Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Тиричиликтин же жашоонун пайда болушу

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Тиричиликтин же жашоонун пайда болушу

Жерде канча түрдүү жаныбарлар, балырлар, козу карындар, өсүмдүктөр бар! Мынча көп түрдүү тирүү жандыктар, тиричилик биздин планетабызда кантип пайда болгон? Биз тирүү жандыктан тирүү жандык тууларын билебиз. Иттин күчүктөрү, мышыктын мыймыйлары, тооктун жөжөлөрү болот. Тооктун жөжөлөрдөн мурун эмнеси болот? Жумурткасы болот. Ал жөжөгө да, тоокко да окшобойт.

Сырты акиташтуу кабык, ичинде белогу жана сарысынан башка эч нерсе жок. Айткылачы, жумуртка тирүүбү же тирүү эмеспи? Тирүү экендиги деле билинбейт - бар болгону табият даярдап койгон даамдуу гана тамак. Бирок 21 күн өткөндөн кийин инкубатордо жумурткадан кадимки тирүү жөжө чыгат. Мурун белок, сары зат, кабык гана болсо, эми андан жөжө пайда болду жана кабыгы калды. Демек, жөжө белоктон жана сары заттан пайда болдубу? Кээде жумуртканын белогу, сарысы болуп туруп деле андан жөжө чыкпай калат. Мындай жумуртканы сасыткы дешет. Жумурткада кичине гана нерсе - билинер-билинбес так болуп көрүнгөн түйүлдүк дискасы бар. Бул - жалгыз клеткадан пайда болгон клеткалардын тобу. Ал эми сасыткы жумурткада мындай нерсе болбойт.

Белок жана сары зат болсо азыктандыруучу заттардын запасы. Tөө куштун жумурткасына тооктун 30 же таранчы чымчыктын жүз жумурткасы батса да, түйүлдүк дискасы ошондой эле болот: эгерде ал болбосо төө куштун балапаны да болбойт. Бир да жолу төө куштун жумурткасынан тооктун жөжөсү же мисалга алсак, пилдин баласы чыкканын көрдүңөр беле? Ар бир жандык жана өсүмдүк өз тукумун гана берет. Алгачкы жандуу кичине клеткалар кантип пайда болгон, жерде тиричилик кандайча башталган?

Жер кыртышы муздап, катышы үчүн, ал эми суу буусу коюуланып жаан болуп жерге жаап, суу да бара-бара муздоосу үчүн миллиарддаган жылдар керек болгон. Ал кездеги сууларда ар түрдүү химиялык заттар абдан көп болгон. Алардан татаалыраак химиялык бирикмелер түзүлө баштап, ал эми кээ бир химиялык бирикмелерден белок молекулалары жаралган. Андан кийин химиялык составы өтө татаал болгон алгачкы белок молекулаларынын бүртүкчөлөрү пайда болгон. Алар бара-бара сууда эриген заттарды жутуп тамактанып, өздөрүнүн белок денечелерик түзө башташат, ал эми калдыктарын кайра сырткы чөйрөгө чыгарып ташташкан. Алар өсүп, бөлүнүү жолу менен көбөйүү мүмкүнчүлүгүн алат.

Ошентип, эзелки дүйнөлүк океандын бешигинде байыркы мезгилдерде тиричилик пайда болгон. Түбөлүк өзгөрүп туруучу табият өнөрканасында белоктун көзгө илээшпеген тирүү бүртүкчөсүнөн миллиарддаган жылдар ичинде болуп көрбөгөндөй көп, ар түрдүү тирүү жандыктар, эң майда канаттуу колибрден зор китке, кумурскадан адамга чейинкилер пайда болду. Илимпоздор лабораторияларда белок молекулаларынан качандыр бир кезде табият жараткандай тирүү клетканы алууга аракеттенип жатышат. Алар татаал белокторду алууга жетишти, бирок толук ийгиликке жетүү үчүн али көп бар.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 3232, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо