Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Вьетнам

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Вьетнам

(Вьетнам Социалисттик Республикасы, ВСР) ВСР - Түштүк-Чыгыш Азиядагы мамлекет. Инди-Кытай жарым аралынын чыгыш бөлүгүн ээлейт. Вьетнам Бакбо (түндүк), Чунгбо (борбордук) жана Намбо (түштүк) деп бөлүнөт. Өлкө чыгышынан жылуу деңиздин кумдуу жээги, ал эми батышынан түнт токойлуу бийик тоолор менен курчалган. Шалба талаалары бирдей танапталган тилкелерге бөлүнгөн. Бамбук менен пальманын калыңдыгынан кыштак көрүнбөйт. Калкынын көпчүлүгү шалба талааларында эмгектенишет.

Айдалардын алдында тегизделген талаа төрт тарабынан жалчалар менен курчалып, суу толтурулат. Анан буйвол чегилген зор жыгач таракка окшогон тырмоочтор менен ылайлуу талаа малаланат. Аялдар тизелерине чейин суу кечип жүрүп бирдей аралыкта шалынын көчөтүн катар-катар кылып отургузушат. Бул талааларда дайыма суу жатат, ошондуктан Вьетнам балдары кыштыр-жайдыр бул жерлерден майда балык кармашат. Күрүч, балык, жашылча - вьетнамдыктардын негизги тамагы. Токойлуу тоолордо жашаган вьетнамдыктар буйвол багып, бугуларга аңчылык кылышат. Токойдогу ачык аянттарга жүгөрү менен тропик картошкасын айдашат. Вьетнам - көп улуттуу өлкө.

Борбору - Ханой. Ири шаарлары - Хошимин жана Хайфон. Ханойдун көчөлөрү кең, парктары көп. Шаардагы көлмөлөрдүн биринде лотос гүлүнө окшош жалгыз түркүк тиреп турган белгилүү храм - Мот-Кот пагодасы турат. Пагода гүлдөр жана ажыдаардын келбети менен кооздолгон. Өткөн кылымдын аягында Вьетнамды француз колониячылары басып алган.

Узакка созулган боштондук күрөшүндө Вьетнам эли акыры баскынчыларды жеңип чыгып, колониячылар 1954-жылы Вьетнам жеринен чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Бирок жеңиш толук болбой Вьетнам эки бөлүккө бөлүнүп калган. 1954-жылдан бери ВСРде көптөгөн жаңы завод, фабрикалар курулуп, жолдор салынды. Вьетнамдыктар жаңы мектептерде жана университеттерде окуй башташты. Бирок тынчтык көпкө созулбады.

Америка Вьетнамдын түштүк бөлүгүн басып алып, Түндүк Вьетнамдын шаар-кыштактарын бомбалаган. Бул кандуу согуш он жылдан ашуун - 1973-жылдын февралына чейин созулган. Бирок алар Вьетнам элин жеңе алышкан эмес. 1976-жылы Вьетнам биригип, Вьетнам социалисттик Республикасы жарыяланган.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 2998, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу