Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Улар

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Улар

Улар Кыргыз Ала тоосунда кездеше турган куштардын бири. Алар токойсуз, шагылдуу тоо беттеринде жана терең аскалуу капчыгай жардын эң жогору жагынан кар баскан чокуларга чейинки аймактарда жашайт. Уларлар үйүр-үйүр болуп 5-10, кээде 20-30дан, уялаган учурда эки-экиден жүрүшөт. Улардын ургаачысы 4-9, кээде 16га чейин жумуртка тууп, багып чыгарат. Уясын жерге же таштардын, бадалдардын арасына, аскалардагы оюктарга салышат. Чокулардан терең капчыгайды көздөй ыкчам жана түз учуп түшөт. Ал жерден тоюнган соң тик, таштуу жер менен шашпай басып жогору чыгып кетет. Улар куштардын ичинен кыргоолдор тукумуна кирет. Узундугу болжол менен 60 смге, салмагы 3кгга чейин жетет.

Алардын беш түрү Азияда, Кавказда, Түштүк Сибирде жана башка жерлерде жашайт. Түсү боз, карала тагы бар, капталы жана мойнунда кызгылт күрөң чийиндери болот. Улар өсүмдүктөрдүн бүчүрлөрү, гүлдөрү, уруктары менен азыктанып, жаңыдан басып чыгарган балапандарын курт-кумурскалар менен багат. Анын эти өтө даамдуу болгондуктан адамдар ар дайым аларга аңчылык кылып келишкен. Ошондуктан биздин тоолордо анын саны абдан азайып кеткен. Улардын 3 түрү кызыл китепке киргизилген.

Анын сейрек болуп кеткенинен улам: улуу тоого чыккан барбы, улар үнүн уккан барбы? - деген кеп калган.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 2104, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу