Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Учууну, кээнги

Баш барак | Ветеринария | Учууну, кээнги

Кээнги, жижин – канда өрчүүчү мите козгоочу жылкылардын жугуштуу ылаңы. Дарт адегенде жыныс органдарында башталып кийинчерээк терини, борбордук нерв системасын жабыркаткандыктан дененин ар кайсы жерин шал кылат.

Ылаңдаткычы. Эки өзөктүү жип сыяктуу, куйругу бар трипонема эквупердум деп аталат. Чоңдугу 12,56х1,86 микрон Организмден тышкары узакка жашай албайт.

Клиникалык белгилери. Тез жана көпчүлүк убактарда өнөкөт формасында өтөт. Инкубациялык мезгили 2-3 айга барабар. Ылаңдын тез формасында жылкынын денесинин температурасы 40 градуска чейин жана андан жогору көтөрүлөт, шайы кетип, жыныс органдары шишийт, дабдрай басат, шал болот, арыктайт. Жылкы тез эле өлөт. Ылаңдын өнөкөт формасында клиникалык белгилери үч мезгилде акырындык менен өрчүйт.

Биринчи мезгили (шишик мезгили): Айгырдын жана бээнин жыныс органдары шишийт. Шишик катуу жана муздак болот, кармаганда ооруксунбайт, бирок кээде ысып кеткендиги, ооруксунгандыгы байкалат. Былжыр чели кызарып, шишимек тартып калат. Териде жана жыныс органдарынын былжыр челинде кызамыктар, эрозиялык кызыл тактар пайда болуп, кийин алар акырындык менен жоголот. Жаранын орду карттанып, териде тактар калат. Денесинин температурасы көбүнчө нормада болот, кээде калтыратма да байкалат. Малдын тоютка болгон табити сакталат, бирок арыктай баштайт.

Экинчи мезгили: Жалпы белгилердин жана теридеги жараттардын күчөшү менен мүнөздөлөт. Териде талердик тактар (бляшки) кызамык сымал бүдүрөйүп чыгат, чоңдугу 4,16 см. Булар бирде пайда болуп, бирде жоголуп кетиши мүмкүн. Бездер чоңоёт, жумшарат жана инфильтрация болот. Айрым учурда малда артрит, тендовагинит байкалат. Гиперестезия анестезия менен алмашышат. Айрым жылкыда коньюктивит, кератит пайда болот.

Үчүнчү мезгили: Шал мезгили. Малдын басыгы бузулат. Жылкы обдулганда арткы бутуна очорулат. Параплегия өрчүп, жылкы очорулуп, тура албайт, баш нервинин бир же эки жагы шал болот. Бир жагы шал болгондо эрди менен кулагы шалпайып, кыйшайып калат. Дарттуу бээ кээде таза, кээде учунуунун белгилери бар кулун тууйт. Арык жана начарлары көбүнчө кулун салып таштайт. Учунуу үйүр жылкыда көбүнчө өнөкөт түрүндө, 18-23 % сыртка байкалаарлык белгиси билинбей өтөт. (М. С. Авессаломов 1955). Мындай жылкынын тоютка табити тартпайт, жыныс органдары пигментсиз болот, муруну, эрди, көздүн сурмасы жана кулагы шалпайып калат. Денесинин температурасы нормалдуу.

Дарылоо. Дарылоо үчүн тамырына наганин 0,01-0,015 гр 1кг салмагына 10% натрийдин хлорунун арлашмасы менен сайылат. 30-40 күндөн кийин бул препаратты кайталап саюу керек. Азидинди 3,5 мг 1кг тирүү салмагына 7% аралашма, 5%дуу глюкозанын аралашмасы менен булчуң этине сайылат. Соварсенди, Антимозаны, Фуадинди колдонсо дагы жакшы натыйжа берет. Жылкыларды дарылагандан кийин 4-6 айдан кийин диагностикалык метод менен текшерүү жүргүзүлөт. Жалпы чарбалык иш-чара өткөрүлөт. Ыланга шектүү жылкыларды өзүнчө камап, эки жолу терс жыйынтык алгыча 30 күндүк аралык менен серологиялык изилдөө жүргүзүлөт. Рецедив болгондо комбинирдик дарылоо жүргүзүлөт: Соварсенди 1-жана 10 - күндөрү 0,003-0,004 гр 1 кг тирүү салмакка жана 7-күнү наганин сайылат.

Алдын алуу. Алдын алуу иш чаралары жыл жаңыргандан баштап жүргүзүлөт. Короодогу бардык жылкы баласынан кан алып текшертип туруу керек Канын текшергенде аныкталган ылаңдуу малдарды өзүнчө болуп дарылоо жүргүзүлөт. Дарылоо курсу аяктаган соң каны кайра текшерилет, жаз алды менен жылкыларды үйүргө топтоодо сырттан келген бээ же айгырларды сөзсүз текшерүүдөн өткөрүү зарыл. Мал сарайларды дезинфекциялап туруу керек.

Жайгаштыруу: 2016-08-18, Көрүүлөр: 758, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-08-18
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу