Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Tоок

Баш барак | Жаныбарлар | Tоок

Тоок, же үй тоок — (латынча түркүм Gallus gallus, түркүмчө Gallus gallus domesticus, кээде — Gallus domesticus, эркеги — короз же корооз, балдары — жөжө, ургаачысы — мекиан) — эң көп жана кеңири жайылган үй канаттуу, XXI кылымда — Жердеги канаттуулардын эң көп сандагысы.

Тоок (корооз жана мекиан)
Тоок (корооз жана мекиан)

Жалпы маалымат

Тоок, банкивдик джунгли тоогунун (Gallus gallus) колго үйрөтүлгөн формасы. Учуусу начар, алыска уча албайт, ошону менен бирге тез жана жакшы чуркайт. Адам тарабынан колго үйрөтүү тарыхында көп сандагы ар түрдүү тоок породалары чыгарылган. Булар өзүнүн өндүрүмдүүлүгү жана пайдалуулугу боюнча үй канаттууларынын атактууларынын бири. Тоокторду эт жана жумуртка багытында өстүрүшөт, мындан тышкары алардан тал жүн жана тыбыт алынат.

Кеңири жайылган тооктун акылсыздыгы жөнүндөгү ойлорго карабастан, тоок акылсыз эмес. Изилдөөлөр көрсөткөндөй алар санаганды билет, өзүнүн сүйлөшүү тилине ээ болуп, өз ара жакшы сүйлөшүшөт. Мындан тышкары тооктордун жашоосу жөнүндөгү көптөгөн маалыматтар дагы деле изилдене элек.

Айылдагы жөнөкөй эле тооктун тектеш түрлөрү абдан көп. Алар: суук түндүктө жашаган ак чил, кара көк сылан-короз, каракур жана түнт тайгада жашаган сак кереңкур. Андан башка сымбаттуу кыргоол, кооз-көркөмдүү тоос жана кичинекей бөдөнө. Австралияда, Филиппинде жана Тынч океандын башка аралдарында бырындычыл тооктор жашайт. Алар жумурткасын басып балапан чыгарышпайт, кадимки эле инкубаторду жасашат: түрдүү акыр-чикирди бир жерге чогултуп, ага жумурткаларын тууйт же аларды жылуу кумга көмөт. Мындай инкубатордо абдан чыйрак балапандар пайда болуп, алар жумурткадан чыгары менен эле уча баштайт.

Америкада даракчыл тооктор жашайт. Башка тооктордон айырмаланып, алар уясын даракка салат. Биздеги тооктун, же башкача айтканда тоок тукумундагы бакма канаттуулардын арасында канча түрү бар? Алар — күрптөр, цесаркалар жана башка бакма канаттуулардын түрлөрү. Бакма тооктордон даамдуу жана жергиликтүү продуктулар — эт жана жумуртка алынат, алардан ар түрдүү тамак жасоого болот. Андан башка алардын тал канаты менен мамык жүнү да пайдаланылат.

Кадимки мекиян тоок жылына 200-220, ал эми эң мыкты породасы 300дөй жумуртка тууйт. Канаттуулардын жумуртка менен этин көбөйтүү максатында өлкөбүздө бир нече канаттуулар фабрикасы курулган.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 817, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-04-24, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу