Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Тилеке бий

Тилеке бий кыргыздын баргы уруусунун уруу башчысы.

1609-1610 жылы Чыгыш Түркстандагы Аксуу, үч-Турпан шаарларын Ботокара бий менен биргеликте 5000 миң аскер менен талап тоногон.

Бирок, Тимур Султан баштаган могол аскерлери куугунтукка алганда, Ботокаранын аскерлерин таштап, бир жылгада, бекинип, салгылашуунун жүрүшүн байкап турган.

Ботокара баштаган 3000 аскер куугунчулар менен салгылашып, 2000 кыргыз жоокери курман болуп, Ботокара баштаган 1000 аскер колго түшкөн. Ошондон кийин, Тилеке бий курун мойнуна салып, Тимур султандан кечирим сурап, алдына келген. Тимур султан чоң атасы Мухаммед хандын өлгөнүн Тилеке бийден угуп, аларды коё берген.

Бул маалыматтар Махмуд Чорос жана Махмуд ибн Валинин эмгектеринде сакталып калган. Тилеке бий тууралуу маалымат башка эч бир тарыхый булакта кездешпейт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)