Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Узакбаев Эргешбай

Баш барак | Биографиялар | Узакбаев Эргешбай

(1926-жылы туулган, Тоң району, Күн Чыгыш айылы) - акын, Кыргыз Республиканын маданиятка эмгек сиңирген ишмери (1994). Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик мугалимдер интун бүтүргөн (1948). 1942—46-жылы Тоң мектебинде мугалим, 1948—51-жылы ошол эле мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы, 1951—58-жылы «Ысык-Көл правдасы» гезитинин адабий кызматкери, 1959-жылы Ак-Суу райондук «Эмгек туусу» гезитинин редакторунун орун басары, 1959—62-жылы Кыргызстан Жазуучулар союзунун Ысык-Көл өрөөнү боюнча адабий кеңешчиси, 1964—65-жылы Түп райондук маданият бөлүмүндө инспектор, 1965—72-жылы Түп рндук жана Каракол ш-дык биргелешкен «Коммунисттик эмгек» гезитинде котормочу, жооптуу катчы, редактордун орун басары, 1972—86-жылы «Ысык-Көл правдасы» гезитинде редактордун орун басары, 1991—93-жылы Каракол ш-дык «Каракол» гезитинде редактордун орун басары болуп иштеген. 1993-жылдан чыгармачыльпс иште. Адабий чыгармачылыгы 1940-жылдардан башталган. Алгачкы поэмасы «Өлбөс даңк» деген ат менен «Ала-Тоо» журналына жарыяланган (1943). Андан кийин «Ырлар жыйнагы» (1949), «Таң» (1951), «Бир кишидей» (1956), «Мезгил саптары» (1965), «Дабан» (1976) ырлар жыйнактары жана поэмалары жарык көргөн. Көптөгөн очерк, сүрөттөмө, публицистикалык макала, эскерүү жылы б-дын да автору. 1944-жылдан Кыргызстан жазуучулар союзунун, 1958-жылдан Журналисттер союзунун мүчөсү.

Медалдар менен сыйланган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 729, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу