Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Түгөлбаев Галий

Баш барак | Биографиялар | Түгөлбаев Галий

(1908, Казакстан, Темирчин болушу, Каракарлы айылы -1985, Бишкек ш.) - партиялык жана мамлекеттик ишмер. 1937-жылдан КПССтин мүчөсү. 1923—28-жылы балдар үйүндө Оренбурщагы тажрыйба көрсөткүчкоммуна мектебинде окуган. 1957-жылы КПСС БКнын алдындагы Жогорку партиялык мектепти сырттан окуп бүтүргөн. 1930—37-жылы Республиканын профсоюз комитетинде жетектөөчү кызматтарда. 1937—38-жылы эл чарбасын эсептөө башкармасынын начальнигине жардамчы, 1938—40-жылы «Башкы дан» трестинин директоруна орун басар, 1940-жылы Кыргызстан компартиясынын БКсынын өнөр жай бөлүмүндө инструктор, Кыргызстан компартиясынын Ысьпс-Көл облустук аткаруу комитетинде өнөр жай боюнча катчы, 1942—46-жылы Ысык-Көл облустук эмгекчилер депутаттар кеңешинин аткаруу комитетинде төрага. 1946-жылдан кайрадан БКнын аппаратында: Кыргызстан КП БКнын өнөр жай жана соода боюнча катчысына орун басар, транспорт, соода-пландоо-финансы бөлүмдөрүнүн башчысы. 1953—59-жылы Кыргыз өнөр жай совет башкармасынын (1955—56-жылы жеңил өнөр жай министри) төрагасы, 1959—63-жылы Кыргыз ССР жергиликтүү өнөр жай министринин 1-орун басары, материалдык-техникалык жактан жабдуу начальниги, 1963—64-жылы Кыргыз эл чарба советинин «Тамак-аш-татымал» фабрикасынын директору. 1964-жылдан пенсияга чыгып, жетектөөчү кызматтарда иштеген. Кыргыз Республиканын Жогорку кеңешинин депутаты (1955—59). Эмгек Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 470, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу