Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Уюм тууду

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Уюм тууду

Кыргыздын улуттук оюну уюм тууду тогуз коргоол оюнуна өтө окшош. Ошондуктан, уюм туудуну тогуз коргоолдун бөбөгү деп атасак да болот. Тогуз коргоолдо ар бир оюнчуда 9дан үй, бирден казан, 82ден кумалак болсо, уюм туудуда ар бир оюнчуда бирден казан, бештен үй, 25тен кумалак болот. Эгерде тогуз коргоол оюнун улгайган кишилер үйдө отуруп алып, атайын жасалган тактайда ойношсо, уюм туудуда үйдү (чуңкурду) жана казанды жерден казып алышып, мал багып жүргөн малчылар: койчу, уй-чулар ойношкон. Уюм туудудагы бир чоң айырма - кумалактарды жүрө баштаган учурда бошоп калган үйлөргө кайрадан кумалак чогулуп отуруп, саны төрткө жеткенде, ар бир оюнчу өз үйлөрүндөгү төрткө жеткен кумалакты: уюм тууду деп алып, өз казандарына сала беришет. Бул оюндун уюм тууду деп аталып калышы ушундан. Оюндун жүрүшүндө ар бир оюнчу атаандашынын уйларын туудурбай кысыр калтыруунун аракетинде болуш керек. Уюм тууду оюнунун ойнолуу тартиби мындай: эки оюнчу таяк же чүчү кулак кармашат да, ким жеңсе, оюнду ошол баштайт. Ал каалаган үйүнөн беш кумалакты бүт алып, оң жагынан айлантып, жанаша үйлөргө бирден салат.

Эгер акыркы кумалак салынган үйдөгү кумалактар жуп болуп калса, андагы кумалактарды алып, өз казанына салат. Эгер акыркы кумалакты салган үйдөгү кумалактар так болуп калса, көчүүнүн кезеги атаандашына берилет. Мына ушул тартип менен көчүп, качан атаандашы тараптагы үйлөрдө бир да кумалак калбай калса, оюн бүткөнгө эсеп болот. Ал эми оюнчу өз үйлөрүндөгү кумалактардын баарын жыйнап, өз казанына салат. Мына ошондон кийин ар ким өз кумалактарын санайт.

Кимдин кумалагы көп болсо ошол уткан болуп эсептелет.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 835, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу