Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Торгой

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Торгой

Күн суук, кар али кете элек учур. Март айы келип, күн жакшы эле тийсе да, али жылытып жибере элек. Бирок жаз келип калды. Муну тээ асмандын кайсы бир жеринде безеленип сайраган чымчыктын үнү далилдейт. Бул ырчы чымчыкты көрүү кыйын - күндөн көзүң уялат. Бирок көрбөй туруп эле аны эрте жазда келүүчү - торгой экенин айтууга болот. Ал марттын аягы, апрелдин башында учуп келет.

Мына, ал төмөндөп учуп келди, эми аны көрүүгө болот. Ал анча чоң эмес, жону боз же агыш күрөң, көкүрөгүндө кара күрөң тактары бар. Мындай түс ал жерге конгондо душманына көрүнбөй жашырынууга жардам берет. Ал уясын жерге салып, азыгын жерден таап жейт. Торгойдун узун манжалуу тамандары чөптүн үстүндө басып жүрүүгө жакшы ылайыкталган. Торгойлордун түрлөрү көп, анын ичинен токой торгою, тоо торгою, мүйүздүү торгой көбүрөөк кездешет. Эгерде силер кокусунан торгойдун уясына кез келип калсаңар, алардын тынчын албай, тезирээк оолак кетүүгө шашылгыла!

Анткени, келерки жазда бир эмес, ал уядан чыккан бир нече торгой талааны зыянкечтерден коргоп, шаңдуу ыры менен айлананы шаңга бөлөп, адамдарды кубандырат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 4425, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо