Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Тоок каналарды салууну долборлоо

Баш барак | Ветеринария | Тоок каналарды салууну долборлоо

Тоокканаларды негизинен эки типте долборлошот.

1.Капиталдык курулган тоок кана:
-Жердин тегиздигинен 40-50м бийиктикте дөңсөө жерге.
-Фундаментинин жерден ылдый тереңдиги 50см, жерден жогоркусу.
-Керегеси – фасад - 2,5 метр, арты 1,5 метр.
-Чатыры жылууланган.
-Төшөлмөсү (полу) жыгачтан, топурак менен айнектин сыныгы аралаштырылып шыбалган.
-Керегелери кум шыбак жүргүзүлгөн, акталган (5литр суу, 1килограмм акиташ, 100грамм туз).
-Тооктор отуручу орундук (лазы, насест) төшөлмөдөн (полдон) бийиктиги 45-50см, 30-40 баш тоокко 1 даана.
-Электр лампочкалар 8-10 чарчы/метр – 1шт.
-Терезеси тоок кананын көлөмүнө жараша болот, 10чарчы/метрге 1чарчы/метр өлчөмүндөгү терезе туура келет.
-Түнкү жатагына калын саман төшөө талапка ылайык (1чарчы/метр - 7-8кг саман), саман чиригенде жылдын муздак мезгилинде жылуулук бөлүп чыгарат.

2.Убактылуу курулган тоок кана:
-Камыштан, рубероидден (кара кагаздан) салынган навестер, сарайчалар жана башкалар.
- Убактылуу курулган тоок кананын кемчилиги: жылдын муздак мезгилинде тоок кана муздак (суук) болот.

Муздак тоок канада багылган тооктордун өндүрүмдүүлүгү төмөн болот. Жумуртка берүүсү төмөндөйт, жаш төлдөрдүн өсүүсү начар болот, анткени жеген тоютунун бир бөлүгү тооктордун денесинин нормалдуу температурасын кармоого сарпталат. Тоок каналарды долборлоодо узун туурасына көңүл буруу зарыл.

Эгерде тоок кананын курулушу төрт жагы тең бирдей төрт бурчтук болсо, тоок канада абанын алмашуусу начарлайт дагы жумуртка берүүсү төмөндөйт, эт алуусу начарлайт. Ошондуктан тоок кананы салууда анын узундугу турасына караганда 2-3 метр узунураак болуусу зарыл. Мындай долборлоодо тоок кананын ичиндеги аба алмашуу жакшырат, тооктордун кыгынан бөлүнүп чыккан амиактын көлөмү азаят. Көбүрөөк жумуртка же эт алууга жакшы шарт түзүлөт. Тоок кана үйдөн алысыраак жерде жайгашканы дурус. Себеби амияктын жыты чыгып турат.

Тоок кана мүмкүн болушунча күн чыгыш тарапка карап салынганы он. Себеби жарык, жылуулук келүүсү жакшы болот. Тоок кана салууда эске алына турган дагы бир өзгөчөлүгү бар, анын кире беришине тамбур куруу керек. Тамбурда галош, халат, респиратор жана башка шаймандар турушу зарыл. Эски тоок канада же мал сарайда тоок багууну пландаштырып жатсаңыз анда төмөндөгүдөй иштерди аткарышыңыз зарыл.

1.Ал жердин полу кырылып тазаланып эч кандай эски калдык калтырылбастан тазаланыш керек.
2.Дубалдарда жылчыктар жок болсо, неоцидолдун 3-5% аралашмасы менен 1 чарчы/метр жерге 1литр кошулманы мол чачып чыгыш керек. Ошондо дубалдагы мителердин бардыгы өлүшү үчүн дезинфекцияланган бөлмөнү 1 жума жаап кою талапка ылайык. Андан кийин тоокторду жайгаштырсак болот.

Жайгаштыруу: 2016-08-18, Көрүүлөр: 2452, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-08-18
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо