Турмуш-тиричилик жанры

Турмуш-тиричилик жанры – күндөлүк турмуштун окуяларына жана сценаларына арналган көркөм сүрөт өнөрүнүн бир тармагы. Термин негизинен живописке тиешелүү жана «жанрдык живопись», «турмуштук живопись» менен үндөш. Көркөм искусствонун өз алдынча бир бөлүмү катары Т.-т. ж. негизинен 18 кылымда калыптанды. Бул мезгил эң биринчи голландиялык мектептин устаттарынын Питер де Хох, Остаде, Стен, Терборх, Вермер Делфтский чыгармаларында чагылдырылган. Алардын чыгармачылыгында Т.-т. ж-нын спецификалык өзгөчөлүктөрү: күндөлүк турмуштун көп жолу кайталанган окуялары менен көрүнүштөрүнө кызыгуу, жөнөкөй, жасалмасыз турмуштук сюжеттердин болушу, аларды түшүндүрүүдөгү айтып берүү элементтери, кейипкерлерди сүрөттөөдөгү психологиялык кылдаттык, чыгармалардагы жалпы интимдик топ жана буга байланыштуу жанрдык чыгармаларга таандык анча чоң эмес формат, аткарылыш кылдаттыгы, жыйынтыктуулугу калыптана баштайт. 18 кылымда Т-т. ж-да адеп-ахлактык жана сатиралык тенденциялар көбүрөөк кездеше баштайт (мисалы, Грез, Хогарт). Реализмдин алдыңкы форпостторунун бири катары көбүрөөк демократиялык маанай менен Т-т. ж. XIX кылымда бардык улуттук сүрөт мектептеринде кеңири тарай баштады (мисалы, Францияда Милле, Курбэнин чыгармалары, Германияда – Менцель, Лейбль жана башкалар). Т-т. ж-дын өнүгүүсүнө XIX кылымдын экинчи жарымында орус реалисттери да өз салымдарын кошушту. А. Г. Венецианов менен П. А. Федотовдун жетишкендиктерине таянуу менен сүрөтчү-демкораттар Г. В. Перов, И. М. Прянишников, В. М. Максимов, В. Е. Маковский, К. А. Савицкий, И. Е. Репин жана башка голландиялык жанрдын тар чектерин (анын бюргердик мүнөзгө байланыштуу болгон) чечкиндүү жеңип чыгышты жана XIX кылымдагы батыш европалык Т-т. ж-на типтүү болгон анекдотизмден, турмушту пассивдүү чагылдыруудан, 18 к-га таандык абстракттуу акыл-насаатчылдык арылышты. Т-т. ж-нын орус жанристтери ага мурун мүнөздүү болбогон терең социалдуулукту беришти, аны падышалык Россиянын ошол таптагы турмушунун ар кыл тарабын көргөзүүдө сындап-бетин ачуучу курч куралына, ошону менен бирге эмгекчил элди даңктоонун эстетикалык талаптагы кыймылдаткычына айлантышты. Бул учурдун кээ бир жанрдык картиналарында бийик эпикалык ноталар, алынган тема менен сюжеттин тарыхый «социалдуулугу» байкалат (мисалы, И. Репиндин «Волгадагы бурлактар» жана К. Савицкийдин «Темир жолдогу ремонт иштери» чыгармалары жана башкалар). Сов. Т-т. ж-дын чыгаан устаттарынын катарына Е. М. Чепцов, Б. В. Иогансон, А. А. Пластов, Ф. П. Решетников, С. А. Тригорнов, Т. Н. Яблонская жана башка атаса болот.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)