Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Вертолёт

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Вертолёт

Учуу аянтында зор ийнеликке окшогон узун ичке куйруктуу машина турат. Анын үстү жагында чоң винттин калакчалары, куйрук жагында дагы бир кичине винти бар. Биз кабинага кирип, жумшак орундарга олтурдук. Учкуч кыймылдаткычты иштеткенде, катуу күрүлдөгөн үн чыгып, орундуктар титирей түшүп, үстүндөгү узун калакчалар айлана баштайт. Мына, машина эч кандай күүлөнбөстөн эле турган ордунан жогору көтөрүлөт. Жогору көтөрүлүп барып, абада калкып турат. Мотор дүрүлдөп, калакчалар айланып жатса да машина ордунан козголбойт. Вертолёт ушинтип далайга калкып тура алат. Эшигин ачып аркан шатыны төмөн түшүрсө да болот. Бул шаты менен муз жарылып, деңизге алып кеткен балыкчы же токойдо адашып калган геолог кабинага көтөрүлүп чыгат.

Вертолёттон жер бетин сүрөткө тартууга, түндүк деңиздерде муздун арасынан өткөөл издөөгө, токой өртүн өчүрүүгө, атүгүл аба агымы менен үйлөтүп, кедр жаңгагын күбүп түшүрүүгө да болот. Бул аба кемеси жол тандабайт, кырсыкта калгандарды куткарат, оор иштерге жардам берет. Учкуч рычагын жылдырды... Алга! Асты жагыбыз кыймылга келип, үйлөр, оюнчуктай көрүнгөн машиналар жылып бараткан ичке жолдор артка кала баштады. Алды жактан биздикинен чоңураак, бир гана чоң винти бар башка вертолёт көрүндү. Асты жагына илип алган жүгү бар өңдөнөт. Ал эмне болду экен?

Мына кызык! Тетиги төмөндө катар тизилип тургандарга окшош торчолонгон болот түркүктү илип алыптыр. Бул вертолёт - жүк көтөргүч кран Ми-10 деп аталат. Биз күрүлдөгөн мотор үнүнө жараша учкучка кыйкырдык: Суранабыз! Буруңузчу!! Көрөлү!! Ал тигини кайда алып баратат?!.

Учкуч макул дегендей жылмая баш ийкеди. Биздин машина да тиги чоң вертолёттун соңунан түштү. Бирдей аралыкта катар тизилген зор түркүктөргө жакын келдик. Карагылачы, анда дагы бир түркүккө орун камдап коюшуптур! Бетондолгон төрт бурчтуктун тегерегинде кыбыраган кишилер жүрөт. Бирөө желегин булгады эле вертолёт ошол төрт бурчтуктун дал үстүндө калкып туруп калды. Анан акырындык менен ылдыйлай баштады.

Желекти булгашты. Оңго... Эми кичине солго... Түркүктүн учу акырын чайкалат. Болду! Болот түркүк дал ордуна коюлду. Төмөндөгү адам желектерин чечкиндүү булгады.

Аркандар бошотулуп, вертолёт кайра учуп жөнөдү. Булар электр линиясын куруп жатышкан тура! Эми кийинки түркүктү алып келгени кетти - деп баамдадык биз. Жол тандабас аба кемеси мына ушундай. Вертолёт куткаруучу, чалгынчы, аба автобусу гана эмес - учуп жүрүүчү жүк көтөргүч кран да. Вертолёт менен спортсмендер да учушат. М. Л. Миль (Ми) жана Н. И. Камовдун (Ка) конструкциясындагы вертолёттор бүт дүйнөгө белгилүү.

Ми-6 транспорттук вертолёту алты тоннадан ашык жүк же 80 жүргүнчүнү көтөрүп учат. Ми-10 вертолёт-краны атайын платформага салып бүтүндөй бир автобусту ташыйт. Ал эми М. Л. Милдин конструкциясындагы В-12 вертолёту дүйнөдөгү эң чоң вертолёттордун бири. Азыркы учурда Ка-26, Ми-24, аскердик-транспорттук Боинг вертолеттору менен көптөгөн татаал иштерди аткарышат. Албетте, самолёт вертолёттон кыйла ылдам да, алыска да учат, абдан бийик көтөрүлөт, майды аз чыгымдайт. Бирок самолёт абада калкып тура албайт, күүлөнмөйүн абага көтөрүлө албайт. Вертолёт эч күүлөнбөстөн эле ар кандай чакан аянттан: кеменин палубасынан да, жүк тарткан машинанын үстүнөн да, ал түгүл имараттын чатырынан да учуп чыгып, кайра коно алат. Вертолёттун дагы бир жакшы жери - өз огунда каалаган жагына тегеренет, ошондой эле каалаган багыты боюнча саатына 300-400 чакырым ылдамдык менен учат.

Ошондуктан вертолёт да самолёттой эле зарыл. Анткени ар бир машинанын өз иши бар. Вертолет - орусча аталышы жана ал вертикальный летательный аппарат деген создүн кыскартылган маанисин камтыйт. Ал эми вертолеттун кыргызча аталышы Тик учак, эң жөнөкөй бекен? :-)

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1264, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо