Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Тери

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Тери

Тери биздин денебизди каптап турган сырткы кабыкча гана эмес, ал организмди ар түрдүү коркунучтардан сактоочу да болуп эсептелет. Ошондуктан өмүрдү сактоо үчүн журөк менен мээ кандай зарыл болсо, тери да дал ошондой зарыл. Теринин түзүлүшүн микроскоп аркылуу карасак, анын сырткы өтө жука катмарчасынын астынан кадимки калың тери катмарын көрөбүз. Анын калыңдыгы 1-2 мм. Мында денедеги түктөрдүн тамыры, май да бездер жана өтө көп ар түрдүү сезгич денечелер мээге шашылыш билдирүүлөрдү жиберет: Кээ бирөөлөрү ооруксунууну билдирсе, экинчилери суук менен ысыкты же бир нерсенин териге тийгенин кабарлайт. Организмди өз учурунда түрдүү жагымсыздыктан сактап калуу үчүн мээ өз убагында жооп берип, чечим кабыл алат да анын аткарылышын текшерет. Териде эки кабатча болуп жайгашкан абдан көп кан тамырлар бар. Түнүчүндө (туура жазылышы: түн ичинде) да, күндүз да, суукта да, ысыкта да денебиздин ички температурасы дээрлик өзгөрбөйт.

Бул да тери менен тыгыз байланыштуу, анткени тери дененин айлана-чөйрөгө жылуулук бөлүп чыгаруусун жөнгө салып турат. Жөнгө салуунун бир жолу - үстүңкү кабатта жайгашкан кан тамырлардын тарышы жана кенейиши. Кан тамырлар кеңейгенде алар аркылуу жылуу кан көп өтөт. Теринин сырты жылып, айланага жылуулукту көбүрөөк бөлүп чыгарат. Эгерде ошол эле кан тамырлар өтө тарыса, анда дээрлик бардык кан астыңкы кабаттагы тамырлар аркылуу өтүп, тери муздайт да, организмдин жылуулук бөлүп чыгаруусу азаят. Аба ырайы ысык болгондо тер чыгаруучу безчелер иштей баштайт.

Андан бөлүнүп чыккан тер түтүкчөлөр аркылуу сыртка чыгып бууланат да, терини салкындатат. Тери алдында клеткалардын майлуу катмары бар. Бул тери алдындагы клетчатка. Ал да организмди коргоого катышат. Анын калыңдыгы кээ бир жерлерде бир нече сантиметрге жетет. Ал бизди ар кандай урунуудан сактап турат.

Теринин сырткы өтө жука кабыгынын калындыгы бар болгону ондон бир гана миллиметр. Мындай жукалыгына карабастан анын да организмди коргоодо мааниси зор. Ал сууну, анда эриген заттарды денеге киргизбейт. Жугуштуу оорунун микробдору теринин сырткы жука кабыгы аркылуу анын жараланган жеринен гана кириши мүмкүн. Анткени менен ал күн нурун жакшы тосо албайт, ошондуктан дене күйүккө учурашы да мүмкүн. Ошондой болсо да теринин сырткы кабыгынын өзгөчө касиетинен тери карарып тотугат да, ультракызгылт көк (ультрафиолет) нурларын токтотуп калат. Эгерде күн ваннасы узак болбосо, ультракызгылт көк нурлар теринин сырткы жука кабыгынын клеткаларын козгойт да, аларды тез өсүүгө жана көбөйүүгө аргасыз кылат.

Клеткалардагы кара бүртүкчөлөр көбөйө баштайт, кээде клетканы бүт ээлейт. Алар денедеги туташ тотугуу катмарын түзөт. Тотугуу ультракызгылт көк нурларынын теринин ичине терең кирип кетишинен сактайт. Тери - биздин ишенимдүү коргоочубуз. Аны сактагыла. Терини таза кармагыла.

Эгерде аны кесип же жаралап алсаңар, сөзсүз дарылоо керек.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 5744, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу