Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Верди Жузеппе

Верди Жузеппе - (10.10.1813, Ронкеле 27.1. 1901, Милан) италиялык композитор Верди Жузеппе 1813 жылы Италия шаарында туулган . Ал 7 жашынан музыкадан сабак алган. Ал эми 15 жашынан увертюраларды, фортепьяно үчүн пьесаларды чыгарган. 1839-ж. Миланда анын «Оберто, граф Сан-Бонифачо» аттуу туңгуч операсы коюлган. 1842-49-ж. 13 опера жазган, анын ичинде «Эрнани» (1844), «Аттила» (1846), «Луиза Миллер» (1849). 19-к-дын 50жылдары жаралган «Риголетто» (1851), «Трубадур» (1852), «Травиата» (1853) өңдүү опералары композитордун атагын чыгарган. 60-жылдары «Симон Бокканегра» (1857), «Дон Карлос» (1867), атактуу «Аида» (1871-ж. Каирде коюлган) операсын, 1886-ж. психологиялык музыкалык драманын жогорку үлгүсү «Отелло» операсын (1887-ж. Миланда коюлган) жараткан. Анын 26 опера, кыл аспаптар үчүн чыгармалары бар. «Отелло», «Травиата», «Риголетто» ж. б. опералары А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында коюлган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)