Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Турсуналиев Мукамбеткалый (1926–1996)

Баш барак | Биографиялар | Турсуналиев Мукамбеткалый (1926–1996)

Турсуналиев Мукамбеткалый (1926–1996)“Турсуналиев Мамбеткалый” Чүй районундагы Алчалуу колхозунда 1926-жылы 11-январында туулган. 1944–1950-жж. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп, 1952- жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетине кирет.

1954–1957-жылдары «Кыргызстан пионери» гезитинин редакциясында бөлүм башчы жана жооптуу катчы болуп эмгектенет. 1957–1986-жылдары «Чалкан» журналында кызматкер, бөлүм башчы андан соң жооптуу катчы болот, 1986–1987-жылдары «Чүй Баяны» гезитинде бөлүм башчы болуп иштеген.

“Турсуналиев Мамбеткалыйдын” ырлары 1950-жылдан баштап жарык көрө баштаган. Ал көбүн эсе сатира, юмор, күлкү жана мыскыл жанрында иштеп эмгектенип, «Крокодил» «Огонек» жана башка көптөгөн журналдардын беттеринен жарык көрүп, басылып чыккан.

“Мамбеткалый Турсуналиев” орус сатирачылары Крыловдун, Маршактын, Михалковдун, Семеновдун айрым жана кээ бир чыгармаларын кыргыз тилине которуп, кыргыз элинин эл агартуусуна аз да болсо салым кошкон. 1962-жылдан тарта СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон. “Мамбеткалый Турсуналиев” «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата-Мекендик согушта каарман эмгеги үчүн», «Советтик Армиянын 50 жылдыгы», ж. б. медалдары, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Грамоталары менен сыйлаган. 1996-жылы дүйнөдөн кайткан.

>

Кыргыз тилинде жарыкка чыккан китептери:

Таанышуу: Аңгемелер. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1961. – 44 б.

Ырлар жана сатиралар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1962. – 102 б.

Бөлүнгөндү бөрү жейт: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызокуупедмам-бас, 1964. – 40 б.

Шоро: Повесть жана аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1965. – 123 б.

Миңдин бири: Тамсилдер, сатиралар, юморлор. – Ф.: Кыргызстан, 1966. – 82 б.

Менин шаарым: Ырлар жана поэма. – Ф.: Мектеп, 1967. – 46 б.

Сумсайма: Сатиралык ырлар, тамсилдер, достук азилдер. – Ф.: Кыргыз-стан, 1968. – 114 б.

Биз кандайбыз?: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1969. – 12 б.

Мышык сопу: Тамсилдер, сатира-юморлор жыйнагы. – Ф.: Кыргызстан, 1970. – 96 б.

Чапанбай: Сатиралык аңгемелер, фелъетондор, тамсилдер, интермедиялар, такмазалар. – Ф.: Кыргызстан, 1973. – 175 б.

Даража: Аңгемелер, интермедиялар, бир көрүнүштүү пьесалар. – Ф.: Мек-теп, 1975. – 140 б.

Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1975. – 236 б.

Дың жана уйгак: Сатиралык ырлар. – Ф.: Мектеп, 1978. – 63 б.

Ой тобо: Сатиралык ырлар жана болумуш. – Ф.: Кыргызстан, 1981. – 88 б.

Кудалар: Сатиралык ырлар жана тамсилдер. – Ф.: Кыргызстан, 1984. – 91 б.

Талаш: Тамсилдер. – Ф.: Мектеп, 1985. – 16 б.

Саякат: Поэмалар, ырлар, сатиралар, тамсилдер. – Ф.: Кыргызстан, 1986. – 172 б.

Окшошконго мушташкан: Сатиралар, тамсилдер, азилдер. – Ф.: Адабият, 1991. – 128 б.

Орус тилинде жарыкка чыккан китептери:

Кто мы такие?: Стихи. – Ф.: Мектеп, 1969. – 16 с.

Спор: Сказка в стихах. – Ф.: Мектеп, 1986. – 20 с.

Котормолору:

Семенов М. Айкын далилдер. – Ф.: Кыргызстан, 1974. – 118 б.

Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 770, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-23
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу