Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Тимпания - малдын ич көпмөсү

Баш барак | Ветеринария | Тимпания - малдын ич көпмөсү

Карындын ичиндеги газдын өтө көбөйүшү ич көпмө деп аталат. Бул көбүнчө уйларда, койдо жана кээ бир учурларда эчкиде кезигет. Малга бедени, люцернаны берип, андан кийин сугарганда, кээ бир уу чөптөрдү (уу коргошунду, сары байчечекейди, чытырды) жеп алганда шүүдүрүм жана кыроо жерлерге жайып, чириген тоюттарды же силосту үшүгөн картошканын жана кызылчанын жалбырагын жегенде ич көбөт. Ичи көпкөн уй тынчсызданып, тоют жебей калат. Мезгил мезгили менен жата калып, ошол эле замат кайра турат, ичине каранат (курсагын карайт), куйругун шыйпаңдатат, бир бутунан бир бутуна туруп, арткы буту менен ичин тепкилейт.

Көздүн, мурундун, ооздун былжырлуу кабыкчалары көгөрөт. Жүрөктүн согушу катуулап, бат, бат дем алат. Карынды кармалап (пальпациялап) коргондо ал абдан катуу болот. Өз убагында жардам көрсөтпөсө 1-2саат дем ала албай дем жетпей өлүп калышы мүмкүн. Ич көпмөдө алгачкы жардам көрсөтүш үчүн, карындын ичине жыйылган газды тышка чыгаруу керек. Ал үчүн кызыл өңгөч зонду колдонулат. Малды ары бери акырын жетелеп, андан кийин курсакка массаж жасайт. Массаж менен бирге тилин тартып туруп, оозун эшилген саман менен ороп, дёгет же скипидар майланган таяк менен кемечтеп коёт. Дарылардан бодо малга 15-20 г сүт кислотасын же 20-25 мл креолинди 1 литр суу менен кошо беришет.

Ошондой эле карында толгон газдарды тышка чыгаруу максатында уйдун оозуна узундугу 2-3метр келген диаметри 3см ашпаган шланг жуткурулат, шлангты чайнап салбоо үчүн уйдун оозуна алгач кандайдыр бир шак-шак же катуураак шланг салып коёт. Шлангты карынга жеткизе салып газды чыгаруу зарыл. Абайлагыла, мунун баарын жаасоодон мурда уйду жакшылап байлап коюуу керек. Эгер ичи катуу көөп тумчуктуруу коркунучун туудурса, сол быкын чуңкурунун ортосунан троакар менен саят. Карындын ичиндегилерди тез айдап чыгаруу үчүн 500-800 мл күкүрт кычкылдуу натрийин, 250-450 мл кастёр, өсүмдүк майын, ошондой эле 200 -500 мл арак берсе болот. Ич көпмө болбос үчүн малды сапатуу тоюттар менен тоюттандырып туруу керек. Ачка малды кыроолуу жана шүүдүрүмдүү жайытка жаюуга тыюу салынат. Айрыкча колго багуу убагында, малга тоютту (капустанын жалбырагын, жаш бедени, кызылчанын жалбырагын) нормасынан ашырбай бериш керек. Ошондой эле уу чөбү бар жайытты тазалоо чаралары көрүлүүгө тийиш.

Жайгаштыруу: 2016-08-18, Көрүүлөр: 3786, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-08-18
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу