа ишен. бул жарыкчылыктан өз жолуңду тап, ал сени Жаратканга - Теңирге алып барат. Таң атарда жолго чыксаң чык, күн батарда чыкпа. Узак сапарга чыгарда ачууланба. Жолуңдан кур чака көтөргөн аял чыкса кайра кайт.

Жолуңдан мышык өтсө тебетейиңди бир тегеретип коюп, сапарыңды ула. Баш кийимди тетири каратып кийбе. Баш кийимди сатпа, алмашпа, жоготпо. Баш кийимди ыргытпа. Баш киймиңди жөнү жок тегеретпе. Каза болгон кишини мүрзөгө койгондо, ороп барган буюмду (кийизди) жети күн-түнү менен сыртка жайып кой. Тирүү кишинин башына жаздыкты оң кой. Мүрзөнү колуң менен көрсөтпө.

Ата-энени ардакта, колуңан келгенче өмүр бою сыйла. Эмгек кылсаң, ишиңди гүлдөтө бил. Бирөөгө жамандык кылба, каргыш тукум кууйт, аны балдарыңа калтырба. Эмгек кылбай берекет жок, ырыскы өзүнөн-өзү кирип келбейт. Келин жаңы келип, босогону аттаганда: Алдыңды бала, артынды мал менен дан бассын! деп, төбөсүнөн ылдый аяктап дан куй. Келинди отко кийиргенде май жедир. Жаш баланы мактаба, күзгүгө көрсөтпө, салмагын ченебе, татынакай дебе. Балага жаңы кийим кийгизгенде бетинен өөп кой. Бешикти тээп жатпа, өбөктөбө, баспа. Бешикти экөөлөп көтөрбө. Атың аксаса баланын сийдиги менен жуу. Наристенин бетине ай тийгизбе.

Баланы жуундурган сууну караңгыда сыртка төкпө. Баланын таманынан өппө. Эгерде, таманга, колтукка без чочуса эгиз төрөгөн аялга ачкарын үч жолу эмдетип кой. Сынык күзгүгө көрүнбө. Колуңду кежигеңе жаздап жатпа. Жаш болсоң желбегей жамынба.

Салааңды кайчылаштырба. Көсөө менен мал кайтарба. Малды теппе, башка чаппа, сөкпө. Итти жөнү жок урба. Жаш бутакты сындырып, уяны бузба, жаш (көк) чөптү үзбө. Кишилерге бирдей мамиле кыл. Темирди Булгаба.

Жер таянып отурба. Жаагыңды таянба. Колуңду оозуңа салба. Боюңду карыштаба. Адамга арам буюрбайт, жукпайт, өзүң сиңирип кетсең да, балдарыңдан чыгат.

Керегени теппе, тээп жатпа. Жакшы кишиге ит бербе. Эки атчандын ортосунан өтпө. Жыйылган жүккө отурба, жатпа. Курал-жарактарды аттаба. Ооз-кесир сүйлөбө. Кишиге артыңды салба. Даам таткан кудугуңду Булгаба.

Жалгыз сөөктү кайнатпа. Мейманды эшиктен тос. Бүлүнгөндөн бүлдүргү алба. Эрдик кылып кой союп, иттик кылып төш тартпа. Душмандын чырагына май тамызба. Өз элиңе чыккынчы болбо.

Туугандын колтугуна суу бүркпө. Бирөөгө курал кезебе, анты болот. Боюңда болсо, капка отурба. Аял мандаш токунуп отурбайт. Аял эркектин үстүнөн, кийиминен аттабайт, баспайт.

Чоң жолдо жаткан буюмду алып четке кой, соопко каласың, ээси издесе таап алар. Улуулардын алдында озунба, каткырба, капталдан качырып сүйлөбө. Бирөөнүн кайгысына кубанба. Себепсиз мойнуңа куруңду салба. Күн бата электе жатпа - ал жамандыктын белгиси Аласаңды жөнү жок кыстаба. Бирөөнүн ак никесин бузба.

Берген антыңдан кайтпа. Элдин салт-санаасын тебелебе. Ууру кылба, ушак сүйлөбө. Аманатка кыянаттык кылба. Бирөөнүн байлыгына көз артпа. Өзгө, жатка калыс бол, арамдыктан алыс бол. Бирөөнүн үйүнө курал-жарагыңды, камчыңды ала кирбе. Бирөөгө жакшылык кылсаң - ал акыры өзүңө кайрылып келет. Жакшы болом десең-жакыныңан жан тартпа.

Жашыңдан жаман жолго баспагын, адамдык сапатыңды сактагын. Арстандай күчүң болсо - түлкүдөй куулукту үйрөн. Арткан ашты иттен аяба. Темирге заара кылба. Балаңдын ыйманын жашынан тиле. Алган чачыңды тебелендиге таштаба.

Үй ичинде ышкырба, үйдү айлана чуркаба. Тырмагыңды отко салба. Аркан чыйратып атканда түбүнөн өтпө. Кишиге көңүл айтып келатып башка үйгө кирбе. Эртең менен жаман сүйлөбө. Ата-бабанын арбагына сыйын. Жер-сууну ыйык тут. Намыскөй бол, аны өлгөнчө колдон чыгарба. Дос-душманды айыр.

Салт-наркты сакта, аны коргой бил. Антты бузба, ата кегин ал. Кесирленбе, сынтакпа - ал айланып өз башыңа түшөт. Ниетиң оңолсо, оюң да, сөзүң да, ишиң да оңолот. Бирөөнүн үйүнө барсаң бута атымдай калганда аттан түшүп, дабыш чыгар. Амандашпай, ал-жай сурашпай, сөз баштаба. Үйүңө келген кишини эшикке чыгып тозуп ал, атын ал,. чөп сал, өзүн үйгө кийир. Конокко куюлган же берилген даамдан, адегенде, өзүң ооз тий. Аялдар үйдүн эпчи (апче же ала, эже) жагына, эркектер ээр жагына отурат. Аял киши конок отурган үйдөн чыкканда босогодон артын салбай, алдын салып (арты менен) чыгат. Эт бышканда сорпону байбиче, а этти үй ээси биринчи ооз тийет.

Элге эт тартылганда үй ээси: 0, Көкө Теңир, жалгай көр! Элден бар болгон ырыскыңды аяба! Мал жанга тынчтык бере көр! деп бата кылат. Тамак желип бүткөндө да ошентет. Жети атаңды санай бил, билбесең кулсуң. Эл салтын сыйла.

Улуу болсоң кичик бол. Аялдар айгыр, эркектер байтал, уй минбеш керек. Келин кайын ата, кайын энесин, күйөөсүнүн бир туугандарынын жана эже - карындаштарынын баарын тергеши зарыл, улуулардын алдынан кесип өтпөй, айланып өтүшү керек, Булар ызааттуулуктун белгиси. Жамандыкка малынба. Сүйлөгөндө шашпай, так сүйлө, аз сүйлө, саз сүйлө. Эл-жерге жат болбо ж. б.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 3303, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-20, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу