Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Уулануу учурундагы биринчи жардам

Баш барак | Бала гигиенасы жана тамактануусу | Уулануу учурундагы биринчи жардам

Уулануу - бул организмге уу заттардын киришинен пайда болгон оорулуу абал. Катуу уулануу көп кездешет. Ага те; жардам көрсөтүү зарыл. Айрыкча турмуш - тиричиликте тамак - аштан, дары - дармектен, химиялык каражаттардан уулануу көг жолугат. Догдур келгенге чейин көрсөтүлүүчү биринчи жарда> кандай гана уулануу болбосун организмге кирген ууну тезинег жоготуу же зыянсыздандыруу керек. Бул учурда: ичеги карынды жууп тазалоо, ал үчүг оорулуу бир нече стакан сууну ичип жиберип, сөөмөйү менег тгтлдгти түбүн басып кусуу керек. Бирок, ууланууга толук көз^ жеткенде гана биринчи жардам көрсөтүү зарыл, анткени айрьгу катуу кармаган ооруларга (аппендицит, миокард инфаркты ж. б.) ичеги - карындарды жууп, ич алдыруучу заттарды колдонууда оору күчөп, оор кабылдоолорго дуушар кылат. Кислота жана жегич заттардан уулануу. Уулануунун белгилери: эрин, ооздун ичи күйүп, катуу ооруйт, шилекей куюлуп, жутканда ооруйт, кан аралаш кусат. Тез жардам келгиче, чай кашыктын сабына даки ороп, ооздун ичин шилекей менен былжырлардан тазалоо зарыл. Жасалма жол менен дем алдыруу б. а. мурдун үйлөп дем алдыруу керек.

Ичеги карынды өз алдынча жуушка болбойт, андан кусканы күчөп, кислота же жегич жогорку дем алуу органдарына кирип кетүүсү ыктымал. Кислота же жегичтин таасирин азайтуу үчүн 2- 3 стакан (андан көп эмес) суу берүү керек. Ошондой эле ууну “нейтралдоо” үчүн кислота менен ууланса күчсүз жегич, жегич менен ууланса күчтүү кислота берүүгө жарабайт. Тез жардам чакыруу керек.

Көмүртек кычкылы менен уулануу - ис уруу учурунда башы ооруйт, айланат, кулагы чуулдайт, алы кетип, демигет. Тамыры алсыз кагып, көңүлү айнып, кусат, катуу ууланса тырышып, эсинен танат. Ис урган учурда кычкылтек жаздыкчасын колдонгон жакшы. Жасалма дем алдырууда, ооздон оозго, же ооз менен мурунду үйлөө керек.

Жайгаштыруу: 2016-06-09, Көрүүлөр: 8129, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-06-09
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу