Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Токобаев Молдогазы

Баш барак | Биографиялар | Токобаев Молдогазы

Токобаев Молдогазы(1905, ЫсьпсКөл району, Тору-Айгыр айлы—1974, Бишкек) - акын, драматург, коомдук ишмер. Кыргыз ад-тына негиз салгандардан. Түп айыл чарба техникумун жана Москвадагы Коммунисхтик ун-тти (1931) бүткөн. 1931-жылдан ВКП(б)нын Кочкор райондук комитетинде агитация-массалык бөлүмүнүн башчысы, 1933-жылдан Сакалды МТСнин (Базар-Коргон району) саясий бөлүмүнүн начальнигинин орун басары, 1934—36-жылы ВКП(б)нын Ленин райондук комитетинин экинчи катчысы. 1936-жылдан Кыргызстан жазуучулар союзунда жооптуу катчы, «Кызыл Кыргызстан» гезитинде редактор, Кыргыз мамлекеттик филармониясында директор, 1940жылдан Жалал-Абад облустук эмгекчилер депутаттар кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасы. 1941-жылдан Кыргызстан КП БКнын 3-катчысы. 1943—45-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы, 1945—48-жылы Кыргызстан Компартиясынын Талас облустук комитетинин 1-катчысы.

1948—49-жылы Кыргызстан Компартиясынын агитация жана пропаганда бөлүмүнүн башчысынын орун басары. 1949—53-жылы Кыргыз ССР Министрлер Советинин радиоберүү комитетиниң төрагасы. 1953—57-жылы «Советтик Кыргызстан» гезитинде бөлүм башчы болуп иштеген. Туңгуч ырлары («Кайсы убак?», «Жанкарындаш») 1924-жылы «Эркин Тоого» жарыяланган. Алгачкы ыр жыйнагы 1931-жылы жарык көргөн.

40-жылдарда Т-дин эркин эмгек, патриотизм темасындагы «Эмгек булагы», «Эрдин күчүн эл сынайт», 50-жылдары «Шайыр жаштар», «Шаңдуу күн», «Күжүрмөн эмгек», «Шаңдуу кадам», «Таң алдында», «Жарык күз» жана башкалар китептери чыккан. Т. кыргыз драматургиясын бапггагандардын бири. Анын «Кайгылуу Какей» (1928) пьесасы кыргыз театр өнөрүнүн тарыхындагы туңгуч чыгармалардан. Ленин ордени, эки «Ардак Белгиси» ордени жана медалдар менен сыйланган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 1428, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо