Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Титан

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Титан

Титан көрүнүшү жагынан анча байкалбаган, түсү өчүңкү, агыш боз металл. Жерде титан рудасынын 60 түрү бар. Бул металлдын аралашмасыз таза түрү анын кошулмалары ачылгандан 100 жылдан кийин гана алынды. Титан - кыйындык менен эрүүчү металл. Ал 3000 градустан жогорку температурада да эрибейт. Ошондуктан аны кескич аспаптар жасалуучу болотко кошушат. Илимпоздор титандын улам жаңы касиеттерин ачууда, ар бир ачылыш анын дагы эмнеге колдонула турганын көрсөтүп жатат, титан - жеңил жана бышык металл.

Жеңилдиги алюминийдей эле, бирок андан 6 эсе бышык. Андан самолёт жасаса кандай жакшы болор эле! Бул, мүмкүн, кийинчерээк ишке ашаар, азырынча титанды алуунун оңой жолу табыла элек. Азыр титан куймаларынан реактивдүү кыймылдаткычтардын өтө ысып кетүүчү бөлүктөрү жасалат, мында титандын бардык маанилүү касиеттери - жеңилдигинин, бышыктыгынын жана ысыкка чыдамдуулугунун пайдасы тийди. Титан учак, космос ракетасы, артиллерия үчүн өтө керек. Титан куймаларын дат баспайт, ал кемелерди каптоо үчүн мыкты материал болот. Анын дагы көп пайдалуу касиеттери табылды. Ак сыр (белила) металлдан жасалат.

Алгач аны коргошундан жасашкан. Коргошундуу ак сыр уулуу болгондуктан ден соолукка зыяндуу. Андан кийин ак сырды башка металлдан - цинктен жасай башташты. Цинктүү ак сыр уулуу эмес, бирок убакыт өткөн сайын карара баштайт. Ушул сыр менен тартылган көп мыкты картиналар карарып кеткендиктен анда эмне тартылганы билинбей калган. Эң мыктысы титандуу ак сыр. Анын ден соолукка зыяны жок жана карарып кетпейт. Силер ак резинадан жасалган буюмдарды көрдүңөр беле?

Ага титан кошкондо ак болуп калган. Кагаздын ак болушу үчүн да титан кошулат. Айнек ысыкка чыдамдуу болсун үчүн эмне кылуу керек? туура, титан кошуу керек. Радио лампалар бышык болсун үчүн анын ичиндеги абаны сордуруп ташташат. Ысыганда металл тетиктери, ал түгүл айнек да газ бөлүп чыгарат, аны чыгаруу кыйындыкка турат. Бул жерде титандын газдарды (суутек, кычкылтек, азот ж. б.) жутуп алуу касиети жардам берди. Эми радио лампалардын ичине титан капталган тетиктер коюлат, алар болсо лампанын ичиндеги газдарды калтырбай жутуп алат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 2907, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо