Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Турусбеков Жусуп (1910-1943)

Баш барак | Биографиялар | Турусбеков Жусуп (1910-1943)

Жусуп Турусбеков (24-декабрь, 1910-жыл, Көк-Сай айылы, Тоң району, Ысык-Көл облусу, Кыргызстан [Күн-Батыш айылы, Жети-Суу облусу] — 1944-жыл, Калинин фронту) — кыргыз акыны, драматург.

Жусуп Турусбеков
Жусуп Турусбеков
Төрөлгөн датасы24-декабрь, 1910-жыл
Төрөлгөн жериКыргызстан, Ысык-Көл облусу, Тоң району, Көк-Сай айылы (Күн-Батыш айылы, Жети-Суу облусу)
Каза болгон датасыапрель айы, 1944-жыл (33 жаш)
Каза болгон жериРоссия, Тверь облусу
Ишмердүүлүкакын, драматург, либретчи, котормочу, редактор
Жанрпоэзия, пьеса
Чыгармалар тиликыргызча, орусча

Өмүр баяны

Турусбеков Жусуп 1910-жылы Тоң районунун Көк-Сай (Күн-Батыш) айылында туулган. Жусуп атасынан эрте ажырайт. Энеси, карындашы үчөө турмуштун оор запкысын тартышат. 1916-жылдагы көтөрүлүштө падышалык аскердин жазалоосунан качкан эл менен Кытай жерине барып, революциядан кийин кайтып келген. Анда болочок акын бар болгону алты жашта эле. Эл-журт көргөн бардык азап-тозокту, кайгы-муңду башынан өткөрөт. Арадан көп узабай Жусуп энесинен да, карындашынан да ажырап, тогуз жашында тоголок жетим калат. Аңгыча болбой элетте жүргөн жетимдерге Совет өкмөтү кам көрө баштайт. Багар-көрөрү жок Жусуптун да багы ачылып, 1921-жылы Каракол шаарындагы балдар үйүнө кабыл алынып, интернатта тарбия алат.

Бир аз убакыт өткөн соң, ал Түптөгү жаңы ачылган интернатка которулат. Ал интернат айыл чарба техникумуна айланат. Анда Жусуп 1927-жылга чейин окуйт. Болочок акындын адабиятка болгон шыгы техникумда окуп жүргөндө ойгонот. Казак, татар тилинде чыккан адабий китептерди окуп, газетага ыр жаза баштайт.

Чыгармачылыкты даана көздөп, аны андан ары өркүндөтүү максатында, Кыргызстандын борбору Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарына келет. Фрунзеге келген соң, 1928-жылы «Эркин-Тоо» газетасына орношуп алгачкы ырын 1929-жылы жазат.

Кийин Россиянын Тверь (ал кезде Калинин) шаарындагы советтик партиялык мектепте окуйт. Мында ал орустун акын-жазуучуларынын чыгармалары менен таанышат. Айрыкча С. Есенин, В. Маяковский, Д. Бедный, А. Жаров сыяктуу акындардын чыгармаларын кызыгып окуп, таалим алат, айрымдарын кыргыз тилине которот.

Окуусун бүткөндөн кийин «Кызыл Кыргызстан» гезитинде жооптуу редактор, Кыргызмамбастын редактору, кыргыз мамлекеттик театрдын директору, Кыргызстан жазуучулар союзунун кенешчиси болуп иштеген.

Жусуптун алган билими, түйшүктүү чыгармачылык изденүүсү текке кеткен эмес. Турусбековдун «Өткөн күндө», «Кыргыздар», «Эне», «Ук, жер жүзү» деген поэмалары коомдук саясий темада жазылган. Андан тышкары «Кызыл жоолукчан», «Эсимде», «Тилек», «Каракчынын трагедиясы» сыяктуу өчпөс адабий мурастарды жараткан.

Анын чыгармачылыгында өзгөчө орунду ээлеген «Ажал ордуна» (1934-1935) драмасы ошондой эле коллективдештирүү жөнүндө «Беш-Мойноктогу окуя» (1937) драмасы, «Бир болгон иш» (1940), «Айласыз кезигишүү» (1941) деген чакан аңгемелер жана бир нече адабий сын макалалар да жаралган. Акындын бир топ ырына композиторлор обон чыгарышып, азыр да ырдалып жүрөт. «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган. Улуу Ата Мекендик согуш башталганда, өз ыктыяры менен Мекенди коргоого аттанып, 1943-жылы кан майданда баатырларча курман болгон.

Үй-бүлөсү

Жубайы — Күлсүн Молдакматова, педагогикалык техникумду бүтүргөн. Үч баланын атасы. Улуу кызы — Лиля (1933—2001), кинорежиссёр, Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер (1979).

Чыгармачылыгы

Акындын чыгармаларынын негизги темасы — эмгек. «Эртең менен», «Жаз келет», «Биз», «Трарторчунун ыры» деген чыгармаларында ал элибиз жана Мекенибиз үчүн болгон эркин эмгекти даңазалап жазат. Адабий ишмердүүлүгүн 1928-жылы башталган.

Жусуп Турусбеков өз чыгармачылыгында элдердин достугу, балдардын, өспүрүмдөрдүн тарбиясы жөнүндөгү темага көп көңүл бурган. «Жаңы полк», «Аскерге чакырылуучунун ыры» деген ырларында акын жаштарга өз Мекенинин патриоту болууга, ар дайым аны коргоого даяр болууга үндөйт.

Ошондой эле «Өткөн күндөр» 1930-жылы, «Эне» 1933-жылы жазылган поэмаларында жаңы замандын адамдарынын образдарын түзгөн.

Энекебай, кайратыман жазбадым,
Мен мурунку мен эмесмин — башкамын.
Тентек жана таарынчактык мүнөздөр,
Жаман экен, ишен эне, таштадым!

Бул саптар Жусуп Турусбековдун көөнөрбөс «Энем» аттуу поэмасынан. Чыгармада окуя турмуштун татаал жолун басып өткөн бала аркылуу баяндалат. Чыгармада бала окууга барганга чейин тентек, шалаакы, орой, таарынчаак, кыскасы кераяк бала эле.

Бир гана жакшы сапаты — ойчулдук жагы бар болчу.ЭКА Ушундай албуут, өжөр, баланын окуп билим алып, жетилип кайра келгенден кийин жогоруда ыр саптарында айтылгандай, өзгөрөт. Баланын баягы тентек мүнөзү жоголуп, акыл-эстүү жаштардан болуп чоңоёт.

Чыгармада эне менен баланын турмушу элестүү, көркөм чагылдырылат. Алардын кулк мүнөзү да таамай тартылат. Жусуп алгачкы ыры менен эле жалпы журтчулукка таанылат. Ал жаңы мазмундуу, жаңы формадагы ырларды жаратат. Акындын туңгуч «Ленин жолу» аттуу ыры ошол учурда көпчүлүк жаштардын оозунан түшпөгөн чыгармага айланган.

«Жусуптун ырлары» (1932), «Шайыр жаштар» (1933), «Ата-Мекен» (1938) жыйнактарынын автору.

Анын «Ажал ордуна» (1935) музыкалуу драмасы жана пьесасы, Улуттук музыкалуу кыргыз драмасынын туңгуч чыгармасы болуп калды. Чыгармада 1916-жылдагы кыргыз элинин азап-тозогу чагылдырган. Бул драмада 1916-жылы кыргыз элинин башынан өткөн оор окуя таасын жана элестүү сүрөттөлгөн. Коллективдештирүү темасында «Беш мойноктогу окуя» (1937) пьесасын, «Бир болгон иш», «Таза жүрөктөр соккондо», «Айласыз кезигишүү» деген чакан аңгемелерди жазган. К. Маликов жана Ж. Бөкөнбаев менен биргеликте «Айчүрөк» операсынын либреттосун жазган (1939).

Котормочулук менен алектенип, кыргыз тилине А. С. Пушкиндин «Кичинекей трагедиялар» циклиндеги «Таштуу конок» пьесасын, Г. Гейне ж. б. чыгармаларын которгон. Советтик жазуучулардын Биринчи съездинин катышуучусу. «Каракчынын трагедиясы» поэмасы 1941-жылы фронттон «Кызыл Кыргызстан» газетасынын редакциясына жөнөткөн, чыгарма 1942-жылы жарыяланган.

«Ленин жолу», «Ук, жер жүзү!» аттуу ырларын жаңы стилде, жаңы формада жазган, бул ырлар эл ичинде кеңири тарап, айрыкча мектептерде, студенттик аудиторияларда декломация түрүндө жатка айтылып келген. Ошондуктан Жусуп кыргыз поэзиясында жаңычыл акын катары мүнөздөлүп келет.

Жусуп Турусбеков

Сыйлыктары

Эстелик

Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 2176, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-03-16
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу