Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Түркмөнстан

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Түркмөнстан

Жеринин аянты 488100 чарчы чакырым. Калкы - 5000000 адам. Түркмөнстан Борбордук Азияда жайгашкан. Борбордук Азиядагы ысыктын уюлу ушул жерде. Жайында көлөкөдөгү ысык дээрлик 50 градуска жетет. Бирок бул жерде ысык жыл бою эле тура бербейт. Кышкысын түркмөн чөлдөрүндө 30 градуска жеткен суук да болот, себеби бул жерде түндүктөн келген суук шамалдарга тоскоолдук кыла турган бийик тоолор жок. Бул аймакта күн ысык тийип аптаптуу келип, нымдуулук өтө аз. Ошондуктан республиканын көп бөлүгүн суусуз чөл ээлейт.

Алардын эң чоңу - Каракум чөлү. Суу бар жерлерден чөл чегине баштайт. Мындай жерлер оазистер деп аталат. Андагы жапжашыл бактар жана жүзүмзарлар, аппак пахта талаалары көздү кубандырат. Илгертен түркмөн калкы жашап келген бул жерлерге суу дайыма жетишкен эмес. Совет бийлигинин тушунда Каракум каналы курулган. Ал суусу мол Амударыясынан башталып, Борбордук Каракум аркылуу өтүп, Түркмөнстандагы Мургаб жана Тежен дарыяларын бириктирет да республиканын борбору Ашхабадга чейин жетет. Табият Түркмөнстанды суусуз, токойсуз калтырса да, ага пайдалуу кендердин көп түрлөрүн тартуулаган. Түркмөн чөлдөрүнөн нефтинин, газдын, күкүрттүн, туздун көп запасы табылган.

Каспий деңизинин Кара-Богаз - Көл булуңу зор химиялык чийки заттын кампасына окшоп кетет. Мында: Глаубер бром, йод бар. Түркмөнстанда күндүн жана шамалдын энергиясынын запасы чексиз. Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаары - республиканын ири өнөр жайлуу шаары, илимий жана маданий борбору.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 3462, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу