Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Турдубаев Жолочу

Баш барак | Биографиялар | Турдубаев Жолочу

(1935-жылыт., Жети-Өгүз району, Даркан айылы) - мамлекеттик жана партиялык ишмер, Кыргыз мамлекеттик университетин бүткөн (1975). Эмгек жолун Лейлек районундагы Исфана айылында мектепте мугалим болуп баштаган; кийинчерээк ошол эле мектепте окуу-тарбия ипггер боюнча бөлүм башчы (1963). 1963-жылдан партиялык иштерде иштеген. 1965-жылдан Кыргызстан КПнын Лейлек райкомунун агитацияпропаганда бөлүмүнүн инструктору. 1966-77-жылы Кыргызстан КПнын Ош обкомунун партиялык уюнггуруу бөлүмүнүн инструктору. 1977—78-жылы партиянын Токтогул райкомунун 2-катчысы, 1978—82-жылы Лейлек райондук эл депутаттар кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасы. 1982—88-жылы партиянын Ак-Суу райкомунун 1-катчысы.

1988-жылы Кыргызстан КП БКнын партиялык-уюиггуруу бөлүмүнүн башчысынын 1-орун басары. 1988—91-жылы Кыргызстан КП БКнын алдындагы партиялык көзөмөлдөө комиссиясынын төрагасы. 1991-жылдын апрель-августунда Кыргызстан КП Ысык-Көл обкомунун 1-катчысы. Андан кийин 1992—93-жылы Ысык-Көл облустук табият коргоо комитетинин төрагасы, 1993-жылы апреметрден Ысьгк-Көл облустук эл депутаттар кеңешинин төрагасы. Кыргыз Республиканын Жогорку Кеңешинин эл депутаты (1983—1995). Эмгек Кызыл Туу ордени, «Ардак Белгиси» ордени жана медалдар менен сыйланган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 585, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу