Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Третьяков галереясы

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Третьяков галереясы

Галереяны негиздеген Павел Михаилович Третьяков москвалык бай көпөс болгон. Ал жаш кезинен эле Москвада тегине карабай бардык адамдар көрө алуучу көркөм музейди же коомдук сүрөт галереясын уюштурууну самап жүргөн. Павел Михаилович өмүрүнүн акырына чейин ошол максатынан кайра тарткан эмес. Бара-бара бул анын жашоосундагы эң негизги ишине айланып, ал эми өнөр жай ишмердиги ошол негизги максатын ишке ашыруудагы каражаты гана болуп калат.1856-жылы биринчи сүрөттү сатып алып, өзүнүн коллекциясын туруктуулук менен жыйнай баштаган. Бир тууган Третьяковдордун коллекциясынын пайда болушу орус элинин тарткан азап-тозогу менен кайраттуулугун жана орустун алдыңкы интеллигенциясынын ишмердиги жөнүндө сүрөт тартууну максат кылып койгон сүрөтчүлөрдүн (көчмө көргөзмөчүлөрдун) кыймылынын мезгилине туура келген. Павел Михайлович Третьяков жаш сүрөтчүлөргө чоң жардам берген.

Ал көчмө көргөзмөлөрдүн мыкты чыгармаларын галереясына сатып алып турган. 1892-жылы, өмүрүнүн акырына алты жыл калганда, Павел Михайлович галереясын Москва шаарына тартуу кылган, ошондо галереяда 2 миңдей сүрөт болгон. Учурда Третьяков галереясында орус жана чет элдик сүрөтчүлөрдүн 55 миңден ашуун живопись, графика, скульптура чыгармалары жыйналган.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 896, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу