Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Турсунов Эрнис

Баш барак | Биографиялар | Турсунов Эрнис

Турсунов Эрнис(1935-жылы туулган, Бишкек ш.)-акын, драматург, жазуучу, котормочу. Кыргыз Республиканын маданиятка эмгек сиңирген ишмери (1994).1958-жылы КМУнун филология факультетин бүтүргөн,1952—53-жылы МГУда (Москва) окуган. 1958—60-жылы Кыргыз Республиканын Маданият министрлигинин искусство инггери боюнча начальнигинин орун басары, 1960—61-жылы «Кыргызфильм» киностудиясынын улук редактору, 1961—65-жылы Кыргызстандын алыскы райондорунун жана Тажикстандын мектептеринде мугалим, 1965—82-жылы Республиканын басма сөз органдарында, 1982—84-жылы Кыргыз академиялык драма театрында адабий бөлүмүнүн башчысы. Ырлары 1948-жылдан жарыяланууда. «Гүл» аттуу алгачкы ырлар жыйнагы 1956-жылы жарык көргөн.

«Булбул» (1961), «Жигиттер» (1970), «Бийиктик» (1973), «Автопортрет» (1978), «Чексиз сүйүү» (1983) жана башкалар ырлар жыйнагы аны лирик акын катары окурмандарга тааныткан. «Бадахшан» (1981), «Ата Журт» (1990) жана башкалар прозалык чыгармалары жарык көргөн. Дүйнөлүк жана орус классиктеринин чыгармаларынын чебер котормочусу катары белгилүү. айыл С. Пушкиндин, айыл Н. Некрасовдун, М. Исаковскийдин, С. Есениндин, Р. Гамзатовдун жана башкалар чыгармаларын которгон. «Куранды» кыргызчага которгон (1991). Тарыхый инсандарга, окуяларга кайрылган мыкты чыгармалары да бар.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 1319, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо