Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Вирустар

Баш барак | Биология | Вирустар

Вирус (латынча virus — уу) — клетканын ичинде гана көбөйүүчү, клеткалык эмес инфекциялык агент, эң майда организмдер, алардын өлчөмдөрү 12ден 500 нанометрге чейин болот. Майда вирустар белоктун чоң молекулаларына тең. Вирустарды клеткалардын мителери деп дагы аташат.

Вирус
Эл аралык аталышыViruses
NCBI10239
EOL5006

Жалпы маалымат

XX кылымдын аягында ар бир жугуштуу ооруну өзүнчө микроб козгой тургандыгы жана аны менен ийгиликтүү күрөш жүргүзүүгө мүмкүн экендиги баарыга маалым болгон. Илимпоз-бактериологдор: «шашпагыла, жакын арада бир да оору калбайт» — дешкен. Бирок, арадан жылдар өткөндүгүнө карабастан алардын убадасы аткарылбады. Кызамык, шарп, полиомиелит, трахома, чечек, грипп оорулары менен адамдар жабыр тарта беришти. Коркунучтуу дарттардан миллиондогон кишилер кырылып, бирок козгогуч микробдор табылбай жатты. Акырында 1892-жылы орус окумуштуусу Дмитрий Иосифович Ивановский анын изине түшкөн. Ал адам оорулары эмес, өсүмдүк илдеттери менен иш жүргүзүп жаткан. Тамеки жалбырагынын илдетин изилдеп жатып, ал илдетти микроб эмес, андан да майда нерсе козгойт деген жыйынтыкка келген. Бул нерсе эң эле майда чыпкадан да өтө тургандыгын, башка организмдин тирүү клеткаларында гана көбөйүүгө жөндөмдүү экендиги аныкталган. Бул жаңы нерсе латынча вирус — уу деп аталды. Вирусту электрондук микроскоп пайда болгондон кийин гана көрүүгө мүмкүн болду. Көрсө эң жөнөкөй вирус — кабыкчанын ичинде жаткан спираль өңдүү чоң молекула экен. Мындай вирус өзүнө туура келген тирүү клеткага жанаша эле кабыктан чыгып, тирүү клеткага өтөт. Анан эң кызыгы: клеткадагы заттардын бардыгы кабыкча менен капталган спиралдарга айланат. Башкача айтканда, клетка өлүп, вирустун жаңы молекулалары пайда болот. Ал эми спиралдар клетканы өлтүргөн вирустун дал өзүндөй вируска айланып, алар ушинтип көбөйөт. Вирустун түрлөрү өтө көп. Ар бири белгилүү бир клеткага гана таасир этет да, белгилүү бир ооруну гана козгойт. Айрым бактериялардын ичтерине кирип, аларды бузуучу вирустар да бар. Булар бактериофаг — бактерия жегичтер деп аталат. Дизентерияны айыктырууда бактериофаг кеңири колдонулат. Жер планетасында жашаган көпчүлүк организмдер клеткалардан турат, бир гана вирустардын клеткалык түзүмү жок.

Бул эң маанилүү белги менен учурдагы бардык тирүү жандыктар окумуштуулар тарабынан эки империяга бөлүшкөн:

Вирустардын маанилүү айырмалануучу өзгөчөлүктөрү төмөнкүдөй:

  1. Вирустар өзүлөрүнүн курамында нуклеин кычкылынын бир гана түрүн камтыйт: же рибонуклеин кычкылы (РНК), же дезоксирибонуклеин (ДНК), ал эми бардык клеткалуу организмдер, анын ичинде эң жөнөкөй бактериялар, РНКны дагы, ДНКны дагы камтыйт.
  2. Вирустардын жеке зат алмашуусу болбойт, абдан аз ферменттерге ээ. Көбөйүү үчүн кожоюн-клетканын зат алмашуусун колдонот, анын ферменттерин жана энергиясын.
  3. Ички клеткалык мите катары гана жашайт жана мителөөчү клеткадан тышкары көбөйбөйт.

Эң примитивдүү вирустар РНК молекулаларынан (же ДНК) түзүлүп, сыртынан белок молекулалары менен капталган, ал вирустун кабыгы болот. Кээ бир вирустар дагы бир тышкы же экинчи кабыкка ээ, татаалыраак вирустар ферменттердин катарын камтыйт.

Нуклеин кычкылы (НК) вирустун муундан-муунга өтүүчү касиеттеринин алып жүрүүчүсү болот. Ички жана тышкы кабыктардын белоктору вирустун коргоочу кызматын аткарат.

Айтылгандай эле вирустардын зат алмашуусу жок болгондуктан, клеткадан тышкары алар «тирүү эмес» бөлүкчөлөр түрүндө болот. Мындай учурда вирустар инерттүү кристалл сыяктуу. Клеткага кирүү менен алар дароо тирилет.

Көбөйүүдө өзүнүн бөлүктөрүнүн компоненттерин түзүү үчүн вирустар өзүлөрү инфекцияга кабылдырган клетканын азык болуучу заттарын жана энерго-метаболикалык системасын колдонот. Клеткага кирген соң вирус өзүн түзгөн бөлүктөргө бөлүнөт — нуклеин кислотасы жана кабык белогу (вирустун чечинүүсү). Ушул таптан баштап кожоюн-клетканын биосинтетикалык процесстерин вирустун нуклеин кислотасындагы коддолгон генетикалык маалымат башкарат.

Кожоюн-клеткада вирус кабыгынын жана нуклеин кычкылынын өзүнчө синтези жүрөт. Кийинчирээк алар биригип, жаңы вирионду (толук калыптанган вирус) түзөт. Бул өзгөчөлүк төмөнкүдөй эксперимент жүргүзгөн окумуштуулар тарабынан белгиленген. Алар «тамеки мозаикасы» вирусун эки түзүүчү бөлүккө бөлүп — НК жана белок, андан соң алардын аралаштырган дагы, жашап кете турган, бардык биологиялык касиеттери бар вирусту алышкан. Клеткалар болсо, баарыбыз билгендей эле бөлүнүү аркылуу көбөйөт. Клетканы түзүүчү бөлүктөргө бөлүү (ядро, кабык, цитоплазма, митохондрия, рибосомалар) жана аларды аралаштыруу вирустукундай натыйжа бербейт, клетка калыбына келбейт.

Вирустар жасалма азык болуучу чөйрөдө көбөйүшпөйт — булар азык дегенде абдан жакшы тандай билишет. Көптөгөн бактериялар жакшы көргөн кадимки эт сорпосу вирустарга жарабайт. Буларга тирүү клеткалар керек, жана каалаган клетка дагы жарабайт, белгилүү бирлери гана.

Илимге бактериялардын, өсүмдүктөрдүн, курт-кумурскалардын, жаныбарлардын жана адамдардын вирустары белгилүү. Бардыгы 1000ден ашык (белгилүүлөрү гана, 2023). Вирустун көбөйүү процесси менен байланышкан иш-аракеттер көп учурда, бирок дайыма эмес, кожоюн-клеткага зыян келтирип, аны жок кылууга алып келет. Клеткалардын бузулушу менен коштологон вирустардын көбөйүүсү организмдеги оорулуу абалдын пайда болуусуна алып барат.

Вирустар адамдын көптөгөн ооруларын чакырат: кызылча, свинка, грипп, полиомелит, кутурма, оспа, калтыратма, трахома, энцефалит, кээ бир онкологиялык (шишик) оорулар, СПИД, айтылуу таажы вирусунун оорусу. Адамдарда сөөлдүн чыгуусу да сейрек эмес. Суук тийгенде эриндин жана мурундун айланасына исиркектеп жара чыгат. Бул дагы вирустук оорулар.

Адам организминде көптөгөн вирустар бар, бирок алар дайыма эле өзүлөрүн билгизе беришпей жүрө берүүсүн окумуштуулар тарабынан изилденген. Оору чакыруучу вирустун таасирине алсыз организмдер кабыл болушат.

Вирус жугузуп алуу жолдору абдан ар түрдүү: курт-кумурскалар чакканда тери аркылуу, оорулуунун шилекейи жана башка бөлүп чыгаруулары, аба аркылуу, тамак аркылуу, жыныстык жол менен, кан аркылуу жана башка абдан көп жолдору бар.

Жаныбарлардагы вирустар ящур, тумоо (орусча чума), кутурма ооруларын чакырып, курт-кумурскаларда — полиэдроз, грануломатоз, ал эми өсүмдүктөрдө — мозаика жалбырактарды же гүлдөрдү башка түскө боёп, жалбырактарынын куурашына, карлик болуусуна жана башка өзгөрүүлөргө алып келет, бактерияларда болсо алардын бөлүнүп жок болушунун себеби болот.

Вирус — оору козгогуч деп көбүнчөбүз айтабыз. Башынан эле вирустар оорунун козгогучтары гана деп эсептелинген. Бирок, бул кичине туура эмес. Вирустардын ооруну алып жүрбөгөн бир топ түрлөрү белгилүү. Алардын көпчүлүгү адамдын организмине киргени менен, бирок эч кандай клиникалык жактан табылуучу ооруларды козгобойт. Булар көп убакытка чейин өзүлөрүнүн кожоюн-клеткаларында эч кандай белгилерсиз жашап жүрө берет.

Вирустардын эч нерсе алдында токтобой «жок кылгычтар» аты көп жылдар бою сакталып келди. Бирок, бактерияларды жок кылуучу вирустар 1917-жылы бир убакта Францияда жана Англияда ачылганда, аларды ошол бактериялар козгоочу ооруга каршы күрөшүүчү каражат катары колдонуу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Бул вирустун аталышы «бактериофаг» (аларды дагы «фагдар» деп да аташат).

Фагдар чыныда эле адам тарабынан колго алынган биринчи вирустар десек туура болот го. Алар микродүйнөдөгү жакынкы бактерия кошуналарын тез жана аёоосуз жок кылып салышчу. Чума, карын тифи, дизентерия таякчалары, холеранын вибриондору алар менен кезиккенде тим эле кыргын салгандай жок болуп кетишчү. Бактериофагдарды көптөгөн инфекциялык ооруларды алдын алууда жана дарылоодо колдоно башташкан, бирок тилекке каршы биринчи ийгилик артынан жол болбостуктар кете баштады. Бул пробиркадагы бактерияга караганда адам организминдеги бактерияларга анча жакшы кол салбаганы болду. Андан тышкары бактериялар душманынан куу болуп чыкты, алар тез эле бактериофагдарга көнүп алып, алардын чабуулдарын сезбей калышты.

Антибиотиктердин ачылышы менен бактериофагдар экинчи планга түшүп, бирок азыркы күнгө чейин аларды бактерияларды таанып билүүдө ийгиликтүү колдонуп келишет. Анткени, фагдар өзүнүн бактерияларын абдан так таанып билип, аларды тез эле эритип жок кылышат. Бактериофагдардын мындай касиети дарылоо диагностикасынын негизин түздү. Ал мындайча болот: оорулуунун организминен алынган бактерияларды катуу азыкка бай чөйрөдө өстүрүшөт, алар өсүп-көбөйгөн соң, алардын үстүнө ар кандай бактериофагдарды куят, мисалы, дизентерияныкын, карын тифдикин, холера жана башкалардыкын. Бир суткадан кийин идишти жарыкка карашат дагы кайсы фаг бактериянын эришине алып келгенин аныкташат. Эгер мындай таасирди дизентерия бактериофагы жасаса, анда оорулуунун организминен дизентерия бактериясы алынган болот, тиф болсо тиф, холера болсо холера.

Кээде адам баласынын ден-соолугуна жаныбарларды жана курт-кумурскаларды ооруга чалдыктыруучу вирустар жардамга келет. Мындан бир нече ондогон жылдар мурун Автралия чөлкөмүндө жапайы коёндор менен күрөшүү көйгөйү курч болуп турган эле. Бул кемирүүчүлөрдү саны коркунучтуу ири көлөмдө болуп кеткен. Коёндор эгиндерди саранчадан (чегирткеден) тез жок кылып, Австралиянын чыныгы улуттук кырсыгы болгон. Коёндор менен күрөшүүнүн кадимки ыкмалары алсыз болуп жатты. Ошондо, окумуштуулар коёндордун бардыгын жок кылууга мүмкүндүгү бар атайын вирусту ойлоп чыгышты. Бирок, коркок коёндордун арасында мындай вирусту кантип таркатуу керек? Чиркейлер жардамга келди. Алар коёндон коёнго вирусту жугузуп, учуп жүрүүчү «ийнелердин» ролун аткарышты, ошону менен бирге өзүлөрү эч бир зыян тарткан эмес.

Вирустарды зыянкечтерге каршы колдонуунун ийгиликтүү көптөгөн мисалдарын келтирсе болот. Көпөлөк курту жана коңуздар кандай зыян келтирээрин баарыбыз эле билсек керек, көпөлөк курту пайдалуу өсүмдүктөрдүн жалбырактарын жейт, коңуздар болсо жыгачты, дарактарды жейт. Булар менен аталган полиэдроз жана гранулоз вирустары күрөшөт, негизи аларды пульверизатор менен чачып коюшат, ал эми чоң талааларды даарылоо үчүн учактар менен чачышат.

Клетканы бир эмес эки вирус менен жуктурса эмне болот? Көрсө клеткадагы бир вирустун болуусу башка вирустун кыйратуучу таасиринен сактайт экен. Бул кубулуш окумуштуулар тарабынан вирус интерференциясы деп аталган. Бул интерферон аттуу өзгөчө белоктун пайда болуусу менен байланыштуу, ал клеткадагы коргоочу механизмди иштете баштайт дагы вирус жана вирус эмести айырмалап, вирусту басмырлайт. Интерферон клеткадагы көпчүлүк (баарысын болбосо дагы) вирустардын көбөйүүсүн басат. Даары сыяктуу болгон интерферон азыр көптөгөн вирустук ооруларды даарылоо жана алдын алуу максатында колдонулууда.

Келечекте вирустардан дагы кандай пайдалуу иштерди күтсө болот? Келгиле божомолдоо чөйрөсүнө өтөлү. Баарынан мурда гендик инженерия жөнүндө айтып өтөлү. Вирустар клеткадагы керектүү гендерди алып, аларды башкасына өткөрүү менен окумуштууларга баа жеткис пайда алып келиши мүмкүн.

Вирустарды колдонуунун дагы бир мүмкүндүгү бар. Окумуштуулар тарабынан чычкандардын кээ бир шишиктерин тандоо менен жок кылуучу вирион (толук жетилген вирус) ачылган. Ошондой эле адамдардын шишик клеткаларын өлтүрүүчү вирустар дагы алынган. Эгер мындай вирустардын оору козгогуч касиеттерин жок кылууну үйрөнсөк жана шишиктерди өлтүрүүчү касиеттерин сактап калсак бул айыккыс ооруларды дарылоого мүмкүндүк жаратат. Ушундай касиетке ээ болгон вирустарды издөө учурда жүрүүдө, жана бул иш кандайдыр бир фантастикалык нерсе деле эмес.

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 990, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-12-21
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо