Теринин сыйрылышы

Теринин сыйрылышы — теринин сырткы катмары же былжыр чел кабыгынын механикалык жабыркашы. Теринин сыйрылган жеринде сары суюктук (лимфа) же майда кан тамчылары пайда болот. Ал жерге йоддун спирттеги 5%түү эритмесин сүртүп, стерилденген даки-кебез таңгак коюлат. 4—6 күн өткөндөн кийин таңгакты алып койсо болот. Таңгыч жабышып, катып калса суулап же алып салууга болбойт. Стерилденген даки болбосо, сыйрылган жердин тегерегин йод менен сыйпап, сыйрылган жерге стрептоцид же норсульфазолдун күкүмүн себүү сунуш кылынат.

Сыйрылган жерди май менен майлоого же даки - кебез таңгак койбой туруп пластырь менен чаптоого болбойт. Себеби мындай учурда жараат карттанбай, ириңдеп кетиши мүмкүн. Ириңдеп кетсе ооруйт, күчөп ириңдесе температура көтөрүлөт, ага жакын лимфа түйүндөрү ооруйт жана башкалар Анда сөзсүз врачка кайрылуу керек.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)