Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Түмөнбаев Шамшы

Баш барак | Биографиялар | Түмөнбаев Шамшы

Түмөнбаев Шамшы(1908, азыркы Ысык-Көл району, Чок-Тал айылы -1964, Бишкек) - кыргыз актёру, Кыргыз Республиканын эл артисти (1958). Кыргыз музыка драма студиясында окуган. 1929жылдан өмүрүнүн акырына чейин Кыргыз мамлекеттик драма театрында иштеген. Алгач К. Жантөшевдин «Карачач» (1929) драмасында койчунун ролун аткарган. Т. комедиялык пландагы каармандардын образын жогорку чеберчиликте ойногон артист. Аткарган ролдору: Жапалак, Супатай (Р. Шүкүрбеков, «Жапалак Жатпасов», 1936; «Шарапат», 1959), Берик Дубана (жылы Бөкөнбаев, «Алтын кыз», 1937), Дорчу (К. Жантөшев, «Курманбек», 1944), Камгакбай, Айман (Т. Абдумомунов, «Борбаш», 1951; «Атабектин кызы», 1954), Саалы (шаары Бейшеналиев, «Тоо койнундагы гүл», 1961), классикалык чыгармалардан Мальволио (У. Шекспир, «Он экинчи түн», 1944), Робинзон (айыл Островский, «Сепсиз кыз», 1951), Бобчинский, Хлестаков (Н. Гоголь, «Текшерүүчү», 1943) жана башкалар Т. киного да («Менин жаңылыштыгым», 1957, «Алыскы тоолордо», 1958 жана башкалар) тартылган. «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 570, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу