Турсунбаева Таттыбүбү

Таттыбүбү Турсунбаева – театр жана кино артисти.

Таттыбүбү Турсунбаева - 1944-жылдын 12-июлунда Нарын облусунун Чаек кыштагында төрөлгөн. Жумгал районунун Чаек айылында орус орто мектепте окуган.

1960-жылы 16 жашында "Салиманын ыры" аттуу кыска метраждуу тасмада биринчи жолу тартылган.

17 жашында Ташкенттеги А. Н. Островсөрү институтунун "Драма жана кино актеру" факультетине тапшырган.

1966-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын группасына кирген.

Театрда дүйнөлүк жана советтик классикасынан У. Шекспир, Лопе де Вега, Г. Лорка, Ч. Айтматов, М. Карим жана Е. Шварцтын чыгармалары боюнча сахнага 30 дан ашуун эстен кеткис образдарды алып чыккан: Жульетта ("Ромео жана Жульетта"), Амелия ("Бернарда Альбанын үйү"), Фелисьяна ("Бий мугалими"), Асел ("Делбирим"), Анвар ("Фудзиямадагы кадыр түн") жана башкалар. Ошону менен бирге кинодо да жаркын элестерди жараткан.

Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, СССР кинематографисттер союзунун жана Кыргызстан кинематографисттер союзунун мүчөсү.

Таттыбүбү Турсунбаева Кыргызстандын эл сүйгөн эң атактуу актрисасы болгон. Анын сулуулугу бүтүн кыргыз элин суктандырган. Кимден гана сурабаңыз, Таттыбүбү Турсунбаева абдан сулуу адам болгон дешет. Аны Кыргызстанда адамдар «сахнанын ханышасы» деп айтышат. Таттыбүбү Турсунбаева кыргыздын көп кинолоруна катышып, кызыктуу каармандарды жараткан. Ал «Ак Мөөр», олорунда башкы каармандардын, ал эми «Кызыл алма» фильминде Бейтааныш сулуунун ролун ойногон. "Ак Мөөр" фильминен соң Таттыбүбү Турсунбаеваны кыргыздар "Соң-Көл чүрөгү" деп аташкан. Тилекке каршы, анын өмүрү кыска болгон. Ал 37 жашында бул дүйнөдөн кайткан. Ал көз жумганда курсташы Жумабек Козукеев мүрзөсүнүн башында

"Токтолуп сокпой жүрөгү,

Соң-Көлдүн кетти чүрөгү" деген ыр саптарын окуган. Бирок, Таттыбүбү Турсунбаева бул жарыкчылыктан эрте кетсе да, анын элеси бул дүйнөдөн кеткен жок. Таттыбүбүнүн элеси сахнанын жана сулуулуктун турмушунда жашап келе жатат. Кыргызстанда Таттыбүбүнү «ак куу» деп да айтышат, анткени кыргыз маданиятында ак куу эң эле татынакай жана назик куш. Ак куунун мойуну узун жана Таттыбүбүнүн дагы мойуну узун болгон. Буга байланыштуу мындай ыр бар: «Адашкан аркар сыяктуу, арманда кетти бир ак куу». Анын ийилген кирпиктери, ажарын төккөн жүзү, өрүлгөн узун чачтары дагы эле Кыргызстандын ар бир атуулун суктандырат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)