Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Түлкү

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Түлкү

Жомоктордо түлкү ар дайым айлакер, куу, адамдарды жана айбандарды такай алдап кетет. Чынында ушундайбы? Албетте, душманынан кутулуу, азыгын табуу жагынан башка айбандарга караганда амалдуураак. Ошентсе да аны бардык жаныбарлардын эң сагы, айлакери деп айтууга болбойт. Түлкү - бардык нерсени искеп, шимшилеп чыгууга өтө куштар айбанат. Ага баары кызык көрүнөт. Ошонун айынан ал кээде сактанууну да унутуп коёт. Эгерде ал жашынууну билбесе, көзү курч, сак кулак болбосо, жыт алуусу начар өнүксө түлкүгө кыйын болмок. Көпчүлүк убакта аны өзүнүн жытчылдыгы ажалдан куткарып калат.

Душманын алыстан эле сезет да, тез эле качып жоголот же жашынып калат. Ал эми анын сак кулактыгы азыгын табууда жардам берет. Кышында түлкү чычкан кармоо менен алек болот. Арткы буттары менен тура калып басат, секирип, ары-бери бурулуп, тегеренет. Карап турган кишиге ал бийлеп жаткандай сезилет.

Чындыгында түлкү минтип кар астындагы чычкандардын дабышын тыңшайт. Кичине эле чыйылдаган үнүн укса түлкү кемирүүчүнү таап алат. Коёнду кубалап жетүү түлкү үчүн кыйын, ошондуктан ал коёнду көп кырат дегендери туура эмес. Эгерде түлкү коён менен капысынан жолукса же анын жатагына кабылса, бөжөгүнө кездешсе ошондой болушу мүмкүн. Ал бака, кескелдирик, ири курт-кумурскаларды жейт, канаттуулардын жерге салган уясын бузат.

Бирок анын негизги азыгы - момолойлор жана чычкандар. Түлкү жылына бир нече миңдеген чычканды жок кылат, ал эми бачикилери менен андан эки-үч эсе көп чычкан кырып, чоң пайда келтирет. Жайында түлкү чөп өсүмдүктөрү менен да тамактанат. Жазында же эрте жайда бачики туулат. Алар 3төн 10го чейин, андан да көп болот. Мындай чоң үй-бүлөнү багуу кыйын, ошондуктан ата-эне чаалыкпай эмгектенет. Бачикилер төрт айлык болгондо өз алдынча азык таап жеп, күн көрүүгө жарап калат да, ата-энесинен бөлүнүп кетишет.

Ушул мезгилден баштап ата-эне жана балдары өз-өзүнчө күн өткөрүшөт. Эгерде алар кышында мергенчилердин колуна түшүп калбаса (себеби түлкүнүн териси кооз жана баалуу эмеспи), мындай жашоо келерки жазга чейин созулат. Айбанаттар багылуучу чарбаларда адамдар аргындаштырып алган жылтылдак кара түлкүлөр багылат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 2718, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу