Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Тундра

Тундра деген сөз фин тилинде токой өспөгөн жалпак дөңсөөлүү жер дегенди билгизет. Кийинчерээк түндүк жактагы түз жана токойсуз аймактар да ушундайча атала баштаган. Биздин өлкөбүздө тундра түндүктөгү деңиздердин жээктерин бойлой жазы тилке түрүндө созулуп жаткан зор аймакты ээлейт. Тундрада токой жок. Бул жердин суугунан жана ыңгайсыз шартынаң дарак өспөйт. Өзгөчө арктикадан келген катуу бороон-чапкындуу муздак шамал токойду бүлгүнгө учурап турат. Тундрада токой болбосо да, токойдо өсүүчү эңилчектер, голубика, морошка, кара мөмө, мамык чөп сыяктуу өсүмдүктөр көп өсөт. Илимпоздор байыркы мезгилдерде тундрада токой болгон деп болжолдошот.

Качан суук боло баштаганда токой жылуу жакты көздөй чегинип, ал эми токой өсүмдүктөрүнүн кээ бири жаңы шартка ыңгайлашып алган. Ыңгайлашмак гана турсун, токойдогуга караганда барпайып, кооз болуп өсө баштаган. Тундрада мындан башка жапыз бойлуу карлик тал менен кайың өсөт. Токойдо чөп жана мамык чөптөр бадалдардын арасында өссө, ал эми тундрада тескерисинче, бадал жерге жабышып өсүп, мамык чөптөргө жашынып, суук шамалдан коргонот. Тундрада майда суулар жана саздар көп. Суунун молдугунан жайында сууда сүзүүчү канаттуулар: каз, өрдөк, ак куу жана гагарлар ушул жерди жайлашат. Кышкысын алыскы түштүккө учуп кетишет, себеби тундранын кээ бир жеринде кышкысын суук 50 градустан да ашып кетет.

Мындай суугуна карабай тундрада кышында да жашоочулар бар. Бирок анча көп эмес. Алар түндүк бугусу, ак түлкү, уюл үкүсү, чил жана майда кемирүүчүлөр. Тундрада мурда кыштак, шаар болгон эмес, жергиликтүү эл аңчылык жана колго үйрөтүлгөн түндүк бугуларын багып өстүрүү менен тиричилик кылган. Бугуну багу үчүн дайыма жер которуп туруу керек: бир жердеги эңилчектерди жеп бүтүп, башка жерге өтүшкөн. Адам да анын артынан көчүп жүргөн. Бугунун этин тамакка, өзүн унаа катары пайдаланышкан, терисинен болсо жылуу кийим тигип, алачык да жасашкан. Тундраны климатынын катаалдыгынан гана эмес, андагы түбөлүк тоңдон улам да өздөштүрүү өтө кыйын, жайында тундрада жердин анча терең эмес бети гана эрийт, андан ары тоң катмары - курулуш үчүн олуттуу тоскоол болуп, көп кыйынчылыктарды туудурат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1132, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо