Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Веб барак

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Веб барак

Веб барак (англисче Web page, кырг. web барак, web бет деп да аташат.) - веб-браузер аркылуу кирүүгө же ачууга мүмкүндүк болгон, дүйнөлүк желенин маалыматтык ресурсу же документи. Типтүү веб барак html форматындагы тексттик файлды мүнөздөйт. Ал башка форматтардагы файлдарга шилтемени камтышы мүмкүн (тексттик, графикалык сүрөттөр, видео, аудио, мультимедия, апплеттер, прикладдык программалар, маалымат базасы, веб-кызматтар жана башкалар). Ошондой эле башка веб барактарга же шилтеме файлдарга өтүү үчүн гипершилтемелерди камтыйт.

Мазмуну

Көптөгөн заманбап браузерлер шилтеме файлдарын дароо браузерден көрүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле веб барактан өзүнчө көрүүгө да мүмкүндүгү бар. Веб барактын маалыматтык маанилүүсү "контент" аталат (англисче content — «мазмун»).

Жалпы темасы жана дизайны бар, шилтемелер аркылуу байланышкан бир нече веб барактар веб сайтты түзөт. Веб сайтты түзгөн веб барактар бир же бир нече веб серверлерде жайгашышы мүмкүн.

Динамикалык веб барак

Программалык генерацияланган динамикалык веб барак, жөн эле файл болгон статикалык веб барактан айырмаланып турат. Мында бир эле файл ар түрдүү контентке (маалыматка) ээ болот. Ал эми статикалык веб барактын негизги контенти өзгөрбөйт. Динамикалык веб барак веб серверде реалдуу убакта жаралып колдонуучуга көрсөтүлөт.

Негизи динамикалык веб барактар маалымат базасындагы контентти иштетип көрсөтөт. Динамикалык веб барактарды генерациялоонун популярдуу технологиялары төмөнкүдөй:

Статикалык веб барак

Статикалык же туруктуу веб барак бир контентке ээ болгон html, htm сейрек txt форматтарында болот. Статикалык веб барактын кемчилиги анын ар бирине көңүл бурунун талап кылуусу. Эгер бардык статикалык барактарга өзгөртүү киригизүү зарыл болсо ар бирин бирден ачып оңдоп чыгуу зарыл. Ал эми барактардын саны миң же андан ашык болсо бул көйгөйдү жаратат. Ошондуктан статикалык барактарды интернет жаңыдан жарала баштаганда эле колдончу, учурда веб сайттардын дээрлик 90% динамикалык веб барактарды колдонот. Кээ бир жарнамалык лендинг барактар гана статикалык түрдө.

Ар бир веб барак уникалдуу дарекке ээ (url), ушул макаланын уникалдуу дареги /page/veb-barak түрүндө. Даректер көбүнчө англис тамгалары, сандары менен жазылат. Бирок акыркы убакта кирилица даректери дагы көп колдонула баштады.

Веб барактын максаты

Веб барактын негизги максаты бул - маалыматты колдонуучуга берүү. Веб барак браузер аркылуу иштетилип колдонуучуга ыңгайлуу көрсөтүлөт. Эгер браузерсиз, мисалы, жөн эле текст редактору менен веб баракты көрсөңүз көптөгөн түшүнүксүз символдорду кездештирүү мүмкүн. Веб барактын жардамы менен колдонуучу веб сайтта ар кандай иш аракеттерди жүргүзө алат:

Системдик файлдар

Веб баракта көзгө көрүнбөгөн сөзсүз кошулуучу системалык файлдар болот. Алар негизинен веб барактын <head> бөлүмүндө жайгашат. Мындай файлдарга css, js, ico жана башкалар кирет.

Веб барак коду

Веб барактын коду түрдүү html белгилеринен куралат. Мындай белгилердин негизгилерин атай кетсек: <!DOCTYPE html>, <html>, <head>, <title>, <body>. Мындан башка дагы абдан көп html белгилер бар, бул эми башка тема. Веб барактарды түзүү үчүн html, css, js көркөмдөө жана программалоо тилдерин билүү зарыл.

Жайгаштыруу: 2020-06-10, Көрүүлөр: 5149, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2022-03-20, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу